Орус медиасы: Бишкек тесттен өтө албай калды

Орусиялык басылмалар жума ичинде Борбор Азия чөлкөмүнүн коронавируска каршы күрөшү тууралуу бир топ макала, кабарларды жазышты.

"Кыргызстан коронавируска тесттен өтө албай калды" деп жазды «Независимая газета».

Макалада өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карабай расмий Бишкек социалдык чыңалуудан чочулап, өзгөчө абал режимин киргизбей койгону баяндалат.

COVID-19 менен күрөшүүгө эл аралык донорлор берген миллиондогон доллар каражаттын дайыны чыкпай калганы, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттардын, дары-дармектердин, оорукана жана дарыгерлердин жетишсиздиги белгиленет.

«Премьер-министр Кубатбек Боронов коомдогу нааразылыкты басуу үчүн саясатчыларды парламенттик шайлоо алдында адамдарды чогултуп, жыйын өткөрүүдөн баш тартууга чакырды. Журналисттерге позитивдүү макалаларды көбүрөөк жазууну сунуштады», - дейт басылма.

Дагы караңыз COVID-19 бийликке сынды күчөттү

«Бишкекке бир гана Москва менен Бээжин жардамга келди» деп, Орусиянын Роспотребнадзор мекемесинин кызматкерлери Ошко жөнөтүлгөнүнө, Кытайдын дем алдыруучу аппараттар менен камсыздаганына басым коюлат.

Бишкектеги саясий серепчи Марс Сариевдин пикирине таянып, «Кыргызстанда чакан жана орто бизнес кризистен чыга албай калды, чет жактан мигранттар кайтып, адамдар күнүмдүк кирешесинен кол жууп, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун рейтинги кескин түшүп кетти» деп бүтүм чыгарган макаланын автору.

«Регнум» агенттигинде "Кыргызстандын президенти ишкерлер менен медик студенттерден жардам сурады", "Кыргыз бийлиги дарыгерлердин жетишсиздигинен актана албай жатышат", "Кыргызстандык аткаминерлер санитардык-эпидемиологиялык кызматтын аянычтуу абалын кокустан билип калышты" деген өңүттөгү кабарлар жарык көрдү.

Анда президент Сооронбай Жээнбеков медициналык окуу жайлардагы студенттердин ыктыярчы топторун коронавирус менен күрөшкө чакырганы жана ишкерлерден социалдык тилектештик билдирип, дарыгерлерге жардам көрсөтүүсүн суранганы, вице-премьер-министр Аида Исмаилова санэпидем кызматынын абалына арызданып, Кыргызстандагы медициналык кризисти башка өнүккөн өлкөлөрдөгү абалга салыштырып, жайгарууга аракет жасаганы баяндалат.

Дагы караңыз Пандемияда Кыргызстандын карызы көбөйдү

Ал эми ​«Росбалт» басылмасы «​Кыргызстандын абактагы экс-президенти коронавирустан качып барып, пневмония жуктуруп алды» деп жазды. Басылма Алмазбек Атамбаевдин COVID-19га тапшырган анализдери таза чыкканы менен өпкөсү кагынып, дарыланып жатканына токтолгон.

Июндун соңунда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан.

«Бишкекте тез жардам парламент депутатына да келбейт» деп жазды EurAsia Daily басылмасы.

Анда депутат Жылдыз Мусабекова төрт-беш күндөн бери үйүндө ооруп жатканын жазган "Фейсбуктагы" посту тууралуу айтылып, депутаттын өкмөттүк «Тез жардам» менен жеке медициналык клиникалардын дарыгерлери да жардамга келбей койгонуна арызданганы белгиленет.

«Новая газета» басылмасында болсо "Экинчи толкундун канаты" деген аталыштагы баян жарык көрдү.

Макалада Борбор Азияда коронавирустун жайылышы күчөп, кошуна өлкөлөрдө карантин чаралары кайрадан киргени баяндалып, Орусия алар менен аба каттамдарын ачууга даярданып жатканы айтылат.

Дагы караңыз Борбор Азия вирусту ооздуктай албай жатат

Казакстан менен Кыргызстанда коронавирус өкмөт, парламенттен баштап мурдагы жана азыркы президенттердин айланасында аныкталып жатканы белгиленет.

Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстан чыныгы эпидемиологиялык абалды жаап-жашырып жатканы айтылып, Өзбекстандын расмий статистикасы күмөн санатып жатканына токтолот.

Жалпысынан Казакстан менен Кыргызстандагы абал бирдей каралып, кошуналарда коронавирусту медиктер эң көп жуктуруп алып жатканы, буга эки өлкө бийлиги тең дарыгерлердин өзүн айыптап жатканына басым жасалат.

Мындай кырдаалда "Москванын Борбор Азияга эшигин ачып жатканы туурабы?" деп суроо салат макаланын автору.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​