Белоцкий: «Кыргызстанга көп кыянат кылышты»

Сталиндик репрессия курмандыктарынын эстелиги.

Морис Белоцкий ВКП(б) кыргыз обкомун 1933-1937-жылдары жетектеген.

Сталиндик репрессия аябай күчөгөн жылы кызматтан алынып, эл душманы катары 15 жылга кесилген. 1944-жылы түрмөдө каза болгон.

Көчө тентеги

Морис Львович Белоцкий, революциячыл каймана аты «Черный», 1895-жылы мурдагы Киев губерниясынын Липовец шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы адвокат болгон. 1909-жылы Липовец шаарындагы гимназияны аяктаган. Окууну бүтүп ылайыктуу жумуш таба албай байлардын балдарына сабак үйрөтүп, анан шаардагы азык-түлүк башкармалыгында катчы болуп, 1917-1918-жылдары көчө таптап жүрүп калган кези да болгон. Ошол кезде петлюрачылардын камагына түшүп чыкканы айтылат. Ал кезде анархисттерге кошулуп, алардын идеясын колдоп жүргөн. Анархиячылар жакшы бийлик башаламандыктан кийин келет, толгон-токой карама-каршылык, келишпестиктен ортомчу идея оргуп чыгат деп эсептешкен.

Киевге жакын чакан шаарда ошол кездеги саясий кыймылдардын кыйласы бар эле. Орусияда монархиялык башкаруунун шайы кетип, өлкө ар кыл саясий кыймылдарга толуп, «Мындан ары кандай жашоо керек?» деген суроого келгенде жаштар арасында бири экинчисине коошпогон пикирлер чыгып турган. Морис Белоцкий да ошондой кыймылдардын бир тобуна кошулуп, кээ бирине жан тартып, бирок уламдан-улам күчөп бараткан большевиктердин катарына кошулган. Тактап айтканда 1918-жылдын августунда большевиктердин катарын толуктаган. Ошондон кийин анын партиялык кызматы жогорулай баштаган. 1919-жылдын мартынан августуна чейин Киев губерниясындагы Липовец шаарында партиянын үйөздүк комитетинин катчысы, ревкому болуп иштеген. Анан 1919-жылдын августунан тартып №12 армиянын 58-дивизиясынын саясий кызматкери болуп дайындалган.

Дагы караңыз Мамыркандын урпактары: Үркүн менен репрессия

1920-жылдан тартып кайра партиялык ишке чегерилип, Киев губерниясындагы Уман шаарынын партиялык үйөздүк комитетинин катчысы, анан май айынан сентябрга чейин №1 Атчандар аскеринин саясий башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, бөлүм башчысы, андан соң эки жыл №11 кавалериялык дивизиянын комиссары болуп кызмат кылган. 1922-жылдын октябрынан кийинки жылдын июлуна чейин Жумушчу-дыйкан кызыл аскеринин Москвадагы аскер академиясынын угуучусу болгон. Академияны Белоцкий толук аяктай элегинде эле академияга окутуучу, академия жетекчисинин жардамчысы болуп дайындалган.

Морис Белоцкийдин өмүр баянына баам таштаган адам анын партиялык, аскердик кызматты эриш-аркак ала жүргөнүн, дайындалган жумушун так аткарып, ошондон улам аны эң керектүү, зарыл деген жерлерге ар кыл кызматтарга дайындашканын баамдаса болот. Морис Белоцкийдин аты Врангел менен болгон кармашта, кийин совет-польша урушунда көпчүлүккө таанымал болгон. Кармаштарда кара башын калкалабаган эр жүрөк командир экенин көрсөткөн. Анын аскердик тажрыйбасы 1921-жылы Кронштадттагы матростордун көтөрүлүшүн басууда көрүнгөн. Бул кезде ал №79 аскер бригадасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, большевиктер бийлигинин ишенген аскер жетекчилеринин бири болуп калган. Уруштарда көрсөткөн эрдиги үчүн эки ирет «Кызыл Туу» орденине татыган.

1924-жылы майда Белоцкий аскердик окуу жайдан бошотулуп, жарандык иштерге чектелген. Академиядан аз өтпөй Морис Белоцкий Бухара элдик советтик республикасынын Термез шаарындагы башкы консулу болуп дайындалган. Ал учур совет бийлиги Орто Азияга бекем орун-очок ала элек, таасирдүү саясий күчтөрдүн көбү өз алдынчалыкка ыктап турган кез эле. Большевиктер башында турган түрк республикаларын жалпы бир автономияга кошуп, баш калаа Ташкентте совет бийлигин Чыгыш эмгекчилерине жайылтуу аракеттерин жасап турган учур болчу. Бухара эмирлигинин ордуна элдик республика түзүлүп, Москва элчи катары Морис Белоцкийди Термезге жөнөткөн. Анын Орто Азия менен таанышуусу ошентип Термез шаарынан башталган. Бирок бул жерде жарым жылдай иштеп-иштебей туруп Морис Белоцкий 1925-жылдан тарта ВКП(б) Рязань облусунун Скопинск шаардык партия комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. Бул кызматта ал беш жылга жакын иштеген.

