Мурманскиде курулуштан коронавирус чыкты

Белокаменкадагы жумушчулар.

Мурманск облусундагы курулушта коронавирус жайылып кетип, илдет бир миңден ашуун жумушчудан табылды.

Орусияда коронавирус жуккандар 100 миңге чамалап, эпидемиологиялык абалга байланыштуу эс алуу күндөрү 12-майга чейин узартылды. Бул күндөрү өлкөнүн түндүк-батышындагы Мурманск облусунда коронавирус 1,5 миңдей адамдан табылса, алардын миңден ашууну Белокаменка кыштагындагы «Новатэк» компаниясынын курулушунда иштеген жумушчулардан чыккан.

«Күйөөмө респиратор беришиптир. Бирок ал баарына таркатылбаптыр. Менин угушум боюнча, ал жакта эч ким дезинфекцияланбайт. Антисептик, мээлей жок, беткапты ашканага киргенде гана беришет экен. Иш шартында башкалардан обочолонууга мүмкүндүк жок. Коронавируска баарын текшербей, тандап текшерип жатышыптыр. Мисалы, күйөөм менен иштегендердин бирин да текшеришпептир», деп кайрылган Крымск шаарынын тургуну Татьяна Райлян «Азаттыктын» орус кызматына.

Татьянанын күйөөсү курулуштагы башкы жалдануучу МРТС компаниясында иштейт экен. Ал эки айлык вахтадан кайтышы керек эле. Татьянанын айтымында, курулушта коронавирус чыкканы маалым болгондо эле жумушчуларды ал аймактан чыгарууга тыюу салынган.

Инвестициялык долбоор

Белокаменка – Коль булуңундагы кичинекей кыштак. Согуш жылдары бул жакта Түндүк флотунун деңиз аскерлери үчүн окутуучу полигон уюшулуп, кийин колхоз курулган экен.

Жүзгө жетпеген тургуну бар бул кыштакта «Новатэк» компаниясы жаратылыш газын ташуучу суу үстүндөгү платформа-заводдорду 2017-жылы кура баштаган.

«Белокаменкадагы борбордун курулушунда биз 15 миң жумуш ордун түзүп, 100 миллиард рубль инвестиция салууну пландап жатабыз. Социалдык долбоорлорду, медицина менен билим берүүнү сөзсүз колдоого алабыз», деп убада берген эле компаниянын башчысы Леонид Михелсон Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибис менен эки тараптуу келишимге кол коюп жаткан кезде.

Курулушта.

Бүгүнкү күндө бул курулуш - Мурманск облусундагы стратегиялык инвестициялык долбоор. Анда Орусиянын ар бурчунан вахталык нөөмөттө иштеген жумушчулар менен борбор азиялык мигранттар эмгектенет. Айрым маалыматтарга ылайык курулуштагы 20дай компаниянын 11 миңдей жумушчусу бар.

Коронавирус 4,5 миңдей жумушчу иштеткен «Велесстрой» компаниясынын аймагында чыккан. Илдет алгач февралдын аягында Орусияга ишке келип, вирусту жугузуп алган кыргызстандыктан табылганы кабарланып жатат.

Белокаменка кыштагына кирүү же чыгуу 31-марттан тартып чектелгени менен курулуштагы жумушчулар эпидемияга каршы чара көрүлбөгөнүн айтып жатышат. Апрелдин башында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Мурманскидеги штабы жаңы жумушчулар алынып келип, бирок 14 күндүк карантин сакталбай жатканын кабарлаган.

Белокаменкада коронавирус чыкканы расмий 12-апрелде ачыкка чыккан. Анда Мурманскидеги атайын штаб аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилип, айылдар ортосунда өткөрмө пункуттар коюлганын кабарлаган. Үч күндөн кийин эле Навальныйдын штабы «Телеграм» каналда курулуштагы жумушчулар жакынкы кыштактарды азык-түлүк сатып алыш үчүн кыдырып жүргөнү жөнүндө видеолорду таркаткан.

