1994-жылдын соңу – 1995-жылдын башы. Ошол кездеги президент Аскар Акаев 1994-жылы күзүндө аткаминерлерди жана башка көшөкөр депутаттарды пайдаланып, тарыхый парламентте кворумду атайылап түздүрбөй коюп, саясий кризистин ылайлуу суусунда балык кармап, анын натыйжасында Жогорку Кеңешти таркатты.
Президенттин ыйгарым укуктарын чыңдаган конституциялык референдумду шашылыш өткөрө салып, ал тилегине жетти. Башмыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдүн негизинде 1995-жылдан ары эки үйдөн турган парламентке (Мыйзам чыгаруучулар жыйыны менен Эл өкүлдөр жыйынына) шайлоо өткөрүү боюнча өнөктүк башталды...
Дагы караңыз Эгемендикти эңсеген жана ага жеткирген бабаларга таазимСоветтер Биримдиги доорундагы акыркы Кыргыз парламенти болгон жана Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөшүп, анын эгемендиги жөнүндө (1990-жылы 15-декабрда) жана мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө (1991-жылы 31-августта) декларацияны кабыл алган, ошондой эле Кыргызстандын гимнин, гербин, желегин, пост-советтик туңгуч Конституциясын, улуттук валютаны кабыл алган, борбор шаарга “Бишкек” тарыхый аталышын кайтарган тарыхый Жогорку Кеңеш акаевдик авторитардык режим тарабынан четке кагылып, ордуна 1995-жылы эки баштуу көшөкөр парламент келиши керек болду.
Мурдагы тарыхый (аны “легендарлуу” деп да атап келишет) Жогорку Кеңештеги бир катар депутаттар акаевдик режимдин “кара тизмесине” илинген. Алар кайрадан Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына илинип калбашы керек болчу.
Дагы караңыз Тоталитаризмдин идеологиялык жоокери бул режимге каршы чыккандаБул “ылайыксыз” делген мурдагы депутаттардын арасында, албетте, мурдагы спикер Медеткан Шеримкулов, мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү болгон бардык ал учурдагы принрциптүү жана кебелбес депутаттар (алардын арасында генерал Бейше Молдогазиев) бар эле.
Далай чыгаан кыргыз саясатчылары “кара тизмеге” түшкөн. Алар үчүн 1994-жылдын соңу – 1995-жылдын башындагы парламенттик шайлоо өнөктүгүнө катышуу – түйшүктүн түйшүгү болгон. Анткени А.Акаевдин буйругун жаземдебей жүзөгө ашырууга далаалат кылган аткаруу бийлиги “кара тизмедеги” саясатчыларды жергиликтүү калайыкка мокочонун мокочосу кылып көрсөтүп, ал түгүл 1930-жылдардагы сталинчилердин доорундагы “эл душманындай” эле жаманатты кылышкан. Мындай талапкерлер элге келгенде белгиленген жыйындарын үзгүлтүккө да учуратышкан.
Ошол күрдөөлдө Ак Үй анекдотко да окшоп кеткендей айла-амалга барды. Маселен, Кочкор өрөөнүндө ал кезде парламенттеги мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү болгон Турдакун Усубалиевдин ордуна тегаты уйкаш болгон Усубалиев деген дыйкан ишкерди таап, карыя депутатка каршы коюшту.
Нарында болсо Эл өкүлдөр жыйынына депутаттыкка талапкер болгон парламенттеги мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү Бейше Молдогазиевдин негизги атаандашы кылып анын жердеши, ишкер Эсентур Молдогазиевди каршы коюшту.
Бейше Молдогазиев 1940-жылы Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районунун “Коммунизм” колхозуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Ал 1983-жылдан советтик Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн начальниги, кадр жана тарбия иштери боюнча министрдин орун басары болуп иштеген. Ал 1991-жылдын 26-октябрында СССР Ички иштер кызматынын генерал-майору даражасын алган. Б.Молдогазиев 1991–1994-жылдары “легендарлуу” Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Ал эми Эсентур Молдогазиев 1948-жылы Нарын районунун “Эмгекчил” колхозуна караштуу Ленинчил жаш айылында туулган. Ишкер Э.Молдогазиев 1983—86-ж. Чүйдөгү Ивановка шаарчасындагы Ысык-Ата автобазасынын башчысы, 1986—89-ж. "Минпромтранс" бирикмесинин башкы директорунун орун басары, 1989—91-ж. Ат-Башыдагы "Сельхозтехника" бирикмесинин башкы директору, 1991—93-ж. "Нарын облустук мунайзат өнүмдөрү" бирикмесинин башкы директору, 1993-жылдан "Агро-мунайзат" мамлекеттик коммерциялык бирикмесинин башкы директору, 1995-жылдан "Кыргыз жанар-май" компаниясынын президенти болуп иштеген.
