Карыя ошол элеттиктердин мал багуудагы жана күрүч өстүрүүдөгү кыйынчылыктары тууралуу жакшы билчү.
Койчу, малчы - бүгүн айылга зарыл кесип
Ысмайыл аке кесиби боюнча зоотехник болчу. Жалал-Абаддагы зооветеринария техникумун өткөн кылымдын 50-жылдарынын башында бүткөн. Атайын адабияттарда айтылганга караганда, зоотехник негизинен чарбадагы малга жем-чөптүн туура берилишине, кармоо шартына көз салар эле. Орто билимдүү адис эмгек жолун Өзгөн районундагы «Яссы» совхозунда баштап, чарбада түрдүү жооптуу кызматтарда иштеген. Ал эми Кыргызстан төбөлсүздүк алган алгачкы жылдары айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп шайланып, бир мөөнөт иштейт. Ошого 83 жаштагы карыя айыл турумушун жакшы билчү. Аксакалдан оболу айыл жериндеги малдын саны тууралуу сурадым.
- Мурунку «Яссы» совхозунун аймагындагы айыл-кыштактардагы элдин малы, тактап айта турган болсок жылкы менен кара мал, кой көбөйдү, - деди ал. - Элде, Кудага шүгүр, бардык малдын түрү бар. Азыр жайлоо жетишпей жатат. Малдын көптүгүнөн улам күзгө чейин жайлоонун чаңы чыгып кетип атат. Мурдагы совет убагында совхоздун малын кайтарган жана мал багыштын тилин билгендер элдин коюн бир короо, эки короодон кылып уюштуруп, жайлоого алып чыгып, багып атат. Кара малды да эл ошентип бактырып атат. Ар бир малчы 150дөн 200гө чейин кара мал багат. Кара малдын башына айына малчыга 350 сомдон төлөнөт. Кой жана козу үчүн ар бир башына 100 сомдон. Жылкы үчүн айына 500 сом. Чындыгында совхоз убагындагыга караганда элде азыр мал көп.
Ысмайыл аксакалдан зоотехник менен ветврачтын иштериндеги айрыма тууралуу сураганымда, кыска-нуска мындай деди:
- Зоотехниктин милдети: асыл тукум мал өстүрүү, малдын эсеп-кысабын жүргүзүү. Ал эми ветврач кесел малды дарылаш керек. Экөөнүн айырмасы ушунда эле.
Статистикалык маалыматтар боюнча, 2015-жылы Өзгөн районунда бодо мал 73 758, кой 227 210, жылкы 24 558 жана үй канаттуулары 230 899 болуптур. Буга дагы 4544 эчкини кошуш керек. 2002-жылы райондо 38,8 миң бодо мал, 117,3 миң кой, эчки, 18,7 миң жылкы, 73,1 миң үй канаттуулары болгон.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Элетте малды ким дарылайт?
Карыя-зоотехник элетте малдын туягы көбөйгөнү менен ылаңдаган малды саалгытпай бөлүп алып, карантинге коюп дарылоо деген унутулганын өкүнүч менен айткан:
- Азыр айыл өкмөтүнүн штатында зоотехник кызматы жок. Бирок ар бир айыл өкмөтүндө штат боюнча ветеринардык дарыгер бар. Ошого бир айылда бирден дипломдуу ветдарыгер бар. Алар жылда болуп жаткан жугуштуу ооруларды дарылашат: ийне сайышат, эмдөө иштерин жүргүзүшөт. Бирок дары-дармек табуу саал оор болуп, малга убагында ийне сайылбай калып, айрыкча кара күйүк, шарп, карасан деген ылаң чыгып атат. Ылаңдаган малды карантин деп, мыйзамдуу түрдө бөлүп, изоляциялоо айыл өкмөттөрүндө жок. Мурун союз маалында каерде шарп же кара күйүк чыккан болсо, шыр эле ал жерди карантинге алып, сырттан адамды да, малды да киргизчү эмес. Ошентип ооруну башка малга жугузбастан, карантин кылып, коргоп калчу эле да.
- Азыр балким андай жугуштуу ылаң жоктур?
