Күттүргөн романдын күрдөөлү

Репрессия курмандыктарын эскерүү.

Абдулхай Алдашев совет доорунда көмүскө кысым алдында жашап келди.

Антишке атасы Алдаш Молдонун “Замана” адабий агымынын өкүлү, реакциячыл акын катары эсептелиши себепкер болгон. Ошондон улам көңүлүнө жакын көркөм чыгармачылыктан алыстап илим жаатында иштөөгө мажбур болгон. Социализм тарыхый аренадан шыпырылып калбаса жазуучунун өкүмзор-буйрукчул система тууралуу чынчыл үчилтиги жарык көрмөк эмес.

Атанын эмгеги

Абдулхай Алдашев атасы тууралуу кийинчерээк горбачевдук “кайра куруунун” тушунда ачык айтуу мүмкүндүгүнө жетишти. Илимпоздун атасынын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндөгү “Алдаш Молдо” деген көлөмдүү макаласы 1989-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. Бул анын атасы тууралу басма сөз бетинде ачык жарыялаган эмгеги. Ага чейин Алдаш молдо жайында кеп кылуу мүмкүн эмес болчу. Тек коммунисттик идеологиянын тазалыгына камкордук көргөн айрым авторлордун жалгыз Алдаш молдо эмес, жамы “заманачыларды” катаал сынга алган макала, изилдөөлөрү кез-кези жарыяланып калчу. Ур-тепкиге алынып жаткан “заманачы” акындардын чыгармаларынын жарыяланышына тыюу салынган болчу. “Окубасам да оюмду айтам” жөрөлгөсү ал кезде ушинтип чыгып калчу.

Алдаш молдо орус колониялык заманында эле кол китеп түзүп, анын негизинде канча улутташтары сабатын ачкан. Абдулхай Алдашев атасынын эл үчүн жасаган кызматынын үлкөнү – агартуучулук демилгеси тууралуу минтип жазган:

“Алдаш Молдо өзүнүн устаты Шакир дамбылданын жолун жолдоп, мектебинде жалаң гана диний дарстарды окутпастан, Фан дарстарынан да сабак берген, маселен, эсепти төрт амалга чейин, географиянын үч бөлүгүн: жуграфия табигы (физикалык география), жуграфия ирьзи (экономогеография), жуграфия саяси (саясий география) деп өзү сабак берип турган”.

Окуу китептерден тышкары эчендеген мыкты ыр, поэмаларды жараткан улуу акын социализм заманындагы кош маданият жасалма теориясына ылайык “эл душманы” болуп калган. Совет бийлиги бекем орун-очок алып, саясий куугунтукту күчөткөн 1930-жылы Алдаш молдо каза болуп калган. А бирок анын өчүн кийин алышып, курч социалдык маселелерди козгогон чыгармалары үчүн “заманачылар” катарына кошуп, чыгармаларынын жарыяланышына, таралышына тыюу салышкан. Анын чыгармалары саясий айып тагууга маш социализм тарыхтан шыпырылып, Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин гана жарыяланды. Совет заманына чейин ал кишинин кол жазма китептери канчалаган кыргыз жаштарынын сабатын ачып, окуу китеби катары кызмат өтөгөн. Алдаш Молдо заман, карама-каршылыктуу доор тууралуу агынан жарылып “Хал заман” поэмасында баяндаган. “Ормон-Балбай” поэмасында уруулук келишпестиктин натыйжасы, жаатташкан тараптардын айынан бейчеки кыргынга учураган элдин арманы чагылдырылган. 1916-жылдын апаатын “Үркүн” поэмасында сүрөттөгөн.

Атасынын “заманачы” акындарга кошулуп калышынын залакасын баласы, жакын туугандары тарткан. Абдулхай Алдашев кандай да болсо “эл душманын” табуу аракетин жасаган жергиликтүү төбөлдөрдүн айынан өзү, жакын тууганы, кыргыздын биринчи фантаст жазуучусу 24 жашында кан майданда курман болгон Кусейин Эсенкожоев жана башка жакындары азап тартышканын үчилтик китебинде белгилеген. Ал китеп Алдашевдин коом, заман, коммунисттик системанын кандайлыгын, катаал табиятын таамай ачып берген көркөм-публицистикалык изилдөө, саясий роман. Алдаш молдо, “заманачы” акындарга кыйла жылдар жасалма, коммунисттик идеологдордун ойдон тапкан апыртмасы экендигин мезгил өзү ырастады, жарамсыз түшүнүк көз караш катары четке кагылды. А бирок ошол идеялык бир түстүү сындын айынан канча тагдырлар азап тартып, эчендер абакка салынып, эли-жерине кайтпай калышты. Отузунчу жылдары өзгөчө күчөп кеткен “эл душмандарын” табуу, күтүүсүз келген камоодон жүрөкзаада болуп калган жаштардын көбү “тынч чарбага” ооп, кыйласы жер которуп кетишке мажбур болушту. Абдулхай Алдашевдин адабиятка талпынбай, айыл чарба илимине ооп кетишинин негизги себеби мына ушул жагдайдан улам чыккан.

