Алия Хайрова. Айыгышта өткөн өмүр

Жусупбек Эсеналиев менен Алия Хайрова балдары менен.

ГУЛАГды көрүп, кайгылуу жана катаал тагдыр жолун баштан кечирип, кыйын турмуштун бетме-бет келген азап-тозокторду унчукпай көтөрүп, узак өмүр кечирген Алия Хайрова тууралуу баян.

«Азаттык» менен «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсү Элмира Ногойбаеванын Экинчи дүйнөлүк согуш алааматын, ГУЛАГды көрүп, кайгылуу жана катаал тагдыр жолун баштан кечирип, кыйын турмуштун бетме-бет келген азап-тозокторду унчукпай көтөрүп, узак өмүр кечирген Алия Хайрова тууралуу баянын сунуш кылат. Буга чейин жашырын-жабык келген тарыхты айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз.

Тагдырдын татаалына карабай, кыйынчылыкка моюн бербей... Кайсы бир адам өмүрү жайында кеп кылганда мына ушул сөз эске түшөт. Баш ийбеген, бүгүлбөгөн бекем адамдар бар го. Аны жөнөкөй акыл, логика менен түшүндүрүү кыйын, бардыгы айыкпаган жара болуп кала берет, согуш деле аягына чыгат экен.

Алия – Волга боюндагы Царицын (кийин Сталинград, Волгоград) шаарында 1918-жылы, көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Ал кездеги мусулмандыкты бекем тутунган көпчүлүк татар кожолуктарында кыздарды бекем кармашчу. Айрымдарына баштапкы мектеп билимин берип, катуу тарбиялап, тиккенди үйрөтүп, бой жеткенде күйөөгө берип ийишчү. Алияны антишпеди. Атасы дарыгер болчу, балдарынын ичинен ушул кызын аябай жакшы көрчү. Эрке кызынын билимге шыгы билингенин байкаган соң окуусуна шарт түзүп, тоскоолдук кылбады. Алия Хайрова жети жылдык мектепти аяктап Ростов-на-Донудагы техникалык институтка кирди. Баары жакшы башталган, күйөөгө тийип, балалуу болду. Чоң ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөлүк турмуш согуш башталгыча эле созулду.

Согуш

Күйөөсү менен агасы согуштан кайтпай калышты – экөө тең учкуч эле. Анан калган бир туугандары биринин артынан бири майданга аттанышты. Согуш маалында жогорку билимдүүлөрдүн баары офицер эсептелчү. 23 жаштагы Алияны да аскерге алышты. Офицер катары кан майданда 1941-жылдын 24-июнунан тарта 1945-жылдын декабрына чейин урушта жүрдү.

Зениттик бөлүккө туш келип, зенитчилерге атчу жерди аныктап бергич болду. БМ - 13 аттуу реактивдүү артиллериялык бөлүктө кызмат өтөдү. Эл арасында бул сүрдүү машиналарды «Катюша» деп коюшчу. Согуш жаңы башталганда советтик аскерлер шашылыш артка чегинип жүрүп отурушту. Бир жолу мелмилдеп аткан кенен Кубан дарыясын кечип өтүп атышканда жээкте жалгыз аскердик курал, кадимки «Катюша» калып калат. Экипаждын бардык мүчөсү курман болуп, машина майдан талаасында калган. Алияга жоокерлери менен барып ошол «Катюшаны» жок кылуу тапшырылат. Ал кезде советтик аскерлер арасында стратегиялык объект же курал душман колуна тийип калбасын деп жардырып кетишчү. Анын үстүнө «Катюша» жаңы курал болчу, анын технологиясы жашыруун сыр катары сакталчу. Жардыргыч дары жана куралдары менен эки аскер кызматкери мелмилдеген Кубан дарыясын сүзүп өтүп, ал жерде турган аскер техникасын жок кылып артына кайтышы керек эле. Алия азыркыга чейин ошол жээги көрүнбөгөн кең дарыяны кантип сүзүп өткөнүнө ишенбей таң кала берет. Канча күн согушуп, жарадар болуп, артка чегинип баратып да алар өзү жөнүндө көп ойлошчу эмес. Азыр ошол кездеги аракет-кыймылды, эркти, кайратты жөнөкөй бир сөз менен түшүндүрүш кыйын. Мүмкүн ал узакка созулган кандуу кармаштардан кийин өзүнө келе албаган оор учур же акыры басып кирген душманды жок кылабыз деген ишеним турду беле – муну өзү деле жакшы билбейт.