Бул – жөн гана тегаты уйкаштардын (“Молдогазиевдердин”) атаандашуусу эмес болчу. Добуш бурмалоолор күч алган авторитардык системада бул жагдай аткаруу бийлигинин башчысына жакпаган талапкердин добушун бийликчил талапкердин добушуна алмаштырып салууга өзгөчө ыңгайлуу шарт түзөт.
Акаевдик “саясий технологиянын” ыплас куралдарынын бири Кочкордо өтпөй калды, ал эми Ички Теңир-Тоодо бул ыкма ийгиликтүү колдонулду.
“Сен Молдогазиевге добуш бердиңби?”
“Ооба”.
“Кайсынысына?”
“Билбейм. Иши кылып Молдогазиев деген тегаттын тушуна жактырган добушумду берген болчумун”.
Добуш бергенден кийинки ушундай баарлашууларды көп жерден угууга туура келди. Добуш бурмалоолордун, административдик ыкмаларды колдонуунун натыйжасында оппозициячыл депутат Бейшенин ордуна Ак Үйгө ыңгайлуу иниси, коңшу айылдык Эсентур өтүп кетти. Иши кылып Молдогазиев келди...
Ал эми ошол ыплас өткөн шайлоо өнөктүгүнө чейинки окуяларды да, шайлоо өнөктүгүн да “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысы катары чагылдырып (андан соң парламенттин башка үйүнө депутаттыкка талапкер болуп) жүрүп, кырдаалды кыйла жакындан билип калган элем.
Дагы караңыз Кыргыз президенттеринин кыйчалыш тагдыры“Баары жоктун бардыгы сөздөн башталат” дегендей, сөздүн бардыгы туңгуч президент А.Акаевдин өзү да чырмалышкан тамыры терең жемкорлуктан башталат.
Асыресе, пост-советтик Кыргызстандагы алтын өндүрүү жана сатуу маселесине байланыштуу жемкорлуктан...
Туңгуч президент деген ыйык ооматты жеке керт башынын жыргалчылыгына айырбаштап алган академик А.Акаев дал ошол жемкорлуктун арааны жаңыдан ачыла баштаганда Ак Үйдүн жетинчи кабатында болчу. Тактап айтканда, анын дирижёру болчу...
Албетте, Ысык-Көлдөгү Кум-Төр алтын кени А.Акаев жаш окумуштуу кезинде эле аны менен эч байланышы жок шартта, 1978-жылы советтик геологдор тарабынан ачылган.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу аймактагы бул ири кендин кору 9 тилкеде жайгашканы, мында 953 тонна көлөмүндө алтын жаткандыгы ошол совет доорунда эле жоромол кылынган.
“Кум-Төр” кениндеги “Борбордук” (“Центральный”) деген тилкеде эле 1990-жылдын 1-январына карата ачык ыкма менен казылуучу 716,21 тонна алтын менен 388,66 тонна күмүштүн кору жайгашканы болжолдуу эсептелип чыккан.
1989-жылы СССР Министрлер Кеңешинин Баалуу металлдар жана алмаздар башкы башкармалыгынын геологиялык жана кен байлыктарын изилдөө институту «Кум-Төр» алтын кенин өздөштүрүү боюнча алгачкы техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыккан. Бирок кен жайгашкан ак мөңгүлүү, бийик тоолуу аймактын уникалдуу экологиялык мааниси эске алынып, аны казуу долбоору кагаз жүзүндө калтырылган.
Албетте, биз экологиялык, геологиялык, экономикалык, укуктук жана башка өңүттөрү эле бир нече ондогон томдорго сыя турган “Кум-Төр” тарыхын толук баяндай албайбыз, ага байланыштуу айрым жагдайларды эскерип, эмне үчүн Бейше Молдогазиев ошол кездеги бийлик төрүн ээлеген инсанга коркунучтуу кас душман болгонун түшүндүрүүгө гана далаалат жасайбыз.
