Жамгырчиевдин иши: комиссиянын жыйыны жабык өтүүдө

Эмил Жамгырчиев.

9-январда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат. Жыйында купуя маалыматтар айтылат деген жүйө менен комиссияга мүчө эмес депутаттар жана Жамгырчиев жыйындар залынан чыгарылып, ал жабык өтүүдө.

Жыйындын ачык өткөн бөлүгүндө Жамгырчиев өзүнө тагылган кинеге макул эмес экенин айтып, муну саясий куугунтук катары баалай турганын билдирди.

Башкы прокуратуранын суранычы, депутаттардын жүйөсү

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап, парламентке 27-декабрдагы кайрылган. Ал жыйында төрага Нурланбек Шакиев бул маселени кезексиз түрдө күн тартибине киргизип, Башкы прокуратуранын сунушун окуп берген. Ага ылайык, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексининин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бул комиссияны түзүү маалында "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков соңку жагдайды сынга алып, парламент депутаттарына кайрылды.

"Депутаттар, өз абийирди өзүбүз төкпөйлү. Динозавр бир-бирден тиштеп алып кете берсе, депутаттардын кайсы абройу калат? Депутаттык комиссия биз колдобогондой бүтүм чыгарып бергиле. Бир вице-премьер келип канча жолу "бетибизге түкүргөндөй болду", спикер баш болуп сурандык, бирок өкмөт ал кишини берген жок. Өзүбүздү өзүбүз сыйлайлы. Кезек сага келет, ошону эскертип коёюн".

Ал эми "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев бул иш боюнча күч органдарынын жетекчилери маалымат береби деген маселени козгоп, спикер Шакиев баш прокурор Курманкул Зулушев менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке келерин билдирген.

Азырынча эл өкүлү кайсы ишке айыпталып жатканы жөнүндө так маалымат жок. Депутаттар арасында дагы ар кандай сөздөр айтылып, чын-бышыгы тактала элек. Фракциялаш депутаты Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге буларды айтып берген.

“Ооба, мен үчүн күтүүсүз болду. Кесиптештер менен сүйлөшүп, суранычтын негизин тактап жатабыз. Чек араны мыйзамсыз өткөнү, кат түрүндө башка өлкөнүн жаранына кайрылуу фактысы бар имиш. Биз фактыларды карашыбыз керек. Мен дагы комиссияга кирейин деп жатам”, - деген Айдарбеков.

“Азаттыктын” булактары Жамгырчиевдин иши Өзбекстандын криминалдарына байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты. Жакында эле коңшу өлкөдө уюшкан кылмышту топтордун лидерлери, анын ичинде криминалдын анабашы аталган "Салимбай байбача" каймана аты менен таанымал Салим Абдувалиев кармалганы белгилүү.

Дагы бир депутат Камила Талиева ар кандай сөздөр бар экенин тастыктап, бирок азырынча так маалымат жок экенин белгилеген:

“Ал жигиттин өзүнөн сурайлы десек жок болуп жатат. Анча-мынча маалыматтарды угуп жатабыз. Түшүнүксүз маалыматтарды угуп жатам. Бирок, алар такталышы керек. Комиссияны угалы. Кандай маалыматтар менен келет. Былтыр иш козголот деп кийин кыскартылдыбы же башкабы, ал жигит кайра келип калган. Мүмкүн ошол иш кайра каралып жатабы деп божомолдоп жатабыз”.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Эмил Токтошев мындай окуялар депутаттардын кол тийбестигине шек келтирип жатканын айтып, эл өкүлүнүн маселесин кылдат териштирүү керек деп эсептейт.

“Четинен ушинтип алып кете берсе депутаттын баары коркок болуп калат. Азыр көрүп жатасыз, айтканына эле макул болуп жатышат. Андай болбошу керек, депутаттын өзүнүн пикири бар. Биз сындайбыз, айтабыз. Ошондуктан депутатпыз. Биринчи Адахан Кимсанбаевичти берип койдук. Бул жаман көрүнүш болуп баратат. Ар бир депутат ойлонушу керек”, - деди депутат.