Кыйла жылдардан кийин Алиянын кызы ошол кенен дарыя Кубанга барып, апасы сүзүп өткөн жерди көрөт. Жапжаш офицер апасы ошол жерде эрдик көрсөткөн. Кубан дарыясы азыр деле сүрдүү, коркунучтуу. Жапжаш кыз аны кантип сүзүп өттү экен? Бирок Алия аны сүзүп өтмөк, ал өзү да улуу дарыянын жээгинде төрөлгөн эмеспи. Сары жүздүү, көк көз кыз артынган курал-жарагы, жардыргычы менен сүзүп өтүп, буйрукту аткарып кайра артка кайткан. Чоң дарыядан эки ирет сүзүп өтүүнү элестетиш кыйын. Кандай эрк, эмне деген чыдамкайлык? Адам баарына чыдайт экен...

Жеңиштин кабарын Алия 1945-жылдын аягында, катуу жарадар болуп Будапештте госпиталда жатканда угат.

Ошол кезде анын Мекенинде үй-бүлөсү душман колунда калып, ата-энеси атылып, ач калган эки баласы ууланган эгинди жеп алып экөө тең набыт болушкан. Ууланган эгин душмандын колуна тийбеди. Сегиз бир тууган - ага-инилери, күйөөсү кан майданга кетип, баары тең кайтпай калышты, баарысы курман болушту. Жалгыз сиңдиси, анан агасынын улуу кызы гана аман калышыптыр. Алардын үйүнө бомба түшүп, урандылардын арасынан кошуналары ыйлаган наристенин үнүн угуп, казып алышыптыр. Агасынын ошол кызы Рая гана жакындарынын арасынан канабайрамдан аман калган.

1946-жыл. Стакан сүт

Алия жерине, Сталинградга кайтты. Урушка чейин иштеп кеткен эт-сүт заводуна орношту. Уруштан аскердик наам, сыйлыктары менен кайткан кызды цехтин башчысы кылып дайындашты. Анын үстүнө Алиянын техникалык институттан алган кесиби инженер-технолог болчу. Бул ишинде көпкө тура албады. 1946-жыл аябай оор болчу. Эмгекке жарамдуу калктын баары уруштан кыйрагандарды ордуна келтирүүгө киришкен чак. Колду жооруткан кара жумушта жалаң аялдар иштечү. Алиянын цехинде баласын үйүнө калтырып жумушка келчү жесир аял бар эле. Байкуштун баласы ооруп, акыбалы кыйындап бараткан. Жогортон келген буйрукка карабай боорукер Алия ошол келиндин баласына бир стакан сүт бердирткен. Ал кезде мындай ээнбаштыкка жол берилчү эмес. Заводдон бир нерсе алып чыгууга тыюу салынган. «Социалисттик менчикке суук колун салган» Алия менен тигил аялды соттоп, түрмөгө отургузушкан. Шору каткан ошол жесирдин кийинки тагдыры кандай болгонун Алия билбей калды.

Согушка катышканы, андагы сыйлыктары аёону билбес мерез 1946-жылы аны түрмөдөн сактап кала албады. Кан майдандан кайтып келген бардык аскерлердей эле Алия жеңиш кандай кыйынчылык менен келгенин, эсепсиз адам өмүрүн жалмаган оор баа төлөнүп, эңгезердей өлкөнү кыйратып келгенин жакшы билчү. Уруш эмне экенин алар көзү менен көрүп, далысы менен сезишпедиби. Майданга катышып келгендерде коркуу сезими өлүп, айныксыз ишенип алган акыйкатына акыры жетебиз деген дымакта жашачу.

