Мекенинен жатыркай түшкөн мигранттар

Кыргызстанга кайтып бараткан мекендештер. Март, 2020-жыл.

Акыркы жылдары Орусияга үй-бүлөсү менен көчкөндөрдүн, өздөрү бир топ жыл миграцияда жүрүп, кийин балдарын жанына алып алган жана миграцияда баш кошкон үй-бүлөлүү мигранттардын катмары калыңдаган.

Бул мигранттар эми коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттеринен улам бул жерде балдар менен жашоо кыйла оор болуп калганын белгилешет.

Марттын аягында эки баласын Кыргызстанга салып жиберип, андан бери жолдошу менен жумушсуз отурган Аймира Бабаева буга чейин үй-бүлөнү үч бөлбөй, балдарды өздөрү карап, тарбиялоого аракет кылып, Москвага чогуу келишкенин айтат. Жай турмуш маалында өзү сулуулук салонунда, күйөөсү пицца жасаган жерде иштеп, бул үй-бүлөнүн тирилиги тың өтүп жаткан. Эми карантин алынгандан кийин деле жумуш орундары кыскарып, тапканы азаярын ойлоп, Кыргызстанга кайтууну туура көрүшкөн.

«Батир, тамак-аш, кийим-кече менен бир айлык чыгымыбыз 60 миң рублдан ашып кетет, - дейт ал. - Экөөлөп иштейли деп, бала бакканга киши алганбыз. Ага 15-20 миң рубль төлөчүбүз. Эки бала менен өзүнчө батирге чыкканбыз. Тапканыбыздын баары эле күнүмдүк тириликке кетип калды. Эми марттан бери жолдошум экөөбүз тең үйдөбүз. Миграциялык документтердин мөөнөтү, акчабыз, чыдамыбыз деле түгөндү. Эми иш башталса деле мурункудай болбойт. Ушундан көрө Кыргызстанга кайталы деп чечтик. Ал жакта жолдошумдун ата-энесинин үйү бар. Жолдошум деле кесиби боюнча иш таба алат. Мен салондо иштеп, тажрыйба топтоп алдым».

Ал эми Саматбек Алыбаев - Орусияга кыска мөөнөткө убактылуу иштегени келгендердин бири. Ал үй салууга акча топтоп алып, жаз алды менен кайтууну пландаган. Учакка билетин кармап алып, аба каттамдарынын ачылышын күтүп отурган мекендеш пандемия маалында балдарынын жанында болууну эңсеп, тынчсызданып турган кези.

«Мындай кырдаалда биринчи кезекте үй-бүлөңдү ойлоп санаага батат экенсиң, - деди маектешибиз. - Бир жарым жылдан бери бара элек болчумун. Балдарымды сагындым. Эмне болсо да үйгө барайын деп турам. Топтогон акчама күзгө чейин үйүмдү куруп бүтүрүп, кышында бир иш кылам да. Убактылуу эле келгенбиз. Биротоло деп так кесе айта албайм. Кайра дагы келип калабызбы, ким билет?».

Орусияда карантин чаралары алынгандан кийин деле туруктуу иш таап, мурункудай акча табуу кыйын болорун болжогон Азамат Мырзаев - Кыргызстанга биротоло кетип, дыйканчылык менен тирилик кылууга камынгандардын бири.

«Эми бул жакта жүргөнчө Кыргызстанга кайтып дыйкан чарба менен алек болгон туура дейм. Былтыр ноябрда келгем. Ошондон бери жакшы деле иштеген жокмун. Курулушта жүрдүм. Акча күнүгө короп кетет. Андан көрө айылга барып, жеримди карап, майда-чүйдө жумуш кылсам деле ушул тапкан акча чыгып калат. Ата-энем азыр жүгөрү, беде, картөшкө, помидор айдап коюшту. Кичүү иним аны караганга жетишпейт. Оокатым үйдө деле өтөт», - деди ал.

Кийинки айларда Кыргызстанга кетиш үчүн чек араларга агылып, аэропорттордо жана ара жолдо калып кеткен мекендештерге байланыштуу бир топ түйшүктөр жаралган. Өткөн жумада чартердик каттамдар жана автобустар менен Москвадан, Екатеринбург менен Оренбургдан миңдей кыргызстандык мекенине кайтарылды. Москвадагы элчилик мекенге кетиш үчүн миңдеген жарандар кайрылып жатканын кабарлайт.

Надырбек Сооронбаев.

Бул кезде элчиликтеги ыкчам штаб менен бирге иш алып барып, мигранттардын азыркы маанайын жакшы баамдаган коомдук ишмер Надырбек Сооронбаев бул кезде кетүүгө ашыккандардын ар биринин жүйөлүү себептери бар экенин, басымдуу бөлүгү оору-сыркоого байланыштуу эки жакка каттап жүргөндөрүн белгилейт.

Коронавируска чейин Бишкек менен Оштон Москвага бир жума ичинде эле кеминде ондой рейс болуп, эки миңдей жүргүнчү ары-бери каттап турган.