Дагы караңыз Кумтөр келишимдеринин кейиштүү таржымалыКарапайым окурман үчүн көмүскөдө кала берчү өңүттөрдүн бири – чет өлкөлүкк бир инсан менен байланыштуу. Борис Бирштейн (Boris Birshtein) 1947-жылы 11-ноябрда советтик Литвада туулган. Ал 1979-жылы Канадага бозгунга кеткен. Ал өлкөдө “Сиабеко” компаниясын негиздеген.
Бирок ал СССР менен колун биротоло үзгөн эмес, анткени ал түзгөн “Сиабеко” компаниясы, канадалык “Торонто Стар” гезитинин 1993-жылдын 3-октябрындагы маалыматына караганда ("Russian scandal becomes as wild as any spy novel". The Toronto Star. 3 October 1993.), советтик жемкорлордун мыйзамсыз чогулткан акчаларын 1980-жылдардын акырында көмүскө жолдор менен Батышка чыгарып, “адалдап” берүүгө арачы болгон деп шектелет.
Дагы караңыз Саймаитинин архиви
(Матраимовдордун акчаларын Түркияга чыгарып, “адалдап” берген маркум Эркин Самэттин – Айеркин Саймаитинин өз ыктыяры менен айтып берген окуясы бул жакта эле калат
).
Карапайым калк “мына-мына өнүккөн социализмден нагыз коммунизмге жеткени калдык” деп ишенип, тишинин кирин соруп, кир жуугуч машине менен транзистор сатып алса, космоско жеткендей сүйүнгөн жакырчылык шартта турмуш кечирип жаткан чакта, коммунист жетекчилердин колу таза эместери миллиондогон долларларга тете чийки заттарды чет өлкөгө аткезчилик менен ташыган.
Ошондо эле жемкорлор үчүн чийки заттын мааниси чоң болгон. “Вашингтон пост” гезитинин 1993-жылдын 1-февралындагы макаласына караганда, Батышта (Канада ж.б. өлкөлөрдө) негизделген “достук карым-катнашы бар боорукер фирма” Советтер Биримдигиндеги баалуу кендин чийки затын ит бекер сатып алып, андан ары Батышта өтө жогорку баада саткан да, орто жолдо табылган кирешени СССРге жагымдуу маанайда мамиле кылган чет өлкөлүк саясий партиялардын банк эсептерине жолдогон.
(Ex-Communists Are Scrambling For Quick Cash, by Michael Dobbs and Steve Coll. The Washington Post, February 1, 1993.)
КГБ тыңчылары көзөмөлдөгөн бул акчалардын бир бөлүгү чет элдик коммунисттик ж.б. солчул партияларга каржылык колдоо катары сарпталган. “Май кармаган – бармагын жалайт” деген ылакапка ылайык өз үлүшүн алгандар көп болгон.
Дагы караңыз Зордуктоо, каалаганча камоо, «драма ийрими»...Демек, бул акчалардын далайы совет доорунда эле дарегине жетпестен, сол чөнтөктөргө да кымырылганы түшүнүктүү. СССР ойрон болгон соң, мындай акчалардын далайы ың-жыңсыз жоголуп кеткен. Чет жактарда жеке тааныштыгын сактап калган мурдагы советтик аткаминерлер менен тыңчылар Орусиянын “жаңы байларынын” катарын толукташкан.
СССРдин акыркы жылдары жана 1990-жылдардын башында Борис Бирштейн КГБнын чет өлкөлөр менен байланышкан өкүлдөрү, полковник Леонид Веселовский, Георгий Арбатов, Виктор Баранников, Алексанлр Смоленский (“Баба Шура”) ж.б. менен байланышта болгондугу айтылып келет.
“Сиабеко” компаниясынын Цюрихтеги кеңсесинде 1991-жылдын август айынан 1993-жылга чейин иштеген Веселовский бул кеңсе алдамчылык жана акчаны адалдоого байланыштуу сынга алынган чакта, мурдагы КГБ офицери экендиги ашкереленип калып, бул мекемедеги кызматтан кетүүгө мажбур болгон. (Караңыз: Соколов Сергей, Плужников Сергей. Золото КПСС – десять лет спустя: Почему "новые русские" капиталисты финансируют коммунистов // Агентство федеральных расследований. – 2001. – 7 мая. – flb dot ru/material.phtml?id=4911 )
1992-жылы Бирштейн өзү Канададан Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок анын шектүү каржылык ишмердиги Орусия, Украина жана Кыргызстанды Канададагы шектүү компаниялар менен байланыштырган чуулгандуу жемкордук окуялар аркылуу тарыхта калды.
