Матраимов иши: Базардан бадыраң алгандай батирлер

Абдрахманов көчөсү, №137-үй, 66-батир 
Бишкектин чордонундагы имарат 1978-жылы курулган. Кабарчылар ал үйдүн 4-кабатына көтөрүлүп, бирок 66-батирге жете алышкан эмес. Кире бериши темир тор менен тосмолонгон. Жерде чачылып жаткан дүмүрчөктөр батир көптөн бери бош турганынан кабар берет. 

Аянты: 65 кв метр 
Баасы: 58.800 (буга чейин сатылгандагы баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл
 

Энергетиктер шаарчасы, №10-үй, 30-батир
Советтик мезгилде салынган бул үйгө журналисттерди үй башчы (домком) аял менен бир тургун киргизишкен. Алар 30-батир сатылганынан жана Матраимовго тиешелүү экенинен кабардар эмес. Батирдин эшигинде кат жана дүмүрчөктөр кыстарылган. Каалганы эч ким ачкан жок.

Аянты: 42 кв метр 
Баасы: 58.800 (ошол райондогу ушул өңдүү батирлердин орточо баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Коперник көчөсү №61, 21-батир
Журналисттер жаңы үйдөгү 21-батирге барганда эшигин үй башчы (домком) аял каккылап жатыптыр. “Коммуналдык кызматтардын акысын төлөбөй жатат” деп арызданган аял батирдин Матраимовго сатылганын билбептир.

Аянты: 73 кв метр 
Баасы: 50.000 (ошол райондогу ал өңдүү батирлердин орточо баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл
 

Сүйүмбаев атындагы көчө, 142-үй, 114-батир.

Бишкектин борборундагы советтик мезгилде курулган үй. Журналисттер батирдин эшигине жакындай алган жок. Бирок темир тордун аркы жагында дүмүрчөкко окшогон кагаздарга толгон баштыкты байкашкан. Ушундан улам ал батирде көптөн бери эч ким жашабайт деп боолгосо болот. Эшиктин коңгуроосу жок экен. Ылдый жактагы кошуна ал жерде мурда үй-бүлө жашаганын, бирок бир нече айдан бери бош турганын айтып берди.

Аянты: 52 кв метр 
Баасы: 33.000-40.000 (риэлтердин баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл
 

Жал-29, №45/2 52-батир
Бишкектин түштүк-батыш жагындагы жаңы түшкөн үйдө домофон да бар. Бирок сыягы 52-батир ага туташтырылган эмес. Журналисттер эшигин какканда эч ким ачкан жок. Кошунасы батирде эч ким жашабаганын айтты. 

Аянты: 119 кв метр 
Баасы: 60.500 (буга чейин сатылгандагы баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл
 

Жал-29, №3/3 61-батир
Жаңы курулган үйдүн 9-кабатындагы батирдин эшигин эч ким ачкан жок. Жанында турган кошуна келиндин айтымында, буга чейинки кожоюн ошол эле үйдөгү башка батирге көчүп кеткен. Ошондон бери кирип-чыккан эч кимди көргөн эмес.

Аянты: 75 кв метр 
Баасы: 53.300 (буга чейин сатылгандагы баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл
 

Ажыбек баатыр көчөсү, №1/1, 20-батир
Бишкектин түштүк тарабындагы бул үй салыштырмалуу жакында салынган. Журналисттерге эч ким эшикти ачкан жок. Кошуна ал батир көптөн бери ээн турганын айтып берди. 

Аянты: 196 кв метр 
Баасы: 136.000-155.000 (риэлтердин баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл
 

Ахунбаев көчөсү, №190/2, 55-батир
Тогуз кабат бул үйдөгү батирдин эшиги жабык болуп чыкты. Каалганын сырты жылтырак менен капталган экен. Эшигине дүмүрчөк кыстарылган. Кошуна аял бул жерде Матраимовдун жээни Нурсеит Сыдыков жашаганын, бирок бир жылдай мурун көчүп кеткенин бышыктады. Кошуна январда мурунку ээси батирден эмеректерин менен ички эшиктерин чыгарып кеткенин айтып берди. 

Аянты: 112 кв метр 
Баасы: 62.000-78.000 (риэлтердин баасы)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

7- микрорайон, №52/3, 62-батир

Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү микрорайондогу бул үй жакында курулган. Журналистерге 10-кабаттагы батирдин эшигин эч ким ачкан жок. Кошуна ал батирде эч ким жашабаганын, акыркы кезде сатып алабыз деп бир нече киши келип кеткенин айтып берди. Ал батирди Матраимов сатып алганын уккан эмес. Биринчи кабатта ошол батирдин төлөнбөгөн дүмүрчөктөрү илинип турган экен. 
 
Аянты: белгисиз 
Баасы: 169.000 (буга чейин сатылган баа)
Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл
Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл
 

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов былтыр октябрда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, казынага 2 млрд сом төгүп берүүгө макул болгон. Кенемтенин болжол менен үчтөн бир бөлүгүн Матраимов 10 кыймылсыз мүлк менен кайтарган. Иликтей келгенде ал батирлердин көбүн экс бажычы мамлекетке өткөрүп берээрдин алдында гана Бишкектен арыдан-бери сатып алганы белгилүү болду.