Уруштан кийинки 1946-жылы кан майдандан кайткандардын жеңиш дымагы күчтүү эле. Алар жеңиш деп канчалар өмүрүн сайганын, медалдын эки бети - советтик турмуш менен капиталисттик жашоонун асман-жердей айырмасын жакшы билишчү, Батыштагы жашоонун кандай экенин көрүп калышкан. Фронттон келгендерге эч кандай сый-урмат деле көрсөтүлбөдү, тескерисинче аларды басынтканга өтүштү. Жолбашчы менен айланасындагыларды жеңишке жетип жерине кайткандардын бийик ишеними, тайманбастыгы чочулатчу. Ошол кездеги майданчыларга сталиндик катуу саясаттын себеп-жөнүн Ата Мекендик согуштун ардагери жазуучу Виктор Астафьев «Родина» журналындагы маегинде минтип түшүндүргөн: «Биринчи иретте жеңишке жетишкендер жеңилгендерден начар жашай турганын өз көзү менен көрүштү да. Капитализм өлкөсүндөгү жашоонун мыктылыгын көрүп келген жоокерлерде эркин ойлор пайда боло баштаган, ошону жок кылууга киришкен…» 1946-жылы 9-февралда шайлоо алдындагы сөзүндө Сталин советтик жыргал турмушка нааразы болгондорго мындай жооп берген: «"Жеңишти камсыз кылгандарды соттоого болбойт, сындоо туура эмес, текшерүү жарабайт" дешет. Андай болбойт да. Жеңиш алып келгендерди соттош да, сынга алыш да, текшерүү да керек, биз ошентебиз. Бул биз үчүн керек эмес, ириде ошол жеңиш апкелгендерге керек: аларды дердеңдеп кетиштен сактайт, аяк-башын карап, этият жүрчүлөр көбөйөт».

Баарын тергеп-тескеп турчу сталиндик мамлекет жеке адамдын мамлекетке көз каранды болбой, өз алдынча ээн-эркин жүрүшүн жактырчу эмес. Майдандан аскердик сый урматка бөлөнүп келгендерге да эч кандай жеңилдиктер берилбей, баары катуу кол менен кармалып турчу. Ал эми Жеңиш күнү болгон 9-Май – 1945-жылы гана бир жолу майрамдалып, андан соң 20 жыл андай күн катары эсептелбей, катардагы жумушчу күндөрдүн бири деп эсептелген.

СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун 9-майды жумушчу күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыгы (24.12.1947), кийинки майрам күн деп белгилеген жарлыгы (26.04.1965).

Согуштан кайткандарга эч кандай сый-урмат көрсөтүлбөдү. Тескерисинче алардын көбү абактарга кесилди. Алардын демин ушинтип басышты.

Алия согуш тууралуу айтчу эмес, андайды жаман көрчү. Алган сыйлыктарын эстечү да эмес. Кийин жанын койбогон неберелеринин суроолоруна жооп берип жатып кан майдандын ысык-суук аралаш күндөрүн кеп кылчу. Анда да өзү жөнүндө эмес, согушта чогуу болгон адамдар, алардын катарында кантип согушканын, кантип аман калганын айтып калчу.

ГУЛАГ

СССР НКВДсынын лагерлер менен абак жайларынын башкы башкармасы - ГУЛАГ эңгезер өлкөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан опсуз чоң түзүмү болчу. Алия алардын ичиндеги эң ирисине Нориллагга (Норил түзөтүү-эмгек лагерине) туш келген. Ал жердеги лагердин милдети жез-никел кенине жумушчуларды тартып, кенди тынбай иштетип туруу болчу. Абактагылар ири кендин ташын казуу, аны ташып келүү жумуштарын аткарышчу. Ошол шордуулардын аракети менен муз жерге Норилск шаары курулган, бүтүндөй Норилск өнөр жай аймагы негизделген. Норилскидеги абак жайларда 400 миңден ашуун адам кармалган. Ал кездеги гезит-журналдар Норилск жез-никел кени демилгечил комсомолдордун аракети менен курулганын жазып, жаштарга мактоо айтып жатчу. Иш жүзүндө курулуш камактагылардын күч-аракети менен бүткөрүлгөн.