1991-жылы 31-августта Кыргызстан мамлекеттик көз каранды эместигин Жогорку Кеңештин декларациясы аркылуу шардана кылды. Ошол жылы сентябрда Кыргызстан аймагында КПССтин да, анын колу болгон Кыргызстан Компартиясынын да ишмердигине тыюу салынды. Бирок эски жекече байланыштар сакталып калды да!
1991-жылы 12-октябрда жалпы элдик тикелей шайлоо аркылуу өзүнүн президенттик кызматын тастыктап алып, Аскар Акаев эртеси күнү эле өтө маанилүү жарлыкка кол койгон. (Караңыз: «Сиабеко-Кыргызстан» мамлекеттик-жеке корпорация жана Кыргызстан Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча Комитет жөнүндө» КРнын Президентинин 1991-ж. 13-10. № ПЖ 340 жарлыгы).
Анын негизинде Б.Бирштейн негиздеген “Сиабеко” (Seabeco) компаниясы спрут сыяктуу өз чеңгелин Кыргызстанга сунган: жумуриятта «Сиабеко-Кыргызстан» мамлекеттик-жеке корпорациясы түзүлгөн, анын президенти болуп... Канаданын жараны, Борис Бирштейн дайындалган.
Дагы караңыз «Кумтөр» боюнча кезектеги келишимдин барк-баасыК.Исабеков «Кум-Төрдөгү алтын мафия» деген китебинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов "Сиабеко" фирмасынын башчысы Борис Бирштейн мырзаны президент Аскар Акаевге 1991-жылы тааныштырган деп жазат (Караңыз: Исабеков К. Кум-Төрдөгү алтын мафия. – Бишкек, 2011. – Дагы караңыз: nazarnews dot org/posts/kubanychbek-isabekov-quot-kumtordogu-altyn-quot-mafiia-quot).
Ал эми Кум-Төрдү изилдөөчүлөрдүн бири К.Турусбеков канадалык “Сиабеко-групп” бирикмесинин директорлор Кеңешинин өкүлү Борис Бирштейн 1991-жылы Аскар Акаевдин чакыруусу менен Бишкекке келгенин, алар биринчи жолу андан үч жыл мурда кыргыз өкмөтүнүн жетекчилигинин курамында А.Акаев Москва жүргөн кезде жолугушуп, жакшы тааныштардан болуп калышканын жазат (Караңыз: Турусбеков К. Алтындын анты койо бербейт // “Азия ньюс” гезити. – 2013-жыл. – 18-июль.).
“Кум-Төрдүн” шойкомдуу өңүттөрү тууралуу экономист, профессор Кубанычбек Идинов, тарыхчы жана саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов ж.б. изилдөөлөрүн жазышкан.
Коомдук ишмер Касым Исаевдин китеби да олуттуу маалыматтарды камтыган. Өзгөчө мекенчил окумуштуу Шергазы Мамбетовдун, укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин ар кыл маалымат каражаттарына курган маектери да бул окуяларга жемкорлукка каршы күрөшкөн инсандык көз караш катары биографиялык булактык кыртыш жаратып турат.
Ошентип, эл аралык деңгээлдеги жемкор, алдамчы Б.Бирштейн мырза А.Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси деген өзгөчө даражага ээ болуп, Ак Үйдүн жогорку кабатынан ага атайын кабинет бөлүнүп берилген. Чет өлкөлүк шылуун дал ушундай жогорку кызматка дайындалышы бардыгын айран таң калтырган. Анан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Камеко» корпорациясына артыкчылык берилген; эч кандай адилет сынак өткөрүлбөстөн, Бирштейндин компаниясы Кум-Төр кенин иштетүүгө артыкчылыктуу укук алган.
Арадан көп өтпөй Кыргызстандын энчисиндеги 1801 килограмм алтынды Б.Бирштейн эч кандай бажы, ж.б. тийиштүү төлөмдөрүн төлөбөй туруп, менчик учагы менен чет өлкөгө ташып кеткен. Алтынды башка да мындай мыйзамсыз көмүскө ташуу учурлары болгондугун "легендарлуу" парламенттин “Алтын комиссиясы” ашкерелеген.
