Рахмон-Мирзиёев: "музду" эриткен кызматташтык

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) жана тажик лидери Эмомали Рахмон.

Өзбекстан менен Тажикстан эки өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жоюу чечимин кабыл алды. Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү алгачкы мамлекеттик сапары маалында эки өлкөнү жакындаткан 27 келишимге кол коюлду. Мирзиёев мурдагы өзбек президенти Ислам Каримов каршы болуп келген Тажикстандагы талаштуу Рогун ГЭСинин курулушун колдой турганын да ишара кылды.

Өзбек-тажик лидерлеринин Дүйшөмбүдөгү жолугушуусу ийгиликтүү болгонун эки тарап тең бир ооздон белгилешти. Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёев бири-бирин "досум", "бир тууганым" деп атап, дээрлик 20 жылдан бери топтолуп калган маселелер чечилгенин айтышты.

- Менин ардактуу досум, бир тууганым Шавкат Миромонович кызматка киришкен биринчи күндөн бери эки өлкө мамилесинин ырааттуу жана көп кырдуу өнүгүшү үчүн өзүнө көз каранды болгон бардык ишти жасады, - деп билдирди тажик лидери Эмомали Рахмон.

Мирзиёевдин 9-10-марттагы "тарыхый" деп мүнөздөлгөн мамлекеттик сапарында эки тарап 27 документке кол койду. Ага ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы виза тартиби жоюлмай болду. Бул келишим парламенттин ратификациясынан өткөндөн кийин өзбек-тажик жарандары коңшу өлкөдө 30 күнгө чейин визасы жок жүрө алышат.

Мындан тышкары эки лидер 2019-жылдын аягына чейин чек арадагы миналарды зыянсыздандырууну макулдашты. Бул миналарды өзбек тарап 1999-жылы "Өзбекстан ислам кыймылы" экстремисттик тобунун согушкерлеринен коргонуу максатында койгонун белгилеп келет. Чек арадагы миналардан тажик тараптан эле кеминде 70 киши мерт болгону кабарланган.

Рогун ГЭСинин курулушу

Эң башкысы өзбек тарап Тажикстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго, анын ичинде Рогун ГЭСинин курулушуна катышуу маселесин караштырмай болду. Рогун ГЭСин курууга маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун өкмөтү караманча-каршы болуп келген.

- Бүгүн биз ушундай келишимдерге кол койдук дейсиз... Мисалы чек ара боюнча келишим. Бул жөнүндө биздин эл канча кыялданган. Биз ата-бабалардын каалоосун гана орундаттык. Алар биздин ынтымакта жана бейкуттукта жашаганыбызды каалашмак, - деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси Каримовдун доорунда кыйла солгундап кеткен. Чек аралар жабылып, эки өлкө ортосунда аба жана темир жол каттамдары токтогон. 18 жылдан бери өзбек президенти Дүйшөмбүгө келе элек болчу.

Каримовдун ордун баскан Мирзиёевдин бул сапарында эки өлкө ортосундагы каттамдарды жандандыруу, чек арадагы 16 өткөрмө бекеттин баарын бара-бара ачуу маселеси боюнча да орток пикир табылды.

Сапардын алдында өзбек-тажик чек арасындагы кеминде 10 өткөрмө бекети ачылган эле. Ошондой эле алты жылдан ашык жабык турган, Өзбекстандын түштүгүндөгү Амузанг станциясы менен Тажикстандын Галаба темир жол бекетин байланыштырган темир жол каттамы кайра ачылаары кабарланган. Бул каттамды өзбек бийлиги 2011-жылы темир жолдо "жардыруу болду” деген жүйө менен жаап койгон эле.

Шавкат Мирзиёевдин Душанбедеги сапарынан бир көрүнүш, 9-март 2018-жыл.

Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жакынкы жылдары 500 миллион долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар деп айтты. Былтыр эки кошунанын соодасы акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө же 240 миллион долларга жеткен.

Ошентсе да өзбек-тажик чек арасын тактоо чоң көйгөй бойдон кала берүүдө. Өзбекстан менен Тажикстандын узундугу 1330 чакырымдан ашкан чек ара тилкесинин 20 пайызга чукулу дале такталбай келет.

Кантсе да Шавкат Мирзиёев бийликке келген дээрлик бир жарым жыл ичинде Борбор Азиядагы ар бир өлкөгө барып, минтип саясий макулдашууларга жетишип келди. Эми алдыда аларды ишке ашыруу милдети турат.

Аймакчы, Мирзиёевдин жана казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен 15-мартта Борбор Азия президенттери 2009-жылдан бери биринчи жолу Астанага саммитке чогулганы турушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.