Абактагылар негизинен саясий жалаа менен кесилгендер - РСФСР Кылмыш кодексинин 58-беренеси менен соттолгондор, кең СССРдин ар кыл аймактарынан чогулган көп улут өкүлдөрү, ал аз келгенсип чет элдиктер да толтура болчу. Алардын баары 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылгандар эле. Керелден кечке 10-12 саат иштешчү. 40 градус аязда да жумуш токтолбой, жегендери бир кесим нан, адам сөлөкөтү эле калган советтик системанын туткундары иштечү. Баарын болбогон жалаа менен соттошкон. Нориллагда Арктиканын изилдөөчүсү Николай Урванцев, тарыхчы-этнолог Лев Гумилев, советтик пионерлер салтанаттарда ырдачу «Бийик көтөр жалынды!» гимнинин автору Сергей Кайдан-Дешкин, актёр Георгий Жженов, жазуучу-фантаст Сергей Снеговдор жаза мөөнөтүн өтөшкөн.

Норилск – жер шарынын Түндүк уюлундагы шаар, бу дүйнөдөн бөлүнүп калган жер болуп эсептелет; андан миң чакырымга алыстыктагы айлана-тегерегинде бир да калктуу пункт жок. Норилск менен байланышкан бир гана Дудинка деген шаар бар. Экөө тең жабык шаарлар.

Дудинка – аябай суук шаар (жылдык орточо температурасы – 9,40 С) жер шарындагы эң түндүктө жайгашкан шаарлардын бири (69024' түндүк кеңдигинде). Азыр Дудинка –Таймыр Долган-Ненец аймагынын административдик борбору, Түндүк уюлга кирет. Аймак Таймыр жарым аралындагы Түндүк уюлда жайгашкан.

Нориллаг. 1946-жыл.

Түндүк уюлдун адам чыдагыс климаттык шарттарынан улам Норилскиге жөнөтүлчү камактагыларды алыс жолго айдап чыгардан мурун медициналык кароодон өткөрүп, ден соолугун текшеришчү. Түндүк уюлдун катаал шартында узакка чыдай албаган камактагыларды Норилскиге жөнөтүшчү эмес.

Кан майданга катышып, үй-бүлөсүнөн ажыраган байкуш Алияга да оор сыноо туш келди. Айыптуу болуп камалып, ГУЛАГ азабына туш келди, кан майдандан эчен азапты баштан кечирип аман кайткан жоокер, ата-баласы атын укпаган Түндүк уюлга, карыштырган кара суугу сөөктөн өткөн жерге, адам баласы чыдабаган кара жумушка чегерилди.

Маанайды чөгөргөн ушул аяздуу жерде саясий айып менен камалган керемет адамдар бар болчу. Алия Хайрованын көңүлүн ошолор гана көтөрчү, канчалаган жылдары ошол жерде калды. Кыйынчылыкка чөкпөгөн билимдүү адамдар эле. Арасында дүйнөгө таанымал окумуштуулар, кан майданга катышкан жоокерлер, аскер колбашчылары көп эле. Аскер башчы, офицер, офицердин кадыры деген сөздүн барк-баасына Алия ушул жерде түшүндү.

Сөөк какшатчу аяздуу аймакта ал күйөөлүү болду, ашыктык деген укмуш го, Волга боюнан келген кыз кыргыз жигитти сүйүп, мурда атын укпаса өзүн көрбөгөн Кыргызстанга, Орто Азияга келин болуп келди.

Алия менен табышкан кезде Жусупбек Эсеналиев ГУЛАГдын он жылын өтөп, артка кайтар убактысы белгисиз болчу. Анын 18 жылдык өмүрү абакта өттү. 1937-жылы Фрунзеде репрессияга туш келип, узак мөөнөткө соттолгон. Анда 27 жаштагы солкулдаган жигит, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү, жооптуу кызматта иштечү. Бир жолу өзүнүн пикирин ачык айта коём деп катаал жазага кириптер болгон. Камакка алынарда илимий-партиялык конференцияда баяндама жасамак. Чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк беришпеди, кандай кийинсе ошондой колун кайрып абакка тыгышты. Соттук «үчилтик» аны жакындарына кат жазуу укугунан ажыратып, өмүр бою түрмөгө кескен. Жусупбек өзүн айыптуу деп эсептебей, сурактарда жолдошторун саткан жок. Камактагы башка адамдар менен Жусупбек Эсеналиевди Кара-Жыгач багына атууга алып чыгышып, үчөөндө тең атылбай, камерасына тирүү кайтты. Атылгандарды ошол эле жерде чуңкурга жашырып, өлүм менен бетме-бет келип өлбөй калгандарды түрмөгө алып келишчү. Атылбай аман калган Эсеналиевди калган өмүрүн түрмөдө өткөрсүн деп түндүккө Норилскидеги уран кенине жөнөтүшкөн.