«Жалпы мекендештердин беш пайызы гана кетебиз деп турушат, - деди Надырбек Сооронбаев. - Ар биринин жүйөлүү себеби бар. «Эс алып келейин», «жөн эле кетким келип жатат» деген эч ким жок. Жакындары каза болгон, дарыланам деп келген оорукчандар көп экен. Экинчи топто - кош бойлуу, балалуу аялдар. Анан кышында иштеп, жазында айылына кайткандар бар. Алар буга чейин эле пландап, учакка билет алып, күтүп отурушкан. Мигранттардын басымдуу бөлүгү канчалык кыйналса деле сабырдуулук менен карантин чараларынын алынышын күтүп отурат. «Кыргызстанга барып, оокат кылайын», «биротоло кетем» дегендер өтө аз. Көпчүлүгү кайтаарын билип эле турат. Кыргызстанга барганда ал жакта жумуш күтүп турбаганын, ал жакта кыйынчылыктар бар экенин түшүнүп жатышат».

Коомдук ишмер Москвадагы элчиликтин иши менен диаспорадагы коомдук уюмдардын мигранттарга берген жардамын жогору баалайт.

Азыркы кезде элчилик уюштурган Москвадагы эки хостелде 200дөй кыргызстандык жашап жатат. Алар диаспорадагы ишкерлердин жана коомдук уюмдардын көмөгү, өкмөттөн бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынган азык-түлүк менен камсыздалып жатат.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттары расмий 700 миңден, расмий эмес эсеп боюнча бир миллиондон ашат.

Жамилахан Бегиева.

Москвадагы «Ала-Тоо» бирикмесинин жетекчиси Жамилахан Бегиева Кыргызстанда анча-мынча оокатын, тирилигин таштап, көпчүлүктүн шарданы менен тышка ишке агылып кеткен мигранттар кайтууга бел байлап турганы жакшы жышаан деп эсептей турганын айтты:

«Элибизде «аш көп болсо, каада көп» деген жакшы сөз бар. Анын сыңары, убагында мигранттар Кыргызстанга жөнөткөн акча туура колдонулбай, аш-тойго короп кетти. Болбосо, айыл жеринде деле мал чарбачылыкты, дыйканчылыкты өнүктүрүп алсак болот эле. Азыр айрым мигранттар жер иштетип, багбанчылык менен Орусияда иштеп тапкан акчаны өз жеринде деле табууга болорун ойлонуп жатышат. Колуна илине турган оокаты, жери бар мекендештер эми кайтат. Жеке ишкерлердин арасында деле кайткандар болот. Орус рыногунда эми атаандаштык күчөйт. Бул жакка караганда Кыргызстанда иш кылуу кирешелүү же жеңил болуп калышы мүмкүн. Бул деле жакшы. Ар бир мигрант иштеп тапкан 7 рублдин бир рублин гана Кыргызстанга жөнөтөт. Калганы бул жакта тамак-аш, турак жай, кийим кече, транспортко калып кетип жатпайбы. Муну мекендештер түшүнүшүбүз керек».

Раимкул Аттокуров.

Анткен менен Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Раимкул Аттокуров ​мигранттардын калың катмары дагы эле сабырдуулук менен Орусияда карантин чаралары алынып, эмгек рыногунун жанданышын күтүп турушканын белгиледи:

«Бир топ жылдан бери миграцияда жүргөндөр, мурунку кризистерди башынан өткөрүп, ысык-суукка көнүп калган мекендештер тынч эле отурат. Сабырдуулук менен иштин башталышын күтүп жатышат. Орусияга жакында эле келгендер кыйынчылыктарга туруштук бере албай кетүүгө камынып калышты. Кээ бирлери ызы-чуу салып чек араларга, элчиликке барганын көрдүк. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө убакыт керек. Азыр жакшы ойлонбой, көпчүлүк менен барып алган жарандарыбыз кыска убакыттын ичинде эле кайра кайтабыз дей баштайт. Мына, курулуш жанданды, кийин эле басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар иштеген тейлөө тармагы иштей баштайт. Биздин жарандар соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө, базарда, кафе-ресторандарда, транспорт сыяктуу тармактарда иштешет. Албетте, 1-1,5 жыл кыйын болот, жумуш орундары, эмгек акылары кыскарат. Бирок экономикалык каатчылыкка карабай көбү жумуш орундарын сактап калышат».

Орусиялык эксперттер чек аралар ачылары менен эмгек мигранттарынын 10 пайыздан 30 пайызга чейинки бөлүгү өз жерлерине кайтарын боолголоп турушат. Бирок мигранттардын мындай жапырт агымы тез эле токтоп, акырындык менен Орусиянын эмгек рыногуна кайрадан кайтары күтүлүүдө. Жыл башында Орусияда он миллиондой чет өлкөлүк катталса, алардын миллиондон ашуунун эмгек мигранттары түзгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​