Акыл-эсинен жабыркагандар артыкбаш эмес

Тамактанып жаткан бейтаптар.

Ар бир төртүнчү киши өз жашоосунда психикалык же неврологиялык дарттан жабыр тартат. Дүйнөдө 450 миллион адам депрессия, стресс жана ар кыл неврологиялык көйгөйлөрдөн жабыркайт. Психикалык оору - дүйнөдө башка дарттардын ичинен саны боюнча алдыңкы орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму психикалык дартка кабылгандар коомдун бөлүп-жаруусуна, кайдыгерлигине, жек көрүүсүнө туш болуп, андан абалы начарлап жатканын айтууда.

Кыргызстанда да психикалык оорулуулар өз дартынын белгилерин туура түшүнүп, убагында ишбилги адиске кайрылбагандан улам барган сайын көбөйүп баратат.

Кыргызстанда психикалык дарттан жабыркагандардын расмий саны 71 миңден ашык. Жылына 10 миң киши каттоого алынат. Жалпысынан 50 миңден ашуун адам оор психикалык дарттар менен жабыркайт жана алардын 10 миңге жакыны ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.

Өлкөдөгү экономикалык оор абал, коомдогу олку-солку окуялар, үй-бүлөдөгү туруксуздук сыяктуу көптөгөн чиелүү себептер адамдардын акылына кедергисин тийгизет. Адистер Кыргызстанда айрыкча козголоңдуу учурларда, революция болгондо психикалык оорулардын жеңил түрлөрү арбып кетээрин айтышат.

"Азаттык" Бишкектеги психиатриялык мекемелерде дарыланган бейтаптардын жашоо-турмушун чагылдырган сүрөт баянды көрүүчүлөрдүн назарына сунуштайт. Долбоорду "Азаттык" радиосу "Сорос" фонду менен биргеликте ишке ашырды.

Түшкү тамакка кезек күтүп турган бейтаптар.

Борбор калаанын чок ортосундагы Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде темир тор менен курчалган бир нече боз имараттар турат. Мына ушул боз тамдарда психикалык оорулууларды дарылоочу республикалык борбор жайгашкан. Бул жерде 460 адам дарыланса болот.

Мындагы бейтаптар дары-дармектерди медайымдардын дыкат көзөмөлүндө ичишет. Анткени, айрым бейтаптар дары ичүүдөн баш тартат, кээ бири болсо дарыны ооз көңдөйүнө жашырып алышат. Кээси болсо дарыны жутканы менен кийин аны кусуп салышы мүмкүн. Дары ичпей койгон учурда бейтаптын оорусу ого бетер күчөйт.

Бул жакта невроз, психоз оорусуна чалдыккандар, ичимдикке берилгендер, депрессиядан жабыркагандардан тартып акылын таптакыр жоготкон байлатма бейтаптарга чейинкилер дарыланышат.

Аялдар бөлүмүндөгү пианино.

Адистер экономикалык оор абал, коомдогу олку-солку окуялар, үй-бүлөдөгү кризис сыяктуу көптөгөн чиелүү себептер адамдардын акылына өз кедергисин тийгизип жатканын айтышат.

Түнкү нөөмөттө турган медайым. Ооруканада медицина кызматкерлери 24 саат дежур болуп, тыным албай иш үстүндө.

Кыргызстанда көпчүлүк адамдар психикалык саламаттыгына жакшы көңүл бурушпайт. Уйкусу качканда, депрессияга кабылып же маанайы чөккөндө алар психотерапевтке эмес, молдолорго кайрылышып дем салдырышат. Эң жакшы учурда катардагы терапевтке кайрылышат.

Уктап жаткан бейтап.

Элнура (аты өзгөртүлдү) борбордо дарыланып жаткан бейтаптардын бири. Ал өзүн жалгыз сезгенде оюнчугу менен сүйлөшүп турат.

Психотерапевт бейтаптын оорусунун деңгээлин анын тарткан сүрөттөрүнүн негизинде аныктайт.

Бейтапкананын эшиктери дайыма жабык турат. Терезелердин сыртына темир тор орнотулган. Бул айрым бейтаптардын качып кетпеши үчүн көрүлгөн чара.

Бейтаптарга сына турган оокаттар, кесе турган айнектер, мрамордон жана темирден жасалган буюм-тайымдар, жип берилбейт. Себеби айрым бейтаптар өзүнө өзү же башкаларга кол салышы мүмкүн.

Мындагы бейтаптардын саны күзүндѳ жана жазында көбөйөт. Акыл оорусунун көбөйүшүнө ишсиздик, коомдук абал тынч эмес учурлар себеп болот. Адистер айрыкча козголоңдуу учурда, революция болгондо психикалык оорулардын жеңил түрлөрү арбып кетээрин айтышат.

Бейтаптарга уюлдук телефон берилбейт. Туугандары менен жумасына бир жолу жолугушуп турууга уруксат берилет. Андыктан бул жердеги бейтаптар сырттагы маалыматты бөлүмдөгү жалгыз сыналгыдан же гезит-журналдардан алышат. Бирок, бардык эле бейтаптардын өзүн жакшы сезип, телевизор көрүп же гезит окууга чамасы келе бербейт.

Кыргызстанда эл психиатрга барып дарылангандан көрө молдо же бүбү-бакшыга каттап, аларга көбүрөөк ишенип, акчасын аябай турганы белгилүү. Психикалык дартты аныктап, туура дарылоого эл арасындагы стереотиптик түшүнүктөр, стигматизация, коомдон корунуу, оорусун жашыруу да себеп болгондуктан айрым бейтаптардын абалы оорлоп кетет.

Бейтап менен маектешип жаткан психотерапевт.

Акыл-эс саламаттыгы бузулса аны дары-дармек, ишбилги медициналык көзөмөл менен гана жөндөсө болот.

Бейтаптар бир бөлүмдө узак убакыт дарылангандыктан бири-бири менен дос болуп калышат.

Кыргызстанда калктын психикалык саламаттыгын камсыз кылган адистер жетишсиз. 6 млн. калкы бар мамлекетке 146 психотерапевт керек болсо, азыркы тапта 8 гана дарыгер бул багытта элди тейлеп жатат.

Республикалык психикалык саламаттык борборунун директору Ураимжан Исмаилов адам стресске кабылып, маанайы чөгүп, уйкусу качкан учурда психотерапевттин жардамына муктаж боло тургандыгын айтат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыл оорулары жыл сайын көбөйүүдө

Кыргызстандын 2030-жылга чейинки өнүгүү жолун аныктаган «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында өкмөт 2018-жылы «Калктын психикалык саламаттыгын коргоо жөнүндө» программа кабыл алган.

Анда ар бир адамдын укугун коргоодон баштап, психикалык ден соолугун сактоо үчүн ар бир үй-бүлө мүчөсүнө чейин кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, эл арасында психикалык саламаттык тууралуу түшүнүктү калыптандыруу жана ден соолукту сактоо үчүн «эл эмне дейт» деген көз карашты жоюуга чейин каралган. Бирок, мелженген ал иш-чаралар азырынча турмушка аша элек.

Психикалык оорулууларды дарылоочу республикалык борбордо кабыл алынган бейтаптардын арасында туугандары баш тарткандары да бар.

Дүйнөдө 450 миллион адам шизофрения, талма, депрессия, ичкиликке берилүү жана баңгимандык сыяктуу оорулар менен жабыркайт. Ал тургай медицинасы дүркүрөп өнүккөн батышта ар бир жетинчи адамда психикага байланыштуу акыл-эс көйгөйү бар.