Жусупбек Эсеналиев. 1937-жыл.

Түндүк уюлдун чыкыроон суугунда катаал өкүмгө, атып өлтүрүүгө, камакка алууга карабай, эмгек лагериндеги туткунда жүрүп эки жаш табышып, муз үстүндө мөлтүр махабат бүр ачты. Алия менен Жусупбек таанышып, бирин-бири жактырышып, бири экинчисине жөлөк болуп муз жылыткан сезимдерине ишенип үй-бүлө курушат. 1950-жылы аларды, дагы бир нече адамды Норилскиден Дудинкага которушат. Таймыр жарым аралында ГУЛАГдын дагы бир түзүмү бар эле. Бул жерде артынан мылтыгын такап күзөтчү турчу эмес, камактагылар чогуу бир баракта жашашчу. Башында башкалар менен бир чатырда чогуу жатып-турушуп, кийин өздөрүнө жыгачтан бир бөлмө куруп алышат. Өз үй деген өз үй, бөлмөнү экиге бөлүп, тиричилик түтүнүн булатышат.

1951-жылы алардын тун кызы Гайша төрөлөт. ГУЛАГдын бары-жогу тосулган тикендүү абагында төрөлгөн ал кыздын боштондукка мамилеси өзгөчө эле. Анан да атасы Кыргызстан тууралуу айта берип, кичинесинен алыста калган Мекенин сагынып өсөт. «Тиги Чоң жерде сенин Кыргызстан деген Мекениң бар. Жер үстүндөгү эң кооз өлкө - сенин Кыргызстаның» - дейт атасы айткандарын кунт коюп угуп олтурган кызына. Кийин ал кимдир-бирөөнүн дубалга тартып койгон кооз жерди, анан көргөн адамдын көз жоосун алган сулуунун сүрөтүн көрөт. Кичинекей кыздын эсинде орноп калган ошол керемет сүрөт «Чоң жер» кызын күткөн Мекени болуп алыстан чакырып турду.

Гайша Эсеналиеванын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ( Дудинка шаары).

Ошол ГУЛАГда кичинекей Гайшанын балалык сезиминде алыстагы Мекенине деген сүйүүсү ойгонгон, аны аяп, чочулап, кийин жерине келгенде анын ушунчалык сулуулугуна ыраазы болуп, жерине деген балалык сүйүүсү өмүр бою калат. Арадан кыйла убакыт өтөт, анын аты өлкөсүнө тарап, чечкиндүүлүгү көпчүлүктү таңдандырат. Гайша Ибрагимова эгемен Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин койгон биринчи аял болуп калды.

Алты жашка чейин кичинекей секелек Түндүк уюлдун катаал шартында анын ар бир кадамына ыраазы ата-энеси менен улуулардын камкордугу алдында чоңойду. Секелек кызды баары жакшы көрүшчү, суук жердеги кичинекей бир аруу жан чоңоюп жаткан. ГУЛАГдын адам чыдагыс шартына, сөөктөн өткөн суукка карабай бирин-бири сүйүп калган эки жаштын махабатынан жаралган кызды баары жакшы көрүшчү. Жусупбек абактын азаптуу шартында төрөлгөн кызын ойлоп сарсанаа чеге берчү. Мамлекеттин чыккынчысы катары эсептелген саясий айып менен абакта отурган ата-эненин толгон-токой тоскоолдуктарга карабай тапкан кызынын тагдыры арасат болуп калар бекен?

Гайша Ибрагимованын балалык кези. Дудинка шаары.

