Мамлекет жана дин эриш-аркак

Мамлекет диний кырдаалдын өнүгүүсүн өз алдынча таштап коё албайт. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев кечээ эксперттер менен дин жана улут аралык мамилени талкуулаган жыйында билдирди.
Алмазбек Атамбаевдин коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууда айтканына караганда, мындан ары мамлекет диний багытты өз бетинче таштап коё албайт.

“Мамлекет бул максаттар үчүн бардык чараларды көрүүсү жана зарыл каражаттарды табуусу, ошондой эле кадамдарын алдын ала ойлонуусу жана эсептөөсү зарыл”,- деди президент. Кеңештин жыйынында, эксперттер да бир катар сунуштар менен чыкты. Маселен, кеңештин мүчөсү Юсур ажы Лома мамлекет диний саясатын кайра карап чыгышы керек деген ойдо.

- Мисалы, биздин диний жааттагы мыйзамыбыз эскирип калды. Аны азыркы турмуштун шартына ылайыктоо керек деген пикирди айттым. Экинчиден, мамлекеттин диний саясаты, концепциясы тууралуу пикиримди билдирдим. Бул диний концепция мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилеси кандай болушу керектигин камтышы керек.

Жыйынга кеңештин мүчөлөрү Кимсанбай Абдурахманов, Садыкжан Камалов сыяктуу экс-муфтийлер жана бир катар дин таануучулар, эксперттер жана укук коргоочулар катышып, өз сунуш-пикирлерин айтышты.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов болсо, атайын баяндама жасап, Сирия, Египеттеги, дегеле дүйнөдөгү жана аймактагы саясий, диний кырдаалды эске алуу менен Кыргызстанга туулуп жаткан коркунучтарды атады.

- Жолугушууда эки маселе: дин жана улут аралык мамилелер талкууланды. Президент диний кырдаалга көбүрөөк көңүл бурду. Анда диний абал боюнча бардык жолдор аркылуу келген маалыматтар бар экен. Анын ичинде биз берген маалыматтар да бар.

Маликовдун айтымында, мусулман жана христиан жамааттарынын жана ар кандай диний уюмдардын арасындагы бөлүнүүчүлүк, ошондой эле диний кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүү тууралуу да сөз болгон. Маликов президенттин алдындагы ислам маданиятын жана билим берүүсүн өнүктүрүү боюнча фонд түзүү зарылдыгын сунуштаган.

Мамлекет башчысы өз кезегинде сунуштар дыкат иликтенип жана мамлекеттик органдардын ишинде эске алынарын убада кылууда.

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин кафедра башчысы, теолог Зайнабидин Ажымаматов “Азаттык” менен маегинде диний кырдаалга мамлекет кайдыгер мамиле кылып келгенин айтты:

- Буга чейин динге мамлекет тарабынан өтө кайдыгер мамиле жасалып келген. Бул багытка көңүл буралы деп, бийлик тарабынан сунуш-пикирлердин айтылып жатканы жакшы. Чыны менен бул иштер буга чейин эле жасалышы керек болчу. Бир кыйла кеч калып жатабыз.

Бирок мамлекет динге кандайча көңүл бурат жана ал динди кысууга айланып кетпейби деген суроого Ажымаматов мындай пикирин билдирди.

- Динди мындан ары да өз алдынча таштап, көңүл бурбай койгондо, мына ошондо коркунучту күтсө болот. Анткени, ар кандай көз караштагы жана багыттагы түрдүү топтор бар. Мына ошолорду көзөмөлдөө кыйын болуп калып жатпайбы.

Президент да динге көңүл буруу деген аны баштан аяк көзмөлдөө же кысмакка алуу эместигин белгилеген. Кеңештин жыйынында, Атамбаев мамлекеттик органдар азырынча этностор аралык жана башка маселелерди чечүүдө эксперттик коомчулуктун мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жатканын сынга алды.

Коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети - этностор жана конфессиялар аралык мамилени өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Президентке караштуу Коомдук эксперттик кеңеш бир жыл мурда жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.