Кытай роботу "бойго жеткен" сулууга айланды
Jia Jia жаңы келген келиндей сөзмөр эмес, бирок ал жайыңызды сурап, жөнөкөй суроолоруңузга элпек жооп берет жана бети тирүү адамдыкынан айырмаланбайт. Адам кейпиндеги алдагы роботтун көшөгөсүн Кытайдын Илим жана технология университетинин аалым-инженерлери былтыр апрелде ачкан болчу.
Швейцариянын дүйнөлүк финансы компаниясы - UBS 9-январда Шанхайдагы футуристтик борбордо уюштурган жыйында Jia Jia болочоктун киборгу катары көрсөтүлдү.
Роботту жасаган илимий-инженердик топтун башчысы Чен Сяопиндин (Chen Xiaoping) мерчеминде, 10 жыл арасында Jia Jia сыяктуу робот селкилер Кытайдын ресторандарында, карылар үйлөрүндө, бейтапканаларында, санаторийлерде, үй тиричилигинде жаштар пулу аз деп барбаган жумуштарда иштеп, адамдар менен кадимкидей баарлашып калат.
- Азыр эле көптөгөн улгайган курактагылар тейлөө тармагындагы жумушчу-кызматчылардын санын көбөйтүүнү талап кылышууда, - дейт Чен Сяопин.
Чен мырзанын айтымында, кесиптештери акыркы эки жылда жасалма интеллектти (AI) телчиктирүүдө көп эмгектенишкен. Ырасында эле Jia Jia аба ырайы тууралуу суроолорго кылдат жооп берип, негизги тирилик темасында баарлашып, суроо берген адамдын аял же эркек экенин үнүнөн ажырата билет.
Мисалы, Jia Jia бир мырзага: "Сиз сымбаттуу жан экенсиз" деп кулагын сүйүнтсө, башка бирөөнүн: "Жигитиңиз барбы?" деген суроосуна: "Мен жалгыз жашаганды артык көрөм" деди жылмайып.
Бул сыяктуу гуманоиддерди жасоо тез өнүгүп жатканын январдын башында Лас-Вегаста (АКШ) өткөн Эл керектөөчү электрондук товарлардын жармаңкеси да көрсөттү. Мисалы, Hanson Robotics компаниясы жасаган Альберт Эйнштейнге (1879-1955) каптап койгондой окшош робот математика жана илим темасында университеттин студенти деңгээлинде адамдар менен сүйлөшүп жатты. Деген менен берегидей жасалма интеллекттер кээде жаш бала билчү эң жөнөкөй суроолорго жооп таппай калат.
(Булагы: https://phys.org/news, http://economictimes.indiatimes.com, https://futurism.com, http://www.dailymail.co.uk)
Израилде дүйнөдөгү тунгуч футуристтик жол курула баштады
Ал жолдогу электр унаалары аккумуляторлорун жүрүп баратып эле заряддап алышат. Израилдик стартап Electroad мындай электрожолдо каттачу автобусту былтыр жайда Тель-Авивде ийгиликтүү сынаган. Электрожол этап-этап менен пайдаланууга берилет. Оболу бир багытта же маршрутта жүрчү автобустардын жолу электрофикация болот да андан кийин зымсыз заряддоо технологиясына башка улуттук жолдор кошулат.
Электрожолдо электромагниттик индукция технологиясы колдонулат. Зымсыз заряддалган смартфондор жана кайра заряддалчу тиш щёткалар да ушул принциптин негизинде иштешет.
"Биздин технологиябыз жөнөкөй, ийкемдүү жана көлөмдүү эмес. Заряддачу элементтерди жол боюна төшөө үчүн жез жана резина гана керек. Бул ишти азыркы жолдордо ыкчам бүткөрүү турган иш", – дейт компаниянын жетекчиси Орен Эзер (Oren Ezer).
Заряддачу технология же индукциондук катушка 8 см тереңге жаткырылып, бетине асфальт жаткырылат. Бир адис бир күндө жол боюндагы бир чакырымдай жолду жаңы технологияга байлап коёт. Автоунаа 24 см аралыктан зымсыз заряддалгандыктан, катушка айдоочуга жана жүргүнчүлөргө эч кандай зыян келтирбейт.
“Биз энергиянын салттуу булактарын пайдаланбайбыз. Электр кубаты толукталчу энергия булактарынан келет. Бул абдан маанилүү. Электробустун баасы 300 миң доллар чамасында турат. Анын батареясынын салмагы 5 тонна. Эгер мындай батареяны колдонбосо, автобус алда канча жеңилдеп, дагы аз энергия керектеп калат. Ошондо дизелдик автобустарга караганда чыгымы эки эсе азаят. Башкача айтканда, автобустарды кайра жабдууга жана жолдорду электрлештирүүгө кеткен чыгым тез акталат. Үнөмдөлгөн акчаны таксилерди жана трамвайларды жаңы технологияга өткөрүү үчүн пайдаланса болот”, – деп түшүндүрөт Орен Эзер.