Дагы эки күндөн кийин Өзгөчө кырдаал министрлиги курулуштун аймагында 500 орундук көчмө бейтапкана орното баштаган. «Велесстрой» компаниясы 200дөй жумушчусун Мурманскидеги «Моряк» мейманканасына, дагы 200дөйүн «Лапландия» санаторийине обсервацияга чыгарганын, дагы 500дөй адам Самара менен Екатеринбургга жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Жатакана.

Учурда курулушта иштеп жүргөндөр болсо дагы эле эпидемиологиялык чара көрүлбөй жатканын айтышууда. Николай аттуу адам «Азаттыктын» орус кызматына курулушта коронавирус жуккандар обочолонгон вагондордо жатканын айтып берген. Ал эми калган жумушчулар кадимкидей иш үстүндө.

«Балким, «Велесстрой» деген компания жумушчуларына шарт түзүп берип жаткандыр, бирок биз андайды түшүбүздө да көргөн жокпуз, - деди ал. - Камера менен сүрөттөрдө алар идеалдуулукту көрсөтүшөт, чындыгында андай эмес. Туурасы 2,5 метр, узуну 8 метрлик вагондо сегизден адам жашайт. Бул жерде кантип коронавирус жугузбайсың? Ашканага тамакка ондон адамды киргизип жатышат. Ошол эле кезде тышта калгандар топтошуп туруп алып кезек күтүшөт».

24-апрелде «Велесстрой» компаниясынын HR-менежери Максим Глотовдун аудиосу социалдык тармактарга таркаган. Аудиодо ал курулуштарда коронавирус аныкталган адамдарды деле иштетсе болоорун айтып жатканы так угулуп турат. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугун Глотов Роспотребнадзордо даярдалып жаткан токтом менен негиздеген. Кийин журналисттерге муну жумушчулар өздөрү иштөөгө суранып жатышканы менен түшүндүргөн:

«Бул жакта оору жуккандар менен жукпагандар аралаш жашайт. Мындай кырдаалда бир жерде жабык бөлмөдө отура бербей ишке сурангандар болуп жатат. Курулушту, вахталык ишти да токтотпоону өтүнгөндөр бар. Башкысы - жумушчуда вирустун симптомдору болбошу керек. Жумушка чыгарарда баарынын дене табы текшерилет».

Курулушта

27-апрелде «Велесстрой» компаниясынын басма сөз кызматы Мурманск облусунун башкы санитардык дарыгеринин чечимин жарыялады. Анда жатаканалар менен курулуш аймагы көзөмөлгө алынганы белгиленген. Ал эми Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибис курулуштан адамдарды эвакуациялоону сунуш кылган. Кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен онлайн жыйында Белокаменкадагы коронавирустун очогу басылганын айтып, ага карабай кошумча көчмө бейтапкана берүүнү өтүнгөн.

«Азыркы бейтапкана диагностикалык борбор катары иштеп жатат. Коронавирустун жайылышы азайганын көрүп жатабыз. Ошол эле кезде коркунуч бир топ - ал жакта адамдар көп», - деген Чибис.

Орусияда коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар тууралуу кабарлар расмий тастыктала элек. Апрелдин башында Санкт-Петербургдан 16 чакырым аралыктагы Новосергиевка кыштагында мигранттардын жатаканасында коронавирус жайылып, үч кабаттуу имаратты 154 жашоочусу менен күч органдары курчоого алып, карантинге жабышкан. Бирок Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча ал жакта кыргыз жарандары болгон эмес.

Ага чейин Москванын четиндеги COVID-19 клиникасынын курулушунда иштеген кыргызстандыктар мэриянын объектисинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук эрежелери сакталбай жатканы тууралуу бир нече ирет арызданышкан. Бул курулушка 10 миңге чейин жумушчу тартылган болчу. Мигранттар жашаган чатырларда эки жолу өрт чыгып, 5-апрелде бир кыргыз жараны каза болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​