Дагы караңыз "Легендарлуу парламентти алтын тараткан"1992–94-жылдары Жогорку Кеңештин “Алтын комиссиясынын" мүчөлөрү болгон депутаттар (алардын арасында мурдагы СССР Ички иштер аскерлеринин генералы Бейше Молдогазиев) дал ушул окуялардын сары изине чөп салып изилдешкен. Айрым аткаминерлерге кылмыш иши козголгон. “Алтын чырынын” айынан өкмөт башчы Турсунбек Чынгышев кызматынан кетирилген (маркум Насирдин Исановдун премьер-министр кезинде 1991-жылы ноябрда автокырсыктан ажал табышы да сырдуу бойдон кала берүүдө. Ал отурган автоунаада Б.Бирштейн да болгон).
«Камеконун» соодасын жүргүзгөн Б.И.Бирштейн президент А.Акаевге өз кызыкчылыгында кеңеш берип, натыйжада «Кум-Төр» алтын кенин казуу долбоорун ишке ашыруу укугу ачык-айкын эмес жана чыныгы атаандаштыкты четке каккан усул аркылуу уран казуу чөйрөсүнө адистешкен “Камеко корпорациясына” берилген. Алтын кенин казууга адистешкен башка (мисалы: Грайберг Продакшн Корп., Англо-Америкэн, Ньюмонт ж.б.) компаниялардын Кыргызстан үчүн алда канча пайдалуу шарттардагы сунуштарынан Кыргыз Республикасынын ошол кездеги жогорку бийлигинин баш тартышы да Бирштейн–Акаев мамилелерине барып такалат, деп адистер белгилешкен.
1992-жылдын 3-декабрында Канаданын Торонто шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен (Т.Чынгышев кол койгон) «Камеко Корпорэйшн» корпорациясынын ортосунда «Кум-Төр» боюнча Башкы макулдашууга кол коюлган.
Дагы караңыз Чынгышев: Кумтөр боюнча келишимибиз иштеген жокОшол эле жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» кыргыз мамлекеттик концерни (Д.Сарыгулов кол койгон) менен «Камеко Корпорэйшн» (Эндрю Льюис кол койгон) компаниясынын ортосундагы «Кум-Төр» кени боюнча Башкы макулдашууга кол коюлган, андан соң 1992-жылы 31-декабрда Өкмөттүн (Т.Чынгышев кол койгон) токтому менен бул макулдашуу расмий бекитилген.
(Караңыз: «Кыргызстан Республикасында алтын казып алууну көбөйтүү боюнча абал жана чаралар жөнүндө» КРнын Өкмөтүнүн 1992-ж. 31.12, № 648 токтому; Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991–2017). – Бишкек: «Текник» ББ, 2017. – И.Раззаков атындагы КМТУ. – ISBN 978-9967-467-69-9.).
Депутаттык комиссия өкүлдөрү 1993-жылы Т.Чынгышев А.Акаевдин оозеки буйругу менен 1,5 тонна алтынды Швейцариянын банкына күрөөгө коюп келгенин да ашкерелешкен. Албетте, ал алтын кийин кайрылып келген жок, анткени эч кандай расмий кагаздар жол-жосунга ылайык толтурулган эмес. Бул аткезчилик (“контрабандалык”) ташуу – бир кезде советтик КГБ коммунисттик партиянын кызыкчылыгында ар кандай чийки затты чет мамлекеттерге көмүскө жол менен ташыган жана арзан баада саткан алдамчылык ыкмада жүзөгө ашырылган.
Тасма. Мурдагы депутат Шергазы Мамбетов алтынга байланыштуу жемкорлук жөнүндө. 08.4.2014.
Мурдагы депутат Шергазы Мамбетовдун "Азаттыкка" айткан маалыматына караганда, Швейцарияга жөнөтүлгөн алтындан башка дагы 14 тонна алтын Орусияга өтүп кеткен.
Тасма. Бийлик сырлары. Орус тилинде. 02.9.2019.
Мурдагы депутат Рамазан Дырылдаевдин айтымында, ошол жылдары 2 тоннадай алтын чийки зат катары Швейцарияга аткезчилик жол менен чыгарылып кеткен. Депутаттардын Жогорку Кеңеште маселени кабыргасынан койгонунан кийин Кыргызстандын аткаруу бийлиги ошол алтын кайра 13 миллион АКШ долллары түрүндө өлкөгө кайтарылган деп жооп узаткан. Бирок иш жүзүндө бул акча келген-келбегендиги жана ал акча алтындын канча пайызынын гана наркы экендиги белгисиз бойдон калган, дейт Р.Дырылдаев.