- Жугуштуу ылаң болуп атат, чыгып да атат. Азыр, ачыгын айтканда, малдын дартын көзөмөл кылган эч ким жок. Мисалы, биздин Өзгөн районунда мал базар болот. Базар күн сайын мал базарга быягы Жалал-Абаддан, тыягы Баткенден, биягы Алай, Советтен мал келет. Малдын кесели да аралаш келип сатылат. Кесел малды ким алган болсо, ошол кишинин айылындагы малга жугузуп атат. Мурда союз убагында адистердин тастыктамасы жок, айылдык советтен каттоодон чыгарып, «сатылат» деген кагазы жок келип, базарда мал сата албайт болчу. Азыр андай кагаз менен документти эч ким сурабайт.
Малды бүгүн асылдандыруу керекпи?
Карыя-зоотехник ушу тапта малды асылдандыруу жана тукумун жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлбөгөнүн да белгилеген:
- Селекциялык иштер болгон. Койлорду жана кара малды жасалма уруктандыруу боюнча мамлекеттик станция иштечү. Мамлекеттик асыл тукум станцияларынын адистери чарбаларды урук менен камсыз кылып, ай сайын көзөмөл жүргүзүп турар эле. «Кайсы уй кайсы буканынын уругу менен куудурулду? Качан тууйт?» деп өзүнчө карточкага катталып, эсеби бар эле. Азыр андай эмес. Койлорду да жазгы туут үчүн күзүндө жайлоодон келгенден кийин, ассимилятор аркылуу жасалма куудурат эле. Бир айдын ичинде койлорду куудуруп бүтүп, совхоздогу уруктуу кочкорлорду ар бир короодогу койчумандарга бөлүп берет эле. 10-15 күндүн ичинде короодогу койлордун бүт чалалары - жасалма жол менен куудурулбаган койлор асыл тукум кочкорлордон токтоп, жакшы козуларды берет эле.
- Бүгүн малды асылдандыруу керекпи? Себеби малдын баары жеке менчик болду...
- Азыркы убакта Кыргызстанда ушул иш менен алектенген эч ким жок. Азыр «кара мал жана койлор үчүн тукумдуу малдын уругу камсыз болуп жатат» деп жогору жактагылар айтышууда. Бул ооз жүзүндө, иш жүзүндө эч нерсе жок! Жумуш болбой атат. Малдын тукумун асылдандыруу боюнча иштеген эч ким жок.
Мурда ар бир райондо мамлекетти асыл тукум станциянын бука багарлары, кочкор багарлары урук алып, чарбаларга таркатылчу.
Биз жогоруда келтирген статистикалык маалымат айтып тургандай, 2002-2015-жылдар арасында Өзгөн районундагы бодо малдын жана кой-эчкинин туягы 2 эсе, жылкынын башы 1,3 эсе, үй канаттуулары 3,1 эсе көбөйгөн. Мунун өзү «Жайыттарды кантип сакташ керек? Кантип сарамжалдуу пайдалануу зарыл?» деген суроону жаратат.
- Жайыттарды айта турган болсом, азыр алыскы жайыттарга менчик мал баккандар үчүн жетүү кыйын, - деди маектешим. - Алар алыскы жайлоолорго мал айдап кете албай жатат. Ал эми жакынкы жайлоолорду мал тебелеп-тепсеп, жеп, чаңын чыгарып жиберүүдө. Ар бир өкмөткө жайлоо бөлүнүп берген. Менимче, жайлоолордун абалын көзөмөлдөө жакшы болбой атат.