Жусупбектин кийинки өмүрү абакта гана өтүп жаткандыктан боштондукка чыгарына, акыры бир күн адилеттик орношуна үмүтү жок эле. Алия антип сарсанаага батчу эмес, бошонуп калармын деген алдамчы ойдо жүрчү. Ал колу жеткен жердин баарына арыз жазып, өзүнө карата жасалган осол ишти калыс чечүүнү суранчу. Партия менен совет өкмөтүнүн адилеттигине айныксыз ишенип алган аял, эмнеликтен ошол калыс өлкөдө жапырт жазалоо, канабайрам жасалганына түшүнө алчу эмес.

1953-жылы Сталин өлүп, жалпы мунапыс жарыяланды. Нориллагдагылар үчүн бул өзүнчө сыноого айланды, себеп дегенде мунапыска саясий жүйө менен камалгандар кошулбай, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар кирип калыптыр. Лагерде башаламандык, нааразылыктар, баш ийбөөчүлүк чыгып, кайрадан атуу, жазаны күчөткөн процесс башталды. Бирок Алия менен Жусупбектин үй-бүлөсү ал азапка туш келген жок.

Жусупбек апта сайын абак эрежесине ылайык комендатурага барып каттоодон өтүп турчу. Ал күнү аны маалынан эрте чакырышты. Адатта мындай «кезексиз чакыруу» жаман бүтчү – чакырылган адамды атып салышчу же ГУЛАГдын башка түзүмүнө которушчу, андай болсо аялынан ажырамак.

- Азыр да эсимде, кичинекей кезим, бутум жерге жетпей керебетте отурам. Апам бир түйүнчөк берип атамды ыйлап узатып калып калды. (Гайша Жусупбековна Ибрагимованын эскерүүсүнөн).

Жусупбек комендатурадан жакшы кабар алып сүйүнүп келди - Алия экөөнө мунапыс беришиптир. Анын каттары жеткен экен, арызы каралып, мунапыс берилиптир. Алия менен Жусупбек Сталин өлгөндөн кийин 1953-жылы Дудинкада биринчи мунапыска жеткендерден эле. Үй-бүлө Кыргызстанга кетүүгө даярдана баштады.

Кыргызстан

Алар Фрунзеге келишти. Жолдун узактыгына карабай Жусупбек Москвага токтоп, толук мунапыска чыккандыгы тууралуу документтерин толтуруп, партияга мүчөлүгүн калыбына келтирди. Алия Волгоград атын алган шаарындагы үйүнө барып, жетим калган сиңдиси Раяны да Кыргызстанга алып келет.

Үй-бүлө. 1961-жыл.

Турмуш эми нугуна түшүп, баары калыбына келиши керек эле. Кыргызстанда Жусупбек менен Алия дагы эки кыздуу болушту. Сагын менен Гүлжамал төрөлдү. Туулган жерине келгенден кийин Жусупбектин ден соолугу начарлап, абалы оорлошту. 18 жыл ГУЛАГ, шахта менен кендердеги адам чыдагыс азаптардын залакасы жанын кыйнап, күн санап күчөп баратты. Түндүк уюлдан саратаны кайнаган Орто Азияга келүү мурда эле башталган ооруну – өпкөнүн сезгенишин күчөтүп, өмүрдүн ичер суусу түгөнө баштаган.

Жусупбек Эсеналиев Фрунзеге толук акталып, эчен жыл басмырланган укугу калыбына келтирилип кайткан. Келсе бул жерде баарысы башкача. Түндүктүн так уюлунда, адам чыдагыс жердеги эмгек лагеринде болуп келди, көрбөгөн азапты көрдү. Бул жерде айыпка жыгылбай Фрунзеде калгандар эл үчүн бел чечпей иштеп, партия менен өкмөт ал үчүн баарын жасагандыр деп ойлогон. Иш жүзүндө тескерисинче чыкты. Мансапка чиренген, өлүү дүйнөгө берилген, жогорку кызмат ордун ээлеш үчүн атаандашынын артына суу куйгандар көбөйүп кетиптир. Чоң борбор алдында жүгүнгөн бийлик ээлери көксөгөн кызматына жетиш үчүн бирин-бири сатып, ал үчүн ыплас иштен деле жийиркенбей калышыптыр. Ишенген жериндеги ушундай былыктарды көргөндөн кийин Жусупбек Эсеналиевдин ансыз деле күчөп бараткан оорусу токтобой, кара жаны менен алек болуп калды. Боштондукка чыгып, туулган жерине келгенден кийин Жусупбек Эсеналиев беш жыл гана өмүр сүрдү.

