Үчилтик роман улуу акындын өмүр жолуна арналган. Чыгармада Жеңижок акындын балалык оор турмушунан тартып көзү өткөнгө чейинки турмушу кыргыз элинин XIX кылымдын экинчи жарымынан ХХ кылымдын башына чейинки тарыхы менен байланышта сүрөттөлгөн.
«Кадырман Өтө досумду…»
Жеңижок бу жалганды 58 жашында таштап кеткенде анын кадырын билген жан досу Токтогул:
Кадырман Өтө досумду
Кара бир жерге жашырдым.
Турумтай кушту качырдым,
Туура бир белди ашырдым,
Туйгунум Өтө досумду
Топуракка жашырдым.
Орошон акын Өтө эле,
Оң менен Солго тең эле,
Арыстан акын Өтө эле,
Агылган ырдын кени эле!
Айтканымча бар эле
Алтын, дилде, зар эле.
Күйгөнүмчө бар эле
Күмүш, дилде, зар эле! – деп асылынын артынан арман күйүтүн ыр кылып, жоктоого кошуп аянбай төккөн.
Дагы караңыз Сөз өнөрүнүн төрөсү төкмөлүкАкыйкатта да Жеңижок, азанда койгон аты Өтө Көкө уулу кыргыздын оң-солуна, түндүк-түштүгүнө, батыш-чыгышына таланты менен таанылган жанда жок төкмө, ошол эле учурда текстин кагазга түшүргөн жазгыч акын болгон. Жаш кезинде кадимки Нурмолдо, Эсенаманды жеңип, айтылуу Арстанбекти издеп барып анын батасын алган, Токтогул менен кадырлашкан жан дос, өз мезгилиндеги акындардын алды болгон.
Катаал турмуш анын мойнуна каргадай бала кезинде минип, ата-энесинен боконосу ката элек кезинде ажырап, жарыбаган турмуштун айынан бирөөлөрдүн коюн багып жүрүп суукка калып, андан катуу илдетке чалдыгып, табыптын айтканын жасабай анысы өтүшүп кетип азапты көп тарткан.
Жалчы болуп нан таап жүргөндө бийлиги менен мансабына дөөгүрсүгөндөрдүн казабына кабылып, андан өлбөй, бирок туулган жеринен кетүүгө мажбур болот. Иш мындай болот. Эчкилерин жайып жол боюнда отурган Өтө тура калса, жолдо жигиттери менен Эсенаалы бий үрккөн атынан кулап, айыбына оорулуу жетим баланы «ким билди кылып» жок кылууга буйрук берилет. Бийдин эки жигити кичинекей баланы өлтүргөнү далда жерге алып барышып, «айтар аманатың болсо айтып кал» дешет. Жарыбай жатып өлүмгө кетип баратканын ойлогон кичинекей бала:
Ээ, жараткан бир Алла,
Жашоо күнүм бүттүбү?
Ата-энем эрте кетти эле,
Алар мени күттүбү?
Ээ, жараткан бир Алла,
Ушинтип көздү жумамбы?
Алдагы өмүр кур болуп,
Алдыңда чөгүп турамбы?
Ээ, жараткан бир Алла,
Жаным сага садага!
Жалгасаң азыр жалгай көр,
Керектир пенде сага да!..- деп муңдуу ырды төгүп иет.
Аны көргөн тигилер «мунун колдоочусу бар» экен деп чочуп, «бул жактан качып кет» деп, жүнү тирүү өспүрүмдү бошотуп жиберишет. Жүрөгү түшкөн Өтө кыйлага өзүнө келе албай, анан «жалаңдаган желдеттер Таластан көрүп калса өлтүрүп коёт» деп эчкилерин таштап, алыс жолго чыгат. Аксыга бараткан соодагерлердин коюн айдашып таякелерине келет. Ал жерде азапты жегизген дартынан айыгып, алгач айылдагы молдодон, андан соң Намангендеги медреседен билим алып, боз улан кезинде кыз оюндарга катышып, жаштар арасында акын катары таанылат. Мына ушундай шаң-салтанаттардын биринде улуу акын кадимки Көк сулууну көрөт.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын! – деп башы байлануу сулууну сүйүп калганын жарыя айтат.
Дагы караңыз "Ар бир адамдын өзганасы болушу керек"Армандуу махабаттын алдында эки жаштын алоо сезиминен бийик чоң тоскоолдук турган. Кожоаталык Надыр байдын кызы Көксулууну аркыттык Артыкбай байдын баласына кудалап коюшкан. Өтө Нурмолдону жеңип элге Жеңижок («жеңи жок кемсел кийген жигит. Жеңижок дейсиңби? Ооба, Жеңижок!») катары таанылып калгандан кийин Сулайманкул болуштун жардамы менен сүйгөн кызын күйөөсүнөн ажыратып алган.
«Санат сөзүң сан экен...»
Өтөнүн оозунан ыр өзүнөн өзү куюлуп, анын баамына илингендин баары көркөм форма жамынып, жөнөкөй турмуштук көрүнүш түрлөнүп, кулпуруп чыга келген. Кийин Таласта айтылуу Эсенаман акынды жеңгени анын чыгармачылык өмүр жолундагы өзгөчө бир урунт учур болгон экен. Ысык-Көлгө барганда ат тизгинин буруп ооруп жаткан Арстанбек акындын үйүнө келет. Эки улуу акындын жолугушунда Эсенаман ырчынын чоо-жайын Арстанбек акын мындайча сыпаттаган:
Эсенаман эски ырчы,
Элге жаккан кески ырчы.
