Камкор жетекчини жок кылган кандуу жылдар

Репрессиядан курман болгондордун "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.

Комсомолдук, партиялык ишмер Курман Камбаровдун сөөгү “Ата-Бейиттеги” 138 кайрандардын катарында 1991-жылы 30-августта кайрадан коюлган. Сталиндик кандуу жазалоо күчөп турган чакта 29 жаштагы азамат жалган айыптар менен 1938-жылы өлүм жазасына өкүм кылынган.

Билимдүүлөрдү жок кылуунун планы

30-жылдары кандуу жазалоого кабылган кыргыз интеллигенция өкүлдөрүнүн текши баары өз мезгилинин эң билимдүү жаштарынан болгон. Курман Камбаров да эртелеп билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишип, жаш кезинен жаңы коомду куруу иштерине кызуу катышкан. Ал кездеги жагдай-шартка жараша кедей үй-бүлөдөн чыкканын көрсөткөнү менен колунда бар оокаттуу кишинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн экен. Кендирди кескен жокчулук кыргыз үй-бүлөлөрүндө 1916-жылкы Үркүндө Кытайга качып барып мусапырчылыктын азап-тозогун көрүп келишкенден кийин башталган. Колунда азыноолак мал-мүлкү болгону үчүн эртелеп билим алууга шарт түзүлгөн. Ал кезде бекер билим жок, окуу акысы кадимкидей төлөнгөн. Анан ошол кездеги колониалдык орус бийлигинин кагаз иштерине жарачу адистер колунда бар кишилердин балдарынан чыккан.

Совет бийлиги башында сабаты ачылган билимдүү кадрлардын кызматын пайдаланып, кийин аларды "бай-манаптын, бий-болуштун тукуму" деп кодулай баштаган. Курман Камбаров жаңы бийликти чын дилден жактырып, карапайым калктын таламын талашчу мамлекети курууга берилип кызмат кылган. Комсомолдук, кийин партиялык кызматтарда жүргөндө колунан келишинче кыргыз жаштарынын билим алышына кам көрүп, алардын көбүнүн ичкерки шаарлардан окуп келишине жардам берген. Кыргыз эл акыны Тенти Адышеванын эскерүүсүнө караганда, ал киши кыргыз акын-жазуучулары менен өзгөчө жакын мамиледе болуптур.

Кыргызстандын Саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышеванын айтуусунда, Курман Камбаров өзү толтурган документтерде ата-энесинин кедей экендигин, комсомолдук, партиялык кандай кызматтарда иштегенин көрсөткөн.

- Чоң-Таштагы “Ата-Бейиттеги” 137 адамдын ичинен 33 кишинин документтери бизде сакталып турат, - дейт Айнагүл Табышева. - Курман Камбаровдун да документтери бар. Ал 1909-жылы Каракол шаарында төрөлгөн, ата-энеси кедей, кара жумуш кылышкан экен. 1925-жылдан 1927-жылга чейин 7 жылдык мектепте 5-класска чейин окуган. Андан кийин 1927-1929-жылдары Күрмөнтүдөгү айыл чарба техникумунда билимин уланткан. Аны аяктагандан кийин эки жыл Түп волкомкомсомолдо катчы болуп иштеген. 1931-1933-жылдары Фрунзедеги Кызыл Аскер кавалериялык полкунун политругу болуп кызмат кылган. Аскерден келип 1933-1934-жылдары Бүткүл союздук комсомолдук жаштар союзунун катчысы, 1934-1935-жылдары Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин катчысы, 1935-1936-жылдары Талас районунда Дмитриевка кыштагында облустук бүткүл союздук комсомол уюмунун катчысы болуп иштеген.

1936-жылы Коммунисттик партиянын мүчөсү болуп кабыл алынып, обкомдун катчысы болуп шайланган. Тилекке каршы, ошол кездеги катаал учурга туш келип, Курман Камбараов Кыргызстандын Эл агартуу комиссары болуп иштеп аткан кезинде "буржуазиялык улутчул" Айтматов, Жээнбаев, Булатов, Алиев деген алдыңкы уулдар менен "байланышта болгон, аларды колдогон" деген күнөө коюлуп, "комсомолдо катчы болуп турганда буржуазиялык улутчул, Жер боюнча эл комиссары болуп турган Эсенамановду коргоп, аны мактаган" деген айып коюшкан. "Комсомол катчысы болуп иштеп турган кезинде улутчул Абулфазиевди кызматка алып келген, сын пикирлерди кысымга алып турган" дешип, партиядан чыгаруу тууралуу чечим чыгарышкан. "Комсомолдо иштеп турганда Социал-туран партиясына жаштарды үгүттөп, партия катарына жаштарды алып кирген" деп айыпташкан. СССР Жогорку сотунун өкүмү менен 1938-жылы Курман Камбаров өлүм жазасына тартылган. Анкетасында орус, кыргыз, башка тилдерди мыкты билерин жазган. Аялы бар экени жазылып, бирок аты жазылган эмес. Бишкектин Дзержинский көчөсүндөгү 35-үйдө жашаган экен.