(Караңыз: Букашева Бермет. Секреты власти. Дырылдаев о том, как при Акаеве могли вывозить золото в Швейцарию // “Радио Азаттык. – 2019. – 2 сентября. – rus dot azattyk dot org/a/30140331.html ).
Бул жаатта терең кабардар деп шектелген айрым мурдагы жетекчилер бозгунда качып жүрүшөт (арасында Аскар Сарыгулов да бар).
Дагы караңыз Атагынан чатагы көп алтын кендери1993-жылдын 10-майындагы Концессиялык келишим (1994-жылдын 30-майындагы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен) Кыргыз Өкмөтү менен «Кумтор Голд Компани” ЖАКынын ортосунда түзүлгөн, (ага премьер-министр Т.Чынгышев, «Кумтор Голд Компани” ЖАКынын башкы директору М.Давлетов кол коюшкан). Концессиялык келишимдин мөөнөтү кол коюлган күндөн баштап 50 жылды камтыган. Концессиялык келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн.
Кийинчерээк Кум-Төр кен иштетүү комбинатын курууда да орто жолдо акча желгендиги тууралуу аткаруу бийлигине доо коюлган. Андан тышкары чет элдик инвесторго салыктык далай жеңилдиктер берилген.
А.Акаевдин үзөңгүлөшү, андан 2 жаш улуураак Т.Чыңгышев 1992-жылдын 10-февралынан баштап 1993-жылдын 10-декабрына чейин Кыргыз өкмөтүн жетектеди. Жогорку Кеңештеги “Алтын комиссиясынын” тарыхый баяндамасынан соң ал кызматтан чегинүүгө аргасыз болгонун дагы бир ирет эскерте кетели. Ал кызматтан кетээрде Жогорку Кеңештин отурумунда төрдөгү ААкаевдин маңдайына барып, колун шымынын чөнтөгүнө салып сүйлөшүп тургандыгы али эстен кетпейт.
Тасма. Аскар Акаев менен маек. 23.6.2015.
Албетте, бозгундагы Аскар Акаев кийин деле Бирштейнди жактап, эч кандай жемкорлук болгон эмес, деп караманча танып келди. Маселен, “Азаттык” үналгысына 2015-жылы жайында курган маегинде ал: “Бирштейн да, “Сиабеко”, “Камеко” да Кыргызстанга эч зыян алып келген жок”, – деп билдирген.
(Караңыз: Сагындык кызы, Венера. Акаев: Бийликти мыйзамдуу жол менен тапшырбаганыма өкүнөм // “Азаттык” үналгысы. 29.6.2015. – youtu dot be/sXxdR6sxtYk )
Генерал Бейше Молдогазиев дал ошол татаал жылдары “Алтын комиссиясында” үзүрдүү жана ырааттуу иштеген депутаттардын бири болду.
Дагы караңыз "Легендарлуу парламент максатына жетпей калган"Кыргыз тоо-металлургия институтунун мурдагы ректору, профессор Шергазы Мамбетов, 1993-жылдан тартып Жогорку Кеңештин Көзөмөлдөө палатасынын төрагасы болгон экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов, депутаттар Рамазан Дырылдаев, Бейше Молдогазиев жана Турдакун Усубалиев ошол 1993–94-жылдары Аскар Акаевдин режими үчүн “персона нон грата” болгон инсандар эле (кийинчерээк, депутаттыкка оппозиция өкүлү катары шайланып алган соң, Т.Усубалиев кайрадан ААкаевге “жибип”, ал түгүл 1995-жылкы шайлоодо Акаевдин президенттикке талапкерлигин колдоп чыкты. Мунун сырын да иликтеп келишет).
Бир чети, А.Акаев эл аралык деңгээлде шойкомдуу иш алып барган чет элдик жемкорлор менен тыгыз байланышкан. Экинчи чети, ички оппозиция менен күрөшүп, дал ушул “алтын комиссиясынын” оозун жабуу үчүн бүтүндөй Жогорку Кеңешти 1994-жылы сентябрда жасалма шал кылып койгон.
Эгерде антпей турган болсо, анда Жогорку Кеңештин “алтын комиссиясы” ошол 1994-жылдын күзүндө жемкорлукка (алтын аткезчилигине) байланыштуу президент А.Акаевге каршы кылмыш ишин козгоо маселесин көтөрүшү ыктымал болчу.