Алиянын башына төрт баласы менен жашаганга үйү жок, жээрге тамагы жок, жесирликтин азабы кошулду. Жусупбек өлгөндөн кийин буга чейин алар жашап турган кызматтык квартирасын тартып алышты. Алияны эч жерге ишке албай коюшту. Мындай адилетсиздикке чыдабаган Алия кайрадан кагаз, калемин алып партиянын Борбордук комитетине каттарды жаза баштады. Эрикпей издеп отуруп өзүнө жумуш тапты - аны «Октябрдын 40 жылдыгы» фабрикасына ишке алышты. Москвага, КПСС БКга жазган каты жетип, ага Фрунзенин №3 кичирайонунан фабриканын атынан үч бөлмөлүү квартира беришти. Беш жылдан бери үйдөн-үйгө көчүү токтолуп алар өзүнчө жайлуу болушту.

Ал арада эжеси туулган жерине Волга боюна келүүгө чакырды, бирок Алия макул болгон жок.

«Кыздарым ушул жерде, Кыргызстанда жашашы керек. Бул жер алардын Мекени. Алар атасынын кызы, кыргыздар. Ал жакта жат болуп калышат» деп кыздарына да кичинесинен кулагына куюп айтып келди.

Жумушта эки кезмет менен иштеди, бош убактысы болуп калса кыздарын театрга же музейге алып барчу, үйдө китеп окушчу. Кыздарынын баары жогорку билимдүү болушту. Алия үчүн бул принципиалдуу маселе эле. Бир жолу Фрунзедеги туугандары «Гайша окубай апасына жардам берип иштесин» дегенде аларды кагып, макул болбой койгон. Бул үйдө билим баарынан жогору деп эсептелет. Азыр деле ошондой.

Гайша Ибрагимова.

СССР кулап, Кыргызстан эгемендикке жетишкенде анын кыздары республикада биринчи болуп «Илим» билим берүү комплексин негиздешет. Биринчи менчик билим мекемеси, билим берүүнүн деңгээлин бийикке көтөрүп, жеке менчик менен мамлекеттик билим мекемелеринин атаандашы болуп чыга келет. Гайша ал мекемеге социалдык жана бизнес механизмдерин киргизет, гуманитардык принциптерди жайылтат, жаңы технологияларды колдонот, мунун баары азыр «Мектеп» деген ат менен белгилүү. Жашоону сүйгөн, эркиндикти баарынан жогору койгон, Кыргызстанды сүйгөн кыз Алия менен Жусупбектин туңгуч перзенти өлкөсүнүн өрүш алып өнүгүшү үчүн иштейт.

Үй-бүлө.

Ошол үч кыздан төрөлгөн 8 небере, алардан тараган 17 чөбөрө бар. Таенеси Алиянын тоюна 30дан ашуун урпактары чогулат. Алия апа кандай сулуу жана күчтүү зайып?! Ушул балдардын апаларын, чоң энелерин кандай мээнет менен эрезеге жеткирди! Алия ападан тамырлап чыккан чүрпөлөрү да тамырын улап, Жусупбек атанын балдары көбөйүп баратат. Алия апа алардын баарына көлөкө болуп берди, бийик чынар теректи эш тутуп жаңы муун жашап жатат.

94 жашка чыкканда ал кыздарына акырын гана: «Мен да чарчадым, жаным жер тартып турат, кетейин эми» деди. Ошентип узап кете берди.

Алия апа кылым жашады. Канчалаган каршылыктар болду, моюн бербеди. Бирок адам канчалык кайраттуу болбосун ичер суусу түгөнгөндө турмуш өзү өлүм ак экендигин даңазалайт тура.

Элмира Ногойбаева, «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсү

Которгон Бекташ Шамшиев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.