Айтматовду артка калтырган диний китептер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Азыр китеп базарда көркөм жана башка багыттагы китептерден диний китептер көп. Мамлекеттик китеп палатасы да өлкөдө диний багыттагы китептерди басып чыгаруу башка адабий китептердин санынан ашканын билдирди. Алардын арасында расмий каттоодон өтпөй жарык көрүп жаткан диний адабияттар да бар. Адистер мындай абал китеп чыгарууну жана таратууну уюштурууга келгенде диний уюмдар мамлекетке караганда жигердүү иштеп жатканын айгинелейт деп белгилешүүдө.