Өзгөн күрүчү менен кошо көбөйгөн чиркей
Өзгөн району тууралуу сөз кылганда, айтылуу Өзгөн күрүчү тууралуу сөз кылбай коюу дегеле мүмкүн эмес. Себеби, Өзгөн күрүчү совет заманында абдан белгилүү эле, бирок Кыргызстанда тартыш болчу. Бүгүн Өзгөн базарында күрүч тоо-тоо болуп үйүлүп жатат. Каалаган күрүчүңүздү тандап жүрүп аласыз. Совет бийлигинин убагында эмне үчүн Өзгөн күрүчү тартыш болду? Мунун жүйөсүн Ысмайыл аксакал мындай түшүндүргөн:
- Мурун союз барында ар бир чарбага эгиндин түрү боюнча план, тапшырма берилет эле. Өзгөндө күрүч себиш үчүн таштак жерлер берилчү. Ошого күрүч таштак жерлерге себилип, түшүм аз алынат эле. Биздин «Яссы» совхозунун ар бир бөлүмү өз планын аткарып, өндүрүлгөн күрүчтү ак жубазга актап, кампага тапшырат эле. Ал эми союз ыдырагандан бери күрүчтүн сорту да бузулду. Экинчиден, жалаң эгин, буудай, жүгөрү, беде өскөн жерлер көзөмөл жоктугунан шалыпая болуп кетти. Күрүч көп айдалууда. Көпчүлүк эл «кымбат, акчага өтүмдүү» деп жердин бардыгына, сапаттуу жерлерди шалыпая кылып, шалы эгип жиберди. Азыр шалы көп болгондуктан, баасы арзандап да кетти. Сорту да бузула баштады. Ушинтип Өзгөн күрүчү саал начарлап кетти.
Ысмайыл аксакал да Совет өкмөтү кыйрагандан кийин Жээренче айылында өзүнө үлүшкө тийген жерге шалы тигет. Ошондуктан турак үйлөргө жакын жерлерге күрүч өстүрүү жараткан машакат карыяга жакшы тааныш.
- Союз ыдыраганда бөлүп берилген үлүш жерге эл катары шалы эгебиз да, - деп сөзүн улаган эле ал. - Жетекчилерден «мына бу жерге мына муну эк, мынабу сортту эк» деген конкреттүү көрсөтмө болгон жок. Союз ыдыраганда совхоздор таркап, жерди үлүшкө таркаткан чакта - муну айтып коюшум керек - мен өзүм жана айыл өкмөтү болуп жүргөн Акматов Султаналы деген бир-эки актив болуп: «Айылга жакын жерге шалы эгилбеши керек. Себеби, чымын-чиркей көбөйт. Бала-чака безгек болуп ооруйт. Шалы 3 чакырым алысыраак жерге эгилсин», - деп каршы турганбыз. Ошондо Өзгөн районунун Анарбаев деген акими келип: «Эл өзү каалаган жана пулга өтүмдүү эгинди эге берет. Эге берсин!» - деп уруксат берген. Ошол чогулушка мен катышканмын. Ошондон бери эл үлүштөгү жерине каалаган эгинин эгип атат. Чиркей толуп атат. Кечинде балдар пашаканасыз жата албайт. Түнү менен чиркей талайт. Пашаканасы жоктор таланып, безгек болот.
- Мурун бул мүшкүл жок болгон экен да?
- Мурун шалы айылдан алыс, сайдын боюна эгилчү да. Жүгөрү, буудай, беде-седе эгилбей турган жана болбой турган сайларды шалыпая кылып, шалы эгише турган. Азыр эми бардык эле жерлерге шалы эгилип кетти, - деп аяктады сөзүн кызыл төгөрөк бетинде чоң көздөрү балбылдап күйгөн карыя.
Анан «келерки жылы Жээренчиге сөзсүз кел, шалы кандай өскөнүн көрсөтөм» деп сүйлөшкөнбүз. Тилекке каршы, Ысмайыл Мурзабаев аксакал демдүү-күчтүү эле жүрүп, 6-январда жүрөгү кармап, дүйнө салганын эшиттим. Ысмайыл аке мен үчүн айылдык асылзат кишилердин нагыз өкүлү эле. Менин эсимде ал киши арыкты суу жырып кетсе, сөзсүз токтоп, жыртыкты бүтөгөн, кимдир-бирөөнүн тамаркасына мал кирип кетсе чапчаң жүгүрүп барып айдап чыккан, жамандык болгон үйдөн кыйгач өтүп кете албаган санжыргалуу адам катары калды.
(Ысмайыл Мурзабаев аксакал менен интервью 2018-жылы 5-ноябрда Ош шаарында жазып алынган).