Тыныстановдун сабагы

Абдулхай Алдашев Бишкектеги айыл чарба институтунда окуп жүргөн чагында, агайынын тапшырмасы менен Касым Тыныстановдун үйүнө барып, айтылуу илимпоз менен аңгемелешип калганын эскерген жайы бар. Ошол жолугушууда улуу инсан он сегизде жаш уландын жарым өмүрү бекерге кеткенин, кыйла убакыт талаада калганын тамаша-чындап айткан экен. Илим менен коомдук жумушту эриш-аркак алып жүрүп, азыраак уктап көбүрөөк иштеген улуу инсандын ошол кебинен кийин Абдулхай Алдашев да убакытка сараң, болгон мүмкүнчүлүгүн илимий ишке арноону үйрөнгөнүн жазган. Студент улан менен таанымал тарыхый инсандын кездешүүсүнөн аз убакыт өтүп-өтпөй Касым Тыныстанов эл душманы катары камакка алынып, анын китептерин окууга тыюу салынган. Касым Тыныстанов Абдулхай Алдашевге атасын билерин, анын чыгармаларын жарыялоо зарылдыгын айткан экен. Бирок, ал иштин жүзөгө ашырылышына өлкөнү туташ каптаган коюу туман – саясий репрессия тоскоол болду. Айтса, ошол Касым Тыныстанов, Сакен Сейфуллиндин китептерин окутканы үчүн Түптүн Токтоян айылынан чыккан жаш мугалим Шертай Субанов камакка алынып, 12 жылга алыскы Колымага – тирүүнүн тозогуна сүргүнгө айдалган.

Коммунисттик доордо тыюу салынган чыгармалардын текши баары кийин жабыла жарыкка чыкты. Алдаш Молдонун “Хал заман”, “Ормон-Балбай”, “Үркүн” поэмалары кыргыз окурмандарынын колуна жаңы кылымда тийди. Ошондой эле акыбалга Абдулхай Алдашевдин үчилтик романы да туш келди. Роман социализм, анын ойлоп таап алган мифтери, жасалма системанын ишке ашпаган кыялдары, дурус дегидей идея жүрө-жүрө кантип жексур саясатка айланып кеткени жөнүндө. Ансыз да жүрөк үшү качып, коркуп-чочуп отурган калкты биротоло каш кайтаргыс, “кулда кулак, күңдө үн жок" деп, биротоло күнкор кылып коюу ниетинде сталиндик жетекчилик эңгезер совет өлкөсүнө кандай канабайрам салганы канчалары атылып, канчалары сүргүнгө айдалып, адам чыдагыс шартта боо түшүп кырылып жок болгону, эмне үчүн ушундай болгону чыгармада эки адамдын маеги аркылуу талдоого алынат.

Абдулхай Алдашевдин “Жертөлөдө ой толгоо”, “Казат селинде”, “Өх, бүттүкпү!” үчилтик романы башында жашырын жазылган, жакын адамдарына да билгизбей, тобокелдик кылып, чыгарына ишенбей, бирок жазылышы, айтылышы керектигине ынанып жазылган чынчыл китеп. Кыязы, жазуучуну башкалар окубаса да урпактарым окуп калар деген илгери үмүт жетелеген болуу керек.

“Анткен менен кишинин психологиясы кызык: өтө жашыруун сыр, эл биле элек жаңылык, айрыкча, ал адам тагдырынын өзөктүү, талуу жери жөнүндө болсо, жалгыз ичиңе батпай, тынч жатпай туйлай берет экен. Сырды ачуудан коркуу менен катар жарыялоону эңсөө сезими да кошо пайда болот экен”, - дейт автор китептин жазылыш тарыхына токтолуп.

