Орусия: жарандыктан кол жууган кыргыз мигранттары

Орусияда жарандык алган чет өлкөлүктөрдүн документтери кайрадан текшериле баштады. Натыйжада жарандыкты ортомчулар аркылуу алган кыргызстандык мигранттардын орус паспорттору мыйзамсыз болуп чыккан учурлар бар.

Гүлбарчын Орусиянын жарандыгын 2010-жылы алган. Үч жылдан кийин Оренбургдагы Ленин соту «өзү тууралуу жалган маалымат жана жасалма документ берген» деген жүйө менен анын жарандыгын жоюп салган. Андан бери жумушка мыйзамдуу орношо албай, экинчи баласына чегерилген энелик пулду ала албай жүргөн келин эми орус паспортун кайрадан сот аркылуу алууга аракеттенүүдө.

Алты жылдан кийин гана паспортум жараксыз экенин билдим. Азыр эми Кыргызстанда да каттоодо жокмун.

- Орусияга 2006-жылы келгем. 2007-жылы Кыргызстанда каттоодон чыгып, 2009-жылы орус жарандыгына документ тапшырып, бир жыл дегенде алгам. Анан алты жылдан кийин гана паспортумдун жараксыз экенин билдим. Азыр эми Кыргызстанда да каттоодо жокмун. Бул жакта банкка, жумушка, нотариуска барсам - бардык жерде паспортум жараксыз болуп чыгып жатат. Же Орусияда кеңири жүрө албай же Кыргызстанга кете албай жатам. Бирок жашоом бул жакта. Эми адвокат жалдадым.

Соттун чечиминде Гүлбарчындын Кыргызстандагы жашаган жери тууралуу маалымдамасы жасалма экени жазылган. Гүлбарчын өзү жарандыкка керектүү документтерди ортомчуларга жасатканын моюнга алат.

Орусияда миграцияда жүрүп, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар жүз миңдеп саналат. Федералдык миграция кызматы 1992-2014-жылдары 516 миң кыргызстандык орус жарандыгын алганын билдирген. Андан кийинки сандар ачык айтыла элек.

Орус өкмөтү кыргызстандыктарга атайын жеңилдик бергендиктен массалык түрдө паспорт алмашуу 2003-2009-жылдарга туш келген. Москвадагы «Империя права» юридикалык мекеменин жетекчиси Ыманбек Суранчиев анда жарандыкты ортомчулар аркылуу алган кыргызстандыктардын көбүнүн орус паспорттору эми жараксыз болуп жатканын айтат.

- Кээ бир мекендештер жарандык аларда чек арага өздөрү чыгып, миграциялык картаны өздөрү жаңырткан эмес, консулдук каттоодон чыгып, тийиштүү билдирүүлөрдү жасаган эмес. Паспортту өздөрү албай эле, акчага жасатып алгандар болгон. Жада калса паспорттогу кол белгисин да текшерип жатышат.

Ыманбек Суранчиев.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулук боюнча келишим жок. Андан тышкары 2014-жылы августта Мамдума кош жарандыгын ачыкка чыгарбагандарга кылмыш жана административдик жоопкерчилик киргизген. Буга карабай эки паспортту бирдей сактап жүргөн кыргызстандыктар көп кездешет.

Юрист Ыманбек Суранчиев адамдардын мындай мыйзамсыз аракети паспорттун мөөнөтү эскиргенде же федералдык органдардын текшерүүлөрүндө билинип калып жатканын кошумчалады.

- Азыр ИИМ башкармалыктары жер-жерлерде паспорт алгандардын маалыматтарын текшерип жатышат. Биздин мекендештер ошол паспорт алган бөлүмдөргө барып, өздөрүн текшерип койсо жакшы болот. Орусиянын жарандыгын алганда Кыргызстандын жарандыгынан баш тартпай, арыз жазбай койгондор бар. Ошолордун баарын ТИМ аркылуу текшерип жатышат. Азыр эки кыргызстандыктын иштерин карап жатабыз. Өткөндө Саратовдон дагы бирөөнүн жарандыгын алып салышкан. Анын жети баласына энелик капиталы бар эле.

Орусияда адамды жарандыктан ажыратууга мыйзам чегинде бир гана негиз бар. Адам орус жарандыгын алып жатканда жалган маалымат бергени же жасалма документ тапшырганы сотто аныкталганда гана орус паспорту жараксыз болуп чыгат.

Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Мирбек Токтошев чек араны мыйзамсыз өтүү, жасалма миграциялык карта же каттоо жасатуу сыяктуу иш-аракеттердин баарын ушул мыйзам жобосуна такаса болорун түшүндүрөт.

- Орусиянын жарандык боюнча федералдык мыйзамында "өзү тууралуу жалган маалымат бергендер жарандыктан ажыратылат" деп көрсөтүлгөн. Башкысы - жарандык берилгенден кийин кайра текшерүү болуп калса бул маалыматтар анык болуп чыгышы керек. Антпесе сот аркылуу жарандык жоюлуп калат. Негизи адамдарга катталган жери боюнча соттон билдирүү жөнөтүлөт. Бирок биздин мекендештер ар кайсы жакка көчүп иштеп жүргөндүктөн, өз маалында билбей калып жатышат.

Мирбек Токтошев.

Элчиликтеги юристтин айтымында, мындай көрүнүштөргө мигранттардын расмий документтерди мамлекеттик органдардан албастан, ортомчу тараптарга кайрылып, мыйзамдан буйтап кетүү аракеттери себеп болууда.

Анткен менен орус жарандыгын алууда «жалган маалымат берген» деген жүйө менен жакында эле «Тажик эмгек мигранттары» коомдук уюмунун жетекчиси Каромат Шарипов орус паспортунан ажыратылып, Орусиядан чыгарылган. Ошондой эле Санкт-Петербургда метрону жардырган жанкечти катары айыпталган Акборжан Жалиловдун атасы, агасы жана жакын туугандары да жарандык алганда «өздөрү тууралуу жалган маалымат берген» деген негизде орус жарандыгынан жана өлкөдөн чыгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.