Активист Токтонасыров «Азаттыкты» коргоп чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ош шаарында «Азаттык» радиосунун операторуна кол салган окуяны айыптап, «Унчукпай коё албайм» деген акция өткөрдү. Активист "Азаттыктын" айланасындагы акыркы окуяларды "сөз эркиндигине басым" деп баалады.