Жазуучуларга көрүлгөн комсомолдук камкордук

Курман Камбаровдун комсомолдук кызматындагы эсте калган иштеринин бири катары анын ошол кезде жаңыдан каз-каз тура баштаган улут адабиятынын өкүлдөрүнө көргөн камкордугун айтууга болот. Аны айтылуу кыргыз акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүр жолун баяндаган “Жайдын эң ысык күнү” романынын автору жазуучу Самсак Станалиевден уксак:

- Курман Камбаров 30-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын билимдүүлөрүнүн бири болгон. Жоомарт Бөкөнбаев чапчаң киши болгон, ошого кеңеш айтып, комсомолдун биринчи курултайына ошол кездеги белгилүү акын-жазуучуларды чакырткан. Чакырууну Тенти эже таркаткан. Курман Камбаров билимдүү, интеллигент, сабырдуу киши болгон. Жоомарт Оштон бул жакка качып келген. Анын Жоробеков деген досу ушу Камбаров экөө Тенти эжени Жоомартка тийүүгө макул кылдырышкан. Жоомартка ушул эки досу, анан Тукей Кекиликов абдан чоң жардам кылышкан.

Курман Камбаров өзү бай-манаптын тукуму болгон экен. Кийин репрессияланып кеткен. Бул киши партиялык жетекчи кызматтарга жарай турган билимдүү киши болгон. Ал Жоомарт Бөкөнбаевди Москвага окууга жиберген. Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларына бул киши абдан көп жардам берген. “Ленинчил жаш” гезитинин нускасы көбөйүп, 4 баракка жетишине Камбаров жардам берген. Кийин согуш маалында гезит кайра эки бет болуп калган.

1934-жылы кыргыз жазуучуларынын биринчи курултайы үч күн болгон. Токомбаев, Ташкенттен келген өкүлдөр сүйлөшкөн. Ал жерде айлык албаган дагы бир катчы Мукай Элебаев болгон. Ал кезде Токомбаевден башка бирөө да Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон эмес. Токомбаев Исакеевдин кишиси болгон. Исакеев "ким бай-манап тукуму болсо, Жазуучулар союзуна жолотпогула" деп укук берген экен. Мукай Элебаев да байдын баласы болгон. Атасы Түптө үч жолу болуштукка койгон. Акыркысында Зияш Бектеновдун атасы жеңип кеткен. Элебайдын колунда бар киши болгон, бирок Үркүндө Кытайда болуп келгенден кийин көчөдө калышкан. Кытайдан иниси экөө эле кайтып атпайбы. Анан ушундай себептерден улам бирин бири жок кыла беришкен. Жогортон "жок кылыш керек" деген план келген. 1932-жыл болуш керек. "Мынчаны атасыңар, жок кыласыңар" деп... М. Аммосов ушулардын баарын коргоп калам деп атып, акырында өзү колго түшүп берген.

1937-1938-жылкы репрессиялар аябай күчөп турган чакта Курман Камбаров катаал жазага кириптер болгон. Чоң борбордон келген жок кылуу планын аткарыш үчүн жергиликтүү коопсуздук кызматы Курман Камбаровго окшогон эч кандай күнөөсү жок инсандарды “чогуу тизмеге” киргизишкен. Ага "Социал-туран партиясынын мүчөсү", “Абдыракмановчулардын жактоочусу", "совет бийлигин кулатып, республиканы бөлүп кетүүгө аракет кылган" деп айып коюшкан. Курман Камбаровдун совет бийлигине берилип кылган кызматы ушундай бааланган.

Совет бийлиги бекем орун-очок алганга дейре социалдык жат элементтерге мамиле кыйла эле либералдуу болгон. Жаңы экономикалык саясат оор абалда калган мамлекетти кыска убактын ичинде ирдентип, жаңы бийликке ишеничти арттырган. Кийин колхоздоштуруу, баарын бир колго, борбордук бийликке топтоо, улут саясатында айдан ачык орусташтыруунун күчөшү массалык жазалоого жол ачкан.1930-жылдарга чейин Кыргызстанда болгону алты гана абак жайы болсо, 1934-жылы колониялардын саны отуздан ашкан. Жыл санап көбөйүп бараткан камак, абак жайлары толуп, “Үчилтик”, “Атайын кеңешме” тарабынан эң катаал жазага тартылгандардын сөөгү Бишкектин жогору жагындагы Чоң-Таш эс алуу борборунун жанында, Ошто Ак-Буура дарыясынын боюнда, Көлдө Тоңдун кууш жарларынын арасында жашырылган. Мындай жерлер башка аймактарда деле бир топ кездешет. Алардын баары билинбей деле калышы мүмкүн болчу, чынчыл адамдардын жардамы менен Чоң-Таштагы массалык кандуу жазалонун курмандыктары ачыкка чыгып калды. Курман Камбаровдун көмүлгөн жери арадан жарым кылым ашуун убактан кийин айкын болуп, мамлекеттик сый-урмат менен кайрадан жерге берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.