Рахмон Рогунду өзү баштап берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажикстан коңшуларын эч убакта суусуз калтырбайт. Бул тууралуу 29-октябрда Рогун ГЭСинин плотинасын куруу иштеринин башталышына арналган салтанатта сүйлөп жатып тажик президенти Эмомали Рахмон билдирди. 335 метр бийиктикте курулуп жаткан бул объект дүйнөдөгү эң бийик плотиналардын бири болот деп пландалууда. Плотинаны куруш үчүн Вахш дарыясынын нугу өзгөртүлөт. Рогун ГЭСин куруу менен тажик бийлиги 2019-жылдан тарта өлкөдө ондогон чакан жана ири өнөр жай ишканаларын ачып, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөөдө.