Радикалдашуунун көрүнбөгөн учугу

Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!

Жакында Европа Биримдиги каржылаган “Борбордук Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык үчүн чек арадагы көп тараптуу диалог” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн изилдөө колума тийип калды.

Бул долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонддун жетекчилигиндеги консорциум жана улуттук өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынан БИОМ экологиялык кыймылы, Өзбекстан Республикасынын жалпы улуттук кыймылы “Юксалиш”, Тажикстан Республикасынын бейөкмөт уюму “Гендер жана өнүгүү” менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Изилдөөдө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын акыркы миграциялык абалы, жакынкы келечеги, жумушсуздук, жаштардын диний экстремизм менен радикалдашууга азгырылуусу жана аларга кантип туруштук бере алары кенен талданыптыр.

Көңүл буруп, маани бере турган бир топ жагдайлар бар, коомчулук да аларды билиши зарыл деген ой менен жазып жатам.

Дагы караңыз Диний караңгылык же кайдыгерликтин кесепети

Ток этээр жерин айтканда, эмгекке жарамдуу калктын саны 2050-жылга чейин Өзбекстанда - 6,4 миллионго, Тажикстанда - 2,8 миллионго, Кыргызстанда - 600 миң адамга көбөйөт. Ушул үч өлкөнүн экономикасы өтө тездик менен өнүгө баштаган жагдайда да, алар мынча адамды жумуш менен камсыздай албай тургандыгын эксперттер белгилешет. Демек, дагы көптөгөн жылдар бою Борбор Азиянын үч өлкөсү Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттер үчүн жумушчу күчүн гана бере турган өлкөлөр болуп кала бермекчи.

Борбор Азиядан келген мигранттардын олуттуу бөлүгү төмөнкүдөй мүнөздөлөт:

"Квалификациянын, укуктук билимдин, жарандык билим деңгээлинин төмөн болушу, чет тилин билбестиги жана эмгек рыногунун талаптарын жетиштүү деңгээлде билбегендиги".

Дагы бир билип кое турган жагдай, үч өлкөдөгү жашоонун узактыгы. Кыргызстанда адамдын өмүрүнүн орточо узактыгы 68 жыл, аялдардыкы 75 жыл, ал эми Өзбекстанда орточо өмүр 72 жашты түзүп, аялдар 75 жашка чыгат. Тажикстанда адамдын орто жашы 66 жылды түзүп, аялдары 69 жыл жашайт.

Эми эң негизги маселе, жаштардын диний экстремизмге, радикалдашууга азгырылышы. Изилдөөдө КР Дин иштери боюнча мамкомиссияга караштуу диний кырдаалды изилдөө борборунун өлкө ичинде жүргүзгөн сурамжылоосу келтирилген. Алынган маалыматтарды талдоодон кийин, сурамжылоого катышкандардын 66,9 пайызы диний чөйрөдөгү экстремизм коркунучу бар экендигин көрсөтүшкөн. Баткен облусунда 82,4 пайыз, Талас облусунда 76,3 пайыз, Бишкек шаарында бул көрсөткүч 74,4 пайызга жеткен.

Сурамжылоого катышкандардын болгону 13,3 пайызы гана мындай коркунуч жок деп эсептешет. (Чотаев З.Д., Элебаева А.Б., Эсенаманова Н.С. “Диний фактордун Кыргыз Республикасынын коомдук саясий кырдаалына тийгизген таасири”. КР Дин иштери боюнча мамкомиссияга караштуу диний кырдаалды изилдөө борбору. 2016).

Дагы караңыз Жаатташкан коом диктатурага жол ачат

Үч мамлекеттин окумуштуулары биргелешип жасаган изилдөөнүн ичинде жүздөн ашык башка илимий эмгектерге, локалдуу жүргүзүлгөн башка изилдөөлөргө да шилтемелер бар. Ошолордун бири - “Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу” аттуу КР Дин иштери боюнча мамкомиссиянын алдындагы диний кырдаалды изилдөө борборунун 2020-жылы жарык көргөн изилдөөсүндө, сурамжылоого катышкандардын 47 пайызы “Мен Кыргызстандын жаранымын” деп, 29 пайызы “мен мусулманмын” деп жооп беришкен, 16 пайызы “мен адаммын” десе, 4 пайызы өзүн туулуп-өскөн жери аркылуу айтышкан, 2 гана пайызы өзүнүн улуту менен байланыштырып жооп берген. Жалпысынан алганда, ойлоно турган жагдайлар бир топ...

Эксперттердин изилдөөлөрү боюнча жаштардын, аялдардын радикалдашуу менен экстремизмге берилип кетүү жолдору абдан көп жана ар башка себептер менен жүрөт.