Жазанын сүрү

Чындай келгенде, Орусиядан өрүш алып чыккан социалисттик революция зордук-зомбулук, саясий куугунтук, репрессия менен жашап келди. Ансыз жашай да албайт болчу. Коомдук өнүгүүнүн ырааттуу нугунан чыгып, күч менен жасалма системаны орнотуунун баасы оголе оорго турду. Сталиндик репрессия аз келгенсип, ага улай чыккан кандуу согуш миллиондорду мойсоп кетти. А.Солженицындын айтылуу “Архипелаг ГУЛАГ” көркөм изилдөө тажрыйбасында минтип сыпатталат:

“Жеке адамга сыйынуу тууралуу кеп болгондо эле 37-38-жылдарды айтып калышат. Эстегенде да ушундан башташат, ага чейин деле эч кимди отургузбагандай, андан кийин деле эч кимди камашпагандай, 37-38-жылы гана камоолор башталгандай айтышат.

Жаңылып калбайын деп чочулабастан ачык эле айтып коеюн: 37-38- жылдардын күргүштөгөн агымы жалгыз-жарым, атүгүл, негизгиси да эмес, болгону ал биздин түрмөлөрдөн чуурулуп чыккан жыты сасык чоң агымдардын бири, күрпүлдөгөн агымдарынын бири болду окшойт.

Ага чейин 29-30-жылдардын Об дарыясындай мелмилдеген кубаттуу агымы он беш миллиондой (а мүмкүн, андан көп) мужуктарды тундра менен тайга мейкинине серпип салган. Мужуктар дегениң - кеп-сөзү, кагаз менен иши жок калк, арыз же мемуар жазып алаксытпаган момун журт. Tергөөчүлөр алардын документин толтурмакка кирпик көзүн какпай түнү бою чекчейип отурушпайт, протокол жазам деп убакыт кетиришпейт - сельсоветтин токтому болсо жетиштүү. Камалгандардын үнсүз-сөзсүз толкуган агымы түбөлүк муз үстүндө чачылып, түтөбөй түгөнүп жатканын сезими оттой жанган зирек акылдуулардын бири да эстеген жок го, чиркин! Ал орустун абийирин ойгото албады. Чын-чынына келгенде, Сталиндин (биздин да) андан өткөн кылмышын табыш кыйын.

Кийинки 44-46-жылдардын агымы чалкыган Энесайды гана эске салат: бул ирет бүтүндөй улуттар менен туткунга түшүп (биздин айыбыздан) Германияга ташылып кетип, ал жерден көрбөгөнү көр болуп келген миллиондор менен миллиондорду дагы азаптуу абактардын сасык жытына ууктуруп айдап келишти го”.

Абдулхай Алдашев репрессия Кыргызстанда кандай жүргөнүн баяндап берген.

Үчилтиктин биринчиси “Жертөлөдө ой толгоо” 1997-жылы, экинчи китеби “Казат селинде”1998-жылы, ал эми жыйынтыктоочу “Өх, бүттүкпү!” 2000-жылы жарыкка чыкты. Китептин жазылышын автордун өзү минтип белгилеген:

“Билип туруп жазбай коюуга бет чыдабайт, жазып алып баарына кайыл болууга кайрат жетпейт. Кантейин! Жазылгандарым чамаданымдын түбүндө, жазылбагандарым көкүрөгүмдүн түпкүрүндө жата берсин. Балким, бир кездерде булардын да багы ачылып калгысы бардыр?! Кудайдан үмүтүмдү үзбөйүн. Yмүтсүз - шайтан деген. Макул, ошентип өзүмдү сооротоюн. Заман бир калыпта зыңкыйып катып тура бербейт да”.

Абдулхай Алдашевдин романында система кантип карапайым адамга каршы иштеп калышы, ага эмнелер себеп болгону, жаркын идеянын артына катылган жексур саясаттын пайда болушу, эң негизгиси, айланасында болуп жаткандарды андай албай, “коммунисттик капаста” калган аң-сезимдин кантип көзү ачылганы ишенимдүү көрсөтүлгөн.

“Айтор, согуштан мурдагы идеологиялык усулдарыбыз жаңыланбаса, коммунизм куруунун жаңы доктринасын иштеп чыгышпаса, жалаң эле СМЕРШтердин, НКВДнын күчтөрү менен Европадан кайткан аскерлердин ооздорун басууга күчү жетпей калат го”.

Бул маселе Сталиндин тушунда мурдагы көнүмүш ыкма менен оңой эле чечилген. Жеңиш алып келген аскерлердин көбү түрмөлөргө түшүп, 1946-жылкы Ждановдун баяндамасынан кийин көркөм адабият жаатында да куугунтук катуулап, камоолордун жаңы этабы башталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.