Дагы караңыз Агартуучунун армандуу тагдыры

1930-жылы ВКП(б)нын Түндүк Кавказ крайлык комитетинде инструктор, анан аз убакыт Украинанын Донецк округдук комитетине жооптуу катчы болуп дайындалган. 1930-жылы ВКП(б) Түндүк Осетия обкомунун биринчи катчысы болуп эки жылга жакын иштеген. 1932-жылы Москвада ВКП(б) БКнын алдындагы кыска мөөнөттүү Марксизм-ленинизм курсун аяктап, бир аз убакыт «Осовиахимдин» (Общество содействия обороне, авиационному и химическому строительству деген сөздүн кыскартылганы) төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ушундай аталыштагы коомдук уюм жаштарды Мекенин коргоого даярдачу.

Кыргызстандагы беш жыл

1933-жылдын сентябрынан 1937-жылдын мартына чейин Морис Белоцкий ВКП(б) кыргыз обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген. Фрунзе шаарынын Лагерная көчөсүндөгү №50 үйдө жашаган. 1937-жылдын 9-июлунда «эл душмандарына» жан тартканы, байланышта болгону үчүн деп партиядан чыгарылып, үй-бүлөсү менен камакка алынган. Орто Азия аскер округунун Аскер трибуналы 1940-жылы Морис Белоцкийди РСФСРдин Кылмыш кодексинин 58-беренеси боюнча 15 жылга түрмөгө кескен. Аскер соту аны мамлекеттик сыйлыктарынын бардыгынан ажыраткан.

1940-жылы Морис Белоцкий түрмөдөн досу Климент Ворошиловго кат жазып, ишенимдүү кишилерден бердирткен. Анда минтип жазган:

«Менден үч бала калды. Алардын апасы (Кыргызстандагы биринчи учкуч) да түрмөдө отурат. Сиз мени көптөн бери, 23 жашымдан жакшы билесиз. Өз колуңуз менен эки ирет «Кызыл туу» орденин тапшыргансыз. Ошол кездерди эстеп менин балдарыма көз салып коюуңузду суранам. Алардын эч кандай күнөөсү жок го. Анан да эң башкысы, колуңуздан келсе Кыргызстанга жардам кылыңыз, ал өзү кичинекей, жүүнү бош республика, ага көп кыянаттык кылышты».

Дагы караңыз Өтүкчүнүн уулу

1944-жылы Орусиянын мурдагы Калинин, азыркы Тверь облусундагы Вышний Волочек шаарындагы түрмөдө каза тапкан. Бир нече жолку партиялык курултайлардын делегаты, СССР Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү, жарандык согуштун, партиялык кызматтын көрүнүктүү өкүлү болгон адамдын жарым кылымга жетпеген өмүрү ошентип катаал шарттагы түрмөдө аягына чыккан. СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясы 1955-жылдын 28-сентябрында аны актаган. СССР Жогорку советинин президиуму анын сыйлыктарын кайтарып берген.

ВКП(б)нын жети партиялык комитетин жетектеп, СССРдин бир топ аймактарында иштеген саясий кызматкердин эмгеги тууралуу ар кыл пикирлерди угууга болот. Маселен, Кыргызстан Компартиясын чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев Морис Белоцкий республикада «эл душмандарын» жок кылууга кызыкчылыгы болгонун, анын айгагы менен бир топ партиялык, советтик кызматкерлер жок кылынганын белгилеген.

«ВКП(б) Кыргыз обкомун жетектей баштаган биринчи күндөн тартып Белоцкий улуттук кадрларга карата эч кандай негизделбеген, абдан катаал саясат жүргүзгөн. Ал «кысмалоодон коркпош керек» деген саясатты колдоп чыккан. Аны турмушка ашыруу кыргыз эли үчүн опсуз трагедияга айланды – жаңыдан көтөрүлүп келаткан жаш кадрлары жок кылынган. Ал «кыргызчылык» дегенди, кыргыз калкын кордогон жараянды баштаган. Белоцкийдин оюнда кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын баары «кыргызчылык» болгон. Мына ушул «эскинин калдыгы» менен кыргыз кадрлардын баары, бардык коммунисттер «ооруп» калышкан.

