Репрессия азабын сүрөткө түшүргөн чебер

Баш калаа Бишкектеги Көркөм сүрөт музейинде КРдин эл сүрөтчүсү Адылбек Байтерековдун 70 жылдык юбилейлик көргөзмөсү ачылды. Ага 45 жыл ичинде тарткан тандалма 113 эмгеги коюлган.
 

Көргөзмөгө баш баккан ар бир көрүүчү өткөн тарыхка бир кылчаят десек болот. Себеби Байтерековдун бир эмгегинен байыркы доорго тиешелүү петроглифтерди көрсөк, башка сүрөтүндө Жер бетинде сакталып калган эң байыркы монументалдык скульптура эсептелген Гизадагы Улуу Сфинксти көрөбүз. Мындан сырткары карапайым эл турмушуна арнаган бир топ картиналары, кийизден жасаган эмгектери коюлган.

Ал эми көргөзмөнүн негизги өзөгүн сталиндик репрессия темасы түзгөн экен. Анын “Эстелик үчүн сүрөт” деп аталган эмгегинде туш туурдукка жети кишинин тулку бою тартылган. Бирок андагы алты кишинин сөлөкөтү бош турат да, алардын катарында бир гана кишинин капалуу жүзү бери карап турат. Алардын артында Сталиндин портрети илинип турат.
 

Залдын кире беришиндеги сол тараптагы дубал бетинде Төрөкул Айтматовдун портрети, темир тор ичинен көрүнгөн асман тартылган. Төрөкулдун сол тарабында жубайы Нагима Абдувалиева, оң тарабында уулу, Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун портрети турат. Сүрөтчүнүн айтымында бул үч эмгек бир бүтүн нерсе.

“Репрессия тууралуу сөз кылуу чынында оор. Мен көргөзмөгө катышкан Роза Айтматованын балалыгы, атасынын тагдыры, репрессия тууралуу жазган китептерин көп окугам. Алардын биринде Таласты көздөй бараткан поездде атам үйгө келе жаткандыр деп күткөнү бар. Ал учурда атасы НКВДнын түрмөсүндө азап көрүп жаткан экен. Буларды окуганда жан дүйнөм туз куйгандай ачышкан. Ушул эс тутум искусстводо сакталып калышын каалам, ушул эмгекти тарткам. Бул эмгек “Баардык репрессиялангандарга арналат. Төрөкул Айтматов” деп аталат. Анткени репрессия курмандыктары өтө көп. 

Төрөкул Айтматовдун Нагима Абдувалиеванын портрети.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети.

Коомдук ишмер Роза Айтматова атасы Төрөкул Айтматов тартылган сүрөттү карап турат.

Көргөзмөдө сталиндик репрессияда атылган кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановго арналган да эмгек бар. Автор бул сүрөтү аркылуу Абдрахманов баштаган улут каймактары НКВДнын абагында жан чыдагыс азап көргөнүн жеткиргиси келген.

“Мен репрессия темасын дагы улантам деп ойлойм. 2021-жылы Жусуп Абдрахмановду да тарттым. Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири. Ал Казакстандагы ачачылыкта канчалаган элди сактап калган улуу адам. Ушундан кийин Москванын тилин албайт экенсиң деп анан жазага тартышты да. Мен ал тууралуу окуганда анын Маяковский, Лилия Брик, Анна Ахматова менен тааныш болуп, алар менен тең ата баарлашканын билип да таң калдым. Жусупту кийинки муун да жакшылап таанып жүрсүн деген максатта анан ушул картинамды тарткам”.

“Биздин муун репрессияны жакшы эле окуп билип, түшүнүп калганыбыз менен азыркы муун интернеттен эле билишет да. Ошондуктан ал доор буларга кинодой эле туюлат. Чынында репрессия курмандыгы болгон биздин ата-бабалар Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн түрмөдөн канчалаган жан чыдагыс азаптарды көрүштү. Булар үчүн жадагалса атайын музей түптөшүбүз керек. Репрессия курмандыктарына арналган музей мисалы Казакстанда бар. Биз да ушундай музей ачсак, анан аны көргөн жаш муун дагы да терең билип, мекенчилдик сезимдери ойгонот эле”, - дейт Адылбек Байтереков.

Республикалык, бүткүл союздук ошондой эле бир далай чет мамлекеттерде өткөн көргөзмөлөрдүн катышуучусу Адылбек Байтереков союз маалында советтик сүрөтчүлөр жогору жактын гана көргөзмөсүндө эмгек жаратып калышкандыгын, эркин темада эмгек тартуу көксөөсү союз ыдыраганда гана ишке ашканын мындайча кеп кылды:

“Союз учурундагы көргөзмөлөрдө Москва бизге буйрук кылган гана темадагы сүрөттөр коюлчу. Маселен ал эмгектер эмгекке даңк, биз жеңебиз деген ураандарга, же болбосо баланча түкүнчө сьезддерге, юбилейлик мааркелерге арналчу. Биз жалпы сүрөтчүлөр ушул темаларда гана иштечүбүз.
СССР таркагандан кийин бардык сүрөтчүлөр искусстводо өз жолун издеп кетти. Мен да ошол учурда алардын катарында өз жолумду издеп, көп жанрларга кайрылып көрдүм. 2014-жылы Москвадагы Зураб Церетели атындагы галереяда көргөзмөм өткөндө биринчи ирет кийизден жасалган эмгектерди тартууладым. Ошондо прикладдык искусствонун чеберлери бул декоративдик прикладдык искусстводо жаңылык болгонун айтышк

"Убакыт" деп аталган эмгек.

"Агама арноо" деп аталган бул картинаны чебер сүрөтчү 1982-жылы тарткан экен.

Эл сүрөтчүсү Байтерековдун чыгармачылыгы ар кыл жанрга, тематикага бай болгондугу менен айырмаланып турат.

"Эски асфальт".

Кийизден жасалган бул эмгек "Көч" деп аталат.

Көргөзмөгө келген калың эл.

Эл сүрөтчүсүнүн бул эмгеги эл турмушуна арналган.

Адылбек Байтереков, Роза Айтматова жана Азим Акматов.

Адылбек Байтереков 1953-жылы Чүй облусунун Сосновка айылында туулган. 1968-1972-жылдары Фрунзедеги Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алса, 1979-жылы Санкт-Петербург шаарындагы И.Е.Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтун бүтүргөн. Жарым кылымдык өмүрүн искусствого арнаган кыл калем ээсин калемдештери кыргыз сүрөт өнөрүнө барандуу салым кошкон талант экенин белгилешет. 
 

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эл сүрөтчүсү Адылбек Байтерековдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө живопись, графика жанрындагы 100дөн ашык сүрөттөрү коюлду. Алардын арасында кийизден жасалган эмгектер да бар. Көргөзмөдө сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган сүрөттөр дагы коюлду.