"Регнум" "Кыргызстан Евробиримдик берген мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай калды" деп жазат. Макалада эки жыл мурун Европа Биримдиги Кыргызстанга 6 миңден ашуун товар түрүн бажы салыктарын төлөбөстөн Европа өлкөлөрүндө сатууга уруксат бергени баяндалат. Эми Кыргызстанда экспорттолчу товарлардын сапатын текшерүүгө курулган лабораториялар «ВСП +» программасынын ISO жана HACCP талаптарына туура келбей, жактоодон өтпөй калганы белгиленет.
Экономика министри Олег Панкратов лабораториялар Европа Биримдигинин эмес, Евразиялык Экономикалык Биримдигинин шарттарына ылайыкталып жатканын айтканы кошумчаланат.
Макаланын автору быйыл апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Бельгиядагы иш сапарында Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугуп, Кыргызстан Европанын өлкөлөрүнө экологиялык таза өндүрүм сатууга даяр экенин билдиргенин эскерет. "Анда Жээнбеков Европа менен соода-сатыкты 1 миллиард долларга чейин көтөрүүгө убада берген" деп жазат "Регнум".
"EurAsia Daily" басылмасы "Кыргызстан Кытайга газ өткөрүүдөн пайда табууну көздөп турат" деп жазат. Макалада түркмөн газын Кытайга Казакстан аркылуу эмес, Кыргызстан менен Тажикстан аркылуу өткөрүү пландалып жатканы баяндалат.
Кыргыз-тажик жерлеринде узундугу 224 чакырым газ түтүктөрү курулуп, 2022-жылы ишке кирмекчи. Бишкек менен Бээжин бул туурасында 2013-жылы макулдашканы, бирок келишимде Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондорунда Кытайдын газ түтүктөрүн өткөрүш үчүн ижара акысы так көрсөтүлбөй калганы айтылат.
Ошондой эле кыргыз өкмөтү 1,2 млрд. долларлык газ түтүктөрүн өз алдынча кура албагандыктан, бир гана жерди ижарага берип, андан жылына 75 млн. доллар киреше табууну көздөп жатканы белгиленет. Буга кошумча Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. доллар болсо, анын 1,6 миллиарды Бээжинге карыз экени эскертилет. Жалпысынан Түркмөнстан Кытайга газды экспорттоону 13 пайызга - 33,6 млрд. кубометрге чейин көтөргөнү да баяндалат.
"РИА Новости" Өзбекстан Орусия менен атомдук электр станциясын курууну макулдашканын кабарлайт. Учурда бир нече миллиарддык долбоорду ишке ашыруу планы иштелип жатканы маалымдалат. Тараптар атом энергиясын өндүрүүнү былтыр декабрда макулдашкан. Андан соң атомдук электр станциясын куруу боюнча эки жумушчу топ түзүлүп, илимий-технологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп келген. Макалага ишенсек, быйыл Ташкент атомдук энергия боюнча кадрларын Орусияда даярдай баштаган. Мындан тышкары, орусиялык "Росатом" Өзбекстандын Илимдер академиясы менен атомдук энергия өндүрүү боюнча изилдөөлөрдү баштаган.
"Независимая газета" "Дүйшөмбүнүн Рогун ГЭСин курууга акчасы түгөндү" деп жазат. Басылманын маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк менен Европа өнүктүрүү банкы ГЭСти курууга каражат бөлүүдөн баш тартышкан.
"Расмий Дүйшөмбү тез арада инвестор таппаса, эл аралык рынокко мамлекеттик баалуу кагаздарын сатыкка коюуга мажбур болот" деп жазат гезит. Макалада Кытай менен Индия Рогун ГЭСин курууга акча берүүгө шашпай турганы, Орусияны Дүйшөмбү өзү киргизбей жатканы, бир гана Сауд Арабиясына үмүт артып турганы айтылат.
Рогун ГЭСинин курулушу 3,9 млрд. долларга бааланган. Биринчи агрегаттын жыл аягында ишке кириши пландалган. Мурунтан башкы инвестор катары көрсөтүлүп келген Дүйнөлүк банк Рогун ГЭСин куруудан баш тартып, каражатын өлкөдөгү Нурек ГЭСин жаңылоого жумшоону чечкен.