Ошентип, тээ 1995-жылдардагы окуяларга кайра кылчайсак, балким, Бейше Молдогазиев өзү туулуп-өскөн аймакта депутаттык орунду жөн гана жергиликтүү ишкер Эсентур Молдогазиевге алдырып жиберди, деп жеңил-желпи баалагандар аз эместир.
Иштин нагыз чоо-жайы мындай: Кыргызстандагы белдүү окумуштуу, тоо инженери, техника илимдеринин доктору, профессор Шергазы Мамбетов (“Алтын комиссиясынын” төрагасы), юрист, милиция кызматкери, кийин укук коргоочу катары таанымал Рамазан Дырылдаев (“Алтын комиссиясынын” төрагасынын орун басары), генерал-майор Бейше Молдогазиев, экономист Кубанычбек Идинов (Көзөмөлдөө палатасынын” төрагасы) жана ал кезде оппозицияда болгон Турдакун Усубалиев (1961–85-жылдардагы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы) сыяктуу тайманбас депутаттарды кайрадан парламентке жолотпоо үчүн А.Акаевдин режими 1995-жылы бар күчү менен далаалат жасаган. Чынында да бул саясатчылардын төртөө 1995-жылы жана андан кийин парламентке мүчө болушкан эмес (жогоруда айтылгандай, Т.Усубалиев “баррикаданын башка жагына” ооп кеткен).
Дагы караңыз Усубалиевдин тарыхтагы ролу талаштууОшол 1995-жылы А.Акаев жеңгендей туюлган. Анын Кум-Төр жаатындагы “жеңиши” улам бекемделе бергенин кийинки тарыхый окуялар айгинеледи.
Маселен, 2003-жылдын 31-декабрында «Кыргызалтын» АК менен (К.Кудайбергенов кол койгон), «Камеко Корпорэйшн», «Камеко Голд Инк.» (Жералд У.Грэнд, О.Ким Гохин) жана «Центерра Голд Инк.» компаниясынын (Леонард А.Хоменюк, Жорж Р.Бернс) ортосундагы «Кум-Төр» долбоорунун баалуу кагаздарын ж.б. жаңы түзүмгө салуу (реструктуралаштыруу) тууралуу макулдашууга (Өкмөттүн 835-токтому) кол коюлган.
Дагы караңыз Кумтөр: корукту кемиткен келишимБул макулдашуулар Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы токтомунун чечимдерине кайчы түзүлгөн, себеби парламентте Башкы макулдашуунун шарттары башынан эле кыргыз тараптын кызыкчылыктарына каршы экени эскертилген.
Жогорку Кеңештин сунушуна каршы түзүлгөн бул макулдашуудагы жаңы түзүмгө салуунун негизинде “Центерра Голд” компаниясындагы жалпы үлүштүн болгону 33 пайызы Кыргызстандын өкмөтүнө, калган 67 пайызы – “Камеко” компаниясына таандык болуп калган. Кыргызстан 100 пайыз кожоюндук кылып калышы күтүлгөн маалда ушундайча теңирден тетири макулдашуунун кабыл алынышы, албетте, кайсы бир төбөлдөрдүн кызыкчылыктарын да эске алуу менен түзүлгөн деп жоромол кылынат.
Ошентип, Кыргызстан Кум-Төрдөн иш жүзүндө айрылып калган, анын каймагынын гана айрым үлүштөрү пайда берген.
Дагы караңыз «Кумтөрдө дагы 300-500 тоннадай алтын калды»Бирок “кыңыр иш – кырк жылда билинет” дегендей, Кум-Төрдү тоноп келгендердин, аны өздөштүрүүгө байланыштуу ачылган биргелешкен компаниянын кайсы бир баалуу кагаздарына (акцияларына) ээ болгондордун ысымдары акыры такталышы мүмкүн.
Ал эми Бейше Молдогазиев жана башка үч депутат “Алтын комиссиясынын” ишине ак бойдон калган саясатчылар экендиги 1995-жылдан кийинки доордо айгинеленди.
Кийинки убакта депутат болбой калгандарына карабастан, Бейше агайдын жана анын үзөңгүлөштөрүнүн жүзү эл алдында жарык.
Дал ушул жагдай – тагдырдагы эң баалуу жетишкендик.
Ред.:
Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.