Документтер ырастагандай, Кыргызстанга келери менен Белоцкий ВКП(б) Кыргыз обкомунун бюросунун ичинде өзү менен кошо алып келген, ага аябай берилген адамдардан өзгөчө бюро түзүп, анын ичинде абдан жакын адамдары, мисалы, аялы Лордкипанидзе, достору Лайт, Стамблер жана башкалар болушкан. Белоцкийдин ушул тарапташтары обкомдун бюросунун ордуна иштеп, облустук партиялык уюмда начар жагдайды жараткан, кошоматчылык, сын жана өзүн-өзү сындоону кысымга алып, курулай башкаруу күчөп, партиялык ички демократия жоголгон.

Эң коркунучтуусу - Белоцкий өзү НКВД кызматкерлери менен бирге өзүнө жакпаган жаш Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын жетекчи кызматкерлерин жок кылууга катышкан. Белоцкий өзү тикелей жетектеген ички иштер кызматкерлеринин аёосуз жазалоо иштеринен эч кандай күнөөсү жок кыргыз жетекчилери, партия менен элине берилген азаматтар жок кылынган», - деп жазган Т. Усубалиев.

Дагы караңыз Колхоздоштуруу далайдын белин сындырган

Анткен менен Кыргызстандын ал кездеги баш калаасы Фрунзе Морис Белоцкийдин тушунда шаар кейпине келип, бир топ маданий курулуштар башталган. Адабият менен көркөм өнөргө көңүл бурулуп, чыгармачылык уюмдар түзүлгөн. Фрунзенин жыгач тепкичтерден турган темир жол бекети жаңыланып, жаңы имарат салынган. Мурдагы чаң, тар көчөлөр ирилештирилип, Ат-Башы бульвары (кийин Жаш Гвардия) сындуу бакка оролгон көчөлөр салына баштаган. Ала-Арча суусунун алабына Ботаникалык бак отургузулуп, ал башында 20 гектар жерди ээлеген. Республикада мектептер менен жогорку окуу жайларынын имараттары салына баштаган. Морис Белоцкий «Манас» эпосун жайылтууга да бир топ салым кошкон жетекчи катары таанылган.

«1935-жылдын мартында ВКП(б) кыргыз обкомунун бюросунун отурумунда бекитилген «Манастын» биринчи редакциялык коллегия мүчөлөрүнүн тагдыры эң эле кайгылуу болду, - деп жазат Саха-Якут Республикасынын мамлекеттик жыйынынын төрагасынын орун басары, «Дүйнө элдеринин эпостору» эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирков. – Аны ВКП(б) кыргыз обкомунун биринчи катчысы Морис Белоцкий жетектеген. Мүчөлөрү болуп ВКП(б) обком партиянын катчысы Асан Жээнбаев, Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Баялы Исакеев, дүйнөлүк атак-даңкы бар чыгыш таануучу окумуштуу, академик А. Самойлович, казак адабиятынын классиги Сакен Сейфуллин кирген. Кийин алардын баарын камап, баарына бир гана өкүм чыгарышты – «атылсын» деген. Дагы бир ири окумуштуу-тилчи Е. Поливанов атылган. 1935-жылы ал «Манас» эпосунун миң жылдыгы тууралуу божомолду биринчи жолу айтып чыкан».

Морис Белоцкий Кыргызстанда карама-каршылыктуу жылдарда иштеген. Анын тушунда Кыргызстан союздук республикалардын катарына кошулган. Кыйла жыл СССРдин негизги мыйзамы болгон Конституция долбоорун даярдоо иштеринин башында Николай Бухарин турган. Бирок 1936-жылдын 12-июнунда элдик талкууга чыгарылган жаңы Конституция долбоорунун автору деп Иосиф Сталин жарыяланган. Ага улай союздук республикалар, анын ичинде Кыргызстан да өз Конституциясын талкууга чыгарышкан. Миллиондогон бейкүнөө адамдар атылып, сүргүнгө айдалып, сталиндик канабайрам күчөп турганда талкууга коюлган СССРдин Баш мыйзамы 1936-жылдын 5-декабрында кабыл алынган. Кыргызстандын Конституциясын даярдоо жумуштары Морис Белоцкийдин тушунда жасалып, аны кабыл алуу Максим Аммосовдун энчисине тийген.

Дагы караңыз «Элге дан тараткан» деп айыпталган азамат

Морис Белоцкийдин биринчи аялынан Климент деген баласы болгон. Тун уулуна мындай ысымды аскердеги ынак курбусу Климент Ворошиловдун урматына Климент деп койгон. Экинчи аялы Лордкипанидзе Кыргызстандагы алгачкы учкуч аялдардын бири болчу. Кийин ал обком партиянын бөлүм башчысы, обком бюросунун мүчөсү болгон. Экинчи аялынан үч бала көргөн. Камалып кеткен учурунда досу Ворошиловго мына ушул үч баласынын келечек тагдырына кабатыр болуп кат жазган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.