Мишел Бачелет: ШУАРда көз карандысыз иликтөө зарыл

Шинжаңда абакта отурган туугандарын бошотууну талап кылган нааразылык чарасына чыккан казактар Кытайдын консулдугунун алдында. Алматы шаары. 2021-жылдын 26-февралы.


БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары КЭРдин Шинжаң-Уйгур автономиялуу районундагы (ШУАР) кырдаалга байланыштуу “көз карандысыз жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө” чакырды. Казакстанда ШУАРдагы кармалгандарды бошотуу талабы менен нааразылык чарасы уюштурулду.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет 26-февралда ШУАРда адам укуктарынын абалын иликтөө иши "көз карандысыз жана ар тараптуу" жүргүзүлүүгө тийиш, деп билдирди.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет .


Бачелет айымдын айтымында, анын кеңсеси Бачелеттин Кытайга белгиленген иш сапарынын "жалпы стандартын" табуу боюнча Бээжин менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатат.

Мишел Бачелеттин кеңсеси 2018-жылы августта ал БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары кызматына киришкенден бери Уйгур автономиялуу районуна иш сапарын уюштуруу боюнча Кытай бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.

Дагы караңыз Канада парламенти: Кытайда уйгурлар геноцидге кабылууда


Бачелет айым АКШ, Канада жана Нидерланддар Кытайдын "уйгурларга карата эзүүсүн" "геноцид" деп тааныгандан кийин, ШУАРдагы кырдаалды "көзкарандысыз жана ар тараптуу" иликтөө зарыл экенин баса белгиледи.

“Ассошиэйтед Пресс” агенттигинин маалыматына ылайык, Бачелеттин өкүлү Равина Шамдасани Бачелеттин "техникалык сапары" боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты, бирок мындай сапар "чыныгы иликтөөнү камсыз кылышы керек" деп билдирди.

Казак тегиндеги Сайрагүл Савытбай айым ШУАРдагы "кайра тарбиялоо абагында" жатып чыккан. Ал азыр Швецияда баш калкалоодо.


Бачелет айымдын 26-февралда айтымында, анын кеңсеси ШУАР аймагындагы адам уурдоо, лагердеги басмырлоо мамилеси жана сексуалдык зомбулук жана башка адам укуктары маселелери боюнча түшкөн билдирүүлөрдү кылдат карап жатат.

Дагы караңыз Байден Кытайды Шинжаңдагы саясаты үчүн сындады


КЭР бийлиги ШУАРдагы абак жайларды “кайра тарбиялоо жайлары” катары сыпаттаганына карабастан, бул жайларда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу жергиликтүү тургундар саясий куугунтуктоонун курмандыктары катары кармалып жана ар кыл кыйноо түрлөрүнө кабылып жаткандыгы ал лагерлерден бошонуп чыккан жана чет өлкөлөргө кете алган күбөлөр тарабынан тастыкталууда.

Дагы караңыз Турсунай: Лагерде зордуктоого туш болдум

Казакстандын Алматы шаарында казактардын тобу Шинжаңда абакта отурган туугандарын бошотууну талап кылып, Кытайдын консулдугунун кеңсесинин алдында нааразылык чарасын уюштуруп келишет. Алар 26-февралда да пикетке чыгышты.