Electroad компаниясы индуктивдик жол менен заряддоо технологиясын өнүктүрүүгө грантты Евробиримдиктин Horizon-2020 фондунан алган. Ошон үчүн берегидей жүрүп бараткан автонууларды зымсыз заряддоо технологиясы келечекте айрым Европа өлкөлөрүндө пайда болушу ажеп эмес. (Булагы: http://inhabitat.com, http://www.huffingtonpost.ca, http://israelbetweenthelines.com)
Төбөсү көктү тешкен 4800 метрлик экоимарат
Нью-Йоркто жайгашкан Arconic инновациялык компаниясы сунуш кылган концепция боюнча, берегидей имарат 4828 метр бийик болуп, абадагы түтүн жана башка зыяндуу аралашмаларды өзүнө сиңирип алып, тазалап турчу болот. Ал үчүн имараттын сырты 2004-жылы обол өндүрүштө пайда болгон EcoClean деп аталган керамикалык материал менен капталат.
Алдагы панелдин сыртындагы эмалы химиялык заттар менен толтурулган нанобөлүкчөлөрдөн турат. Нанобөлүкчөлөр жарык аркылуу суунун буусу менен биригип, зыяндуу заттарды кыйратуучу электрондорду бөлүп турат.
Мындай шаңкайган имарат модулдардан чогултулгандыктан, анын терезелерин моторлоштурулган механизмдердин жардамы менен бир мүнөткө жетип-жетпей кадимки балконго айлантып койсо болот. Имараттын элементтери 3D-принтеринде куюлуп жасалгандыктан, ал жеңил тургузулат. Материалдарды 3D принтеринде жасоо дизайнерлер менен архитекторлордун кыялындагы фантастикалык долбоорлорду чындыкка айлантууну мүмкүн кыларын айтат Arconic компаниясынын материалдар боюнча илимий жетекчиси Шерри МакКлири (Sherri McCleary).
Arconic компаниясы береги фантастикалык долбоорду өзү өткөрүп жаткан The Jetsons өнөктүгүнүн алкагында жарыя кылды. The Jetsons бул 2062-жылы болчу окуялар тууралуу 1962-жылдан баштап чыккан көп сериялуу мультфильмдин аты.
Arconic мурда учуучу автомобилдердин, автомобилдердин жарыктай жеңил тетиктерин, самолёттун аэродинамикалуу канатын жана башка кыялга сыйбас футуристтик дизайндарды иштеп чыккан.
"Имаратты функционалдык материалдар менен каптаганда эстетикасы жакшырат, техникалык тейлөөнү дагы жеңил кылат. Ошондой эле абаны булгаган уулу заттарды азайтып, айлана чөйрөгө пайда келтирет", - деп түшүндүрөт Шерри МакКлири айым.
Бул футуристтик концепцияда айтылган технология болочокто имараттарды бүгүнкүдөн да бийик кылып курганга мүмкүндүк берет. (Булагы: http://www.businessinsider.com, http://www.tctmagazine.com/ http://www.independent.co.uk)
Физзарядка жүрөктү дарттан коргоп, өмүрдү узартат
Күн сайын эртең менен көнүгүү жасап, денени чоюп, ийип туруу ден соолукка пайдалуу экенин калайык журт билет. Бирок көпчүлүк убакыт бөлүп, көнүгүү жасаганга маани бербейт.
АКШнын Мэриленд университетинин Медициналык мектебинин доценти Сьюзи Хун (Suzi Hong) жана анын коллегаларынын изилдөөсү жөнөкөй дене көнүгүүсү жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, өмүрдү узартканын көрсөттү. Алар көнүгүү жасаган адамдын булчуңдарында, жүрөк кан тамыр системасында, мээсинде кандай өзгөрүүлөр болгонуна байкоо жүргүзүлгөн: 47 киши бир аз жүгүрүп, денелерин эми ысыткандан кийин каны текшерилгенде алардын TNF-альфа белогунун концентрациясы (уюганы) 5% төмөндөгөнү аныкталган.
- Береги белок кишинин организмине микробдор менен рак шишиги жасаган чабуул менен күрөшөт. TNF-альфа белогунун концентрациясынын азаюусунун натыйжасында организмдеги сезгенүү жараяны төмөндөгөн.
Ошондуктан өзүңүздү дайыма сергек сезүү үчүн жана сасык тумоо жуктуруп албас үчүн сөзсүз эле дары ичкенге, болбосо сактанып ийне сайдырып алганга шашпаңыз. Анан да көл-шал түшүп, алыңыз кеткенче машыгып, жаныңызды кыйнабаңыз. Болгону күнүнө 20 мүнөттөн дене көнүгүүсүн жасап коюңуз. Сиз муну менен жүрөгүңүздүн, сөөктөрүңүздүн жана булчуңдарыңыздын иштөө ритмин жакшыртып, өзүңүздү оор дартка чалдыгуу мүмкүнчүлүгүнөн коргойсуз.
Ар кандай спорттук көнүгүүлөр адамдын эс-тутумун жакшыртарын, ал эми булчуңдарыңызды улам көнүктүрүп, тарсайтып чың кылсаңыз, узак жашаганга өбөлгө болорун окумуштуулардын соңку изилдөөлөрү ырастаган.
(Булагы: https://www.journals.elsevier.com, https://naked-science.ru)