Жомоктун болчу молдосу,
Айтыштын болчу жоргосу.
Нуска сөзгө нар эле
Айтканында бар эле.
Кызыл тили курч эле
Ырчылардын мурчу эле.
Айтса, Көлдөгү кездешүүдө Арстанбек Жеңижоктун акындыгына чоң баа берип, акындын сынын берген.
Ырчы бала Жеңижок,
Сенде ырчылыктын кеми жок.
Ырдасаң сөзүң нар экен.
Түбү терең ор экен.
Сени менен беттешкен
Ырчылардын шору экен
Айтышкан адам кор экен.
Айт дедиң айтып калайын,
Комуз күүсүн черткенде,
Так келтире албаган,
Тайкылыгың бар экен.
Термелтип колду бош таштап
Жандырып ийип күүңдү
Жаздырган жайың бар экен.
Санат сөзүң сан экен,
Сайраган жайың бар экен.
Санжырага келгенде,
Уруулардын тарыхын
Оң, сол кыргыз канатын
Ундай элеп айтпаган
Сылтыган жерин бар экен.
Залкар эки акындын жолугушуусу минтип кысталыш чакка туш келгенин айтпайсызбы! Арстанбек акын этектеп алган оорунун азабын тартып боз үйдөн алыска чыкпай жатканда акындык даңкы кыргыз жерине кенен таанылып, келкели келип турган Жеңижок менен жолугушкан. Экөөнүн тең арманы ошол эле, улуу-кичүү акын ээрчишип эл аралап ырдашса, өнөр секисинде чер жазышса, артында канча керемет сөз калат эле. Жалгыз Жеңижок эле эмес, акындыкка талпынгандардын баарысы үчүн Арстанбек өзүнчө бир аяк-башына адам жетпес ыр-күүнүн мектеби эле, анын сабагын алыш, өнөрүн тааныш чыныгы өнөрпоздордун көктөн көксөгөн тилеги болчу. Оозун ачканда керемет саптар төгүлгөн андай акындар кылымда бир жаралат экен. Ат арытып Ысык-Көлгө барып айтылуу Арстанбектин өңүн көрүп, сөзүн угуп калганы Жеңижоктун чоң бактысы эле.
«Көк ылаачын көлдө жок…»
Мына ушул жолугушуудан кийин Жеңижок чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, 1916-жылы ак куржун толо ырларын көтөрүп алып Казанга баратып Ташкенден кайтып келген. Дүйнөлүк согуштун азабынан иши жакшы жүрүшпөй калган басмаларга заман калтылдап турган чакта барып кезекке туруп китеп чыгарышты кийинкиге калтырып, Жеңижок орто жолдон ат тизгинин бурган. Арман дүйнө, ошону менен китеп чыгаруу кийинге ооп, анан заман алмашып, 1918-жылы жайлоодо Жеңижокту жылан чагып, кыйла убакыт оорунун азабын тартып, андан айыгып, бирок жабышкан оору алып тынарын туйган акын:
Көк ылаачын көлдө жок,
Көк шумкарым төрдө жок.
Күйүттүү болбой өтүүгө
Күйөрүм,
Төрт айлык күмөн сенде жок.
Ажал жетип күн бүтсө
Алакан жайып бата кыл.
Оо, мен куруган шум Өтө
Солкулдаган тал белем!
Шорго туулган жан белем.
Алты ай жерде жатпаган
Мен өмүрү келте кар белем, - деп арылгыс арманын ырдаган.
Дагы караңыз Айтматов Жеңижок үчүн төшүн тосконАртында калчу ырын ким айтарын ойлоп кайгы жеген Жеңижок акын артында калчу көркөм мурасын жан досу Токтогулга табыштап, «көп болбосо азыраак ырымды айта жүр» деп дайындап, алышкан оорудан оңоло албай акка моюн сунган.
Жеңижок (Өтө) Көкө уулунун өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу анык кепке караганда аңызы, чындыгына караганда болжолу көбүрөөк сөздөр көп айтылып келген. Социализм заманында чыгармачылыгын жайылтууга тыюу салынган акындардын катарына кирбегени менен, Жеңижоктун ырлары мурда чыккан эмес. Кийин-кийин улуу, таасирдүу адамдардын аракети менен 1980-жылдары жарыкка чыккан. Аны арыбаган-талыбаган изилдөөчү Асанбай Жусупбеков топтоп, Чыңгыз Айтматов баш, Аман Токтогулов жыйынтык сөзүн жазып 1982-жылы чыгарган эле. Ага чейин акындын айрым ырлары жыйнактарда жарыяланган.
Элүүбай Отунчиевдин «Жеңижок» үчилтиги улуу акындын көркөм элесин таасын тартып берген чынчыл чыгарма. Романга материалдарды автор 1970-жылдардан тарта топтой баштаганын айтат. Китеп 2015-жылы чыккан.