Репрессия курмандыктарын актоого эмне тоскоол болууда?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеште советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Документ 1918-1953-жылдарда саясий, диний, улуттук же бшка белгилери үчүн куугунтукка алынгандарды реабилитациялоого багытталган.

Долбоордун авторлору бул сталиндик репрессиянын себептерин жана масштабын көрсөтөт жана тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирмек деп эсептешет.