Ошондой жолдордун бири миграция, мында билими начар, сынчыл ой жүгүртө албаган жана оор жумуштарда иштеген жаштар көп учурда согушка жалдоочулардын таасирлүү чөйрөлөрүнө туш болуп, “ыйык милдет” үчүн согушуп жаткан ислам өлкөлөрүнө чыгып кетет. Азгырыкка алдырган аялдардын ролу бул иште чоң, алар күйөөлөрүнүн артынан кеткени аз келгенсип, бир туугандарын, тааныштарын да ушул жолго тартып кетүүгө шыктуу болушат.

Дагы караңыз Сириядагы лагерлерде азап тарткан аялдар

Эми радикалдашуу менен диний экстремизмге каршы туруу үчүн үч мамлекет кандай аракеттерди жасап жатышканына келсек, аракеттер бирдей жана бардыгы тең таасирдүү эмес. Ушул багытта Өзбекстандын аракети бир кыйла алгылыктуу. Бул өлкөдө миграцияга кетип жаткандарды кандайдыр бир деңгээлде даярдоо жүргүзүлөт. Мисалы, ислам аалымдары, имамдар жаштарга диний экстремизмдин идеологиясын айыптоо менен алардын бетин ачкан иштерди жүргүзөт. Алар Куран, хадис жана башка ыйык диний китептердин мазмундарын экстремисттер кандайча атайылап бурмалап жана бузуп жаткандыгын фактылар менен жаштарга көрсөтүп берет. Кыргызстанда ушундай иштер жасалып жатканына шегим бар. Дегеле Өзбекстандан бул жаатта үйрөнө турган иштер бир топ.

Борбор Азиянын үч мамлекети тең экстремизм менен радикалдашууга каршы туруу үчүн көптөгөн концептуалдуу документтерди иштеп чыккан. Кыргыз бийлигинин ошондой документтеринин бири - КР Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремизм менен террорчулукка каршы аракеттенүү боюнча өкмөттүн программасын ишке ашыруу планы бекитилген. Анда мурдатан кайталанып келген мисалы, “атайын телекөрсөтүүлөрдүн жана рубрикалардын циклин, медиа долбоорлорду, социалдык жарнактарды, даректүү тасмаларды даярдоо жана көрсөтүү ж.б.” жазылган. КТРКда “Жума хутбаларын” жандандыруу да каралган.

Ошол эле учурда “алтын кнопкалардын” ээлери (миллиондон ашык катталуучусу бар) жаштарга түшүнүктүү тилде, турмуштук көйгөйлөрдү айтып, жол көрсөткөндөр дин кызматкерлери болуп жатат. Жаштар мурдагы монотондуу, кызыксыз телекөрсөтүүлөрдү көрүшөбү же Интернеттен элге түшүнүктүү сүйлөгөн молдону угушабы деп тандай турган болсок, өкмөттүн планы жараксыз болуп чыгат. Демек, бул багытта башынан баштап аягына чейин ойлонулуп, бир бүтүндүктү түзгөн сапаттуу стратегия жок.

Таңгала турган нерсе, аткаруу бийлигинде иштегендердин билими, түшүнүгү тайкы экендигин көрсөтө турган мисал - өкмөттүн жогоруда аталган планында “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын уюштуруу – штаттык түзүмүнө теолог кызматын киргизүү” каралууда. Теолог эмне себептен бул тармакка зарыл экендигин түшүнүү кыйын, себеби анын компетенциясына талап жок. Балким дин таануу боюнча адис айтылгандыр... Бирок терминдерди түшүнбөстүк өкмөттүн планына теологду жаздырууга алып келип жаткандыгы, абалдын канчалык начар экендигин көрсөтүп турат.

Өзбекстан бул жаатта ондогон документтерди кабыл алып, аларда экстремизм менен радикалдашууга каршы туруу үчүн чыныгы ислам дини менен диний экстремисттердин айырмасы даана көрсөтүлүп, диний ишмерлер өздөрү сыртка чыккан жаштар, аялдар менен активдүү иштеп жатышат.

Өзбекстан менен Тажикстанда диний экстремизм менен террорчулукка каршы күрөшүүдө мамлекеттин үстөмдүгү айдан ачык болуп турат, ал эми Кыргызстанда либералдык диний саясат менен жарандык коомдун, билим берүүнүн, диний агартуунун ролуна басым жасалып, радикалдуу агымдарга, диний экстремизмге каршы туруунун инструменти катары каралып келет.

Дагы караңыз Дин тарыхын окутуудагы усул жана сын пикир

Кыргызстандын ээлеген ордун, саясий экономикалык абалын караганда, диний экстремизм, радикалдашуу эң бир орчун, кечиктирүүсүз колго алына турган проблемалар.

Тилекке каршы, бул тармакта да сабаттуу аткарылган ишти учуратуу кыйын экен.