Парламент депутаты Гуля Кожокулова Жамгырчиев бийликти кескин деле сындабаган депутат экенин белгилеп, мында саясат жок болушу мүмкүн деген ойдо:

“Саясатта Жамгырчиев жаңы адам, ошондуктан саясат менен байланышы жок деп ойлойм. Мадумаров менен салыштырганда, ал саясатта көп жылдан бери жүргөн киши. Жамгырчиев саясатта эмес, кызматта жүрчү. Мен билгенден орун басар болуп иштеп жүргөн. Азыр менде башка маалымат жок”.

Эмил Жамгырчиевдин бүдөмүк иштери

41 жаштагы депутат бир ирет камалып, ага укук коргоо органдарынын буга чейин да суроосу жана иши болуп келген. Ал бийликке көзү түз, ачык сын айтпаган депутат катары мүнөздөлүп келет. Анткен менен ал былтыр кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш бергенден кийин бийлик менен мамилеси бузулганы айтылып жүрөт. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында жетекчилик орундарды аркалап, кийин парламент депутаты болгон Эмил Жамгырчиев ким?

Былтыр да Жаңы жыл алдында Эмил Жамгырчиев тууралуу расмий жана расмий эмес карама-каршы маалыматтар жарыяланып, бирок кийин төркүнү ачылбай, басаңдап калган.

Маселен, 2022-жылы 26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат тараткан.

"Депутат Жамгырчиевдин өзү да текшерүүнүн жүрүшү тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн бир нече жолу УКМКга чакырылды, бирок анын кай жерде экенин билүүгө жана атайын техниканын табылышы тууралуу фактыны ырастоого мүмкүн болгон жок. УКМКга түшкөн маалыматтар Жамгырчиев мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, азыр чет мамлекеттин аймагында жүргөн болушу ыктымал деп болжолдоого негиз берет", - деп айтылган атайын кызматтын бир жыл мурдагы маалыматында.

Андан бир ай мурда депутат, атап айтканда, 27-ноябрда фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан атайын кызмат тарабынан кармалып, кайра бошотулганы кабарланган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, коңшу өлкөгө өткөрүлбөгөнү кеп болгон. Бул тууралуу кесиптештери айтып чыккан.

Жамгырчиев 2022-жылы күздө Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Ага байланышкан айрым окуялардын өнүгүшү парламенттеги ушул добуш берүүдөн кийинки учурга туш келет.

Дагы караңыз Эки депутат чек арада кабылган окуянын чоо-жайы белгисиз


Жогорку Кеңештин былтыр 30-ноябрдагы жыйынында “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев Жамгырчевдин тегерегинде түшүнүксүз окуялар болуп жатканын билдирип, аны депутаттын парламенттеги ишмердигине байлаган.

“Жогорку Кеңештин депутатын күч органдары кармап “ал жакка баспа, бул жакка басасың” дегени туура эмес. Биз муну түздөн-түз Эмил Жамгырчиев Кемпир-Абад боюнча мыйзамга каршы добуш бергени менен байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы иш козголуп, ал Жогорку Соттон, шаардык жана райондук соттон да акталган. Бирок ошого карабастан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатат. Эң негизгиси кечээ күнү Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылды. Депутат “каршы” же “макул” деп берген добушу үчүн жооп бербейт. Бул Конституцияда да, Жогорку Кеңештин регламентинде да жазылган”.

Ошол кезде депутат бир айдан ашуун парламенттеги иш ордуна келген эмес. Болгону 13-декабрда эмгек өргүү сурап Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылганы, атасынын оорусуна байланыштуу жыйынга катыша албай жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Ал эми 31-декабрда гана Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, Кыргызстандын аймагынан сыртка чыкпаганын маалымдаган. 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынына өзү келген. Депутат журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, аны чек арадан эч ким кармабаганын айтып тим болгон.

Ушул эле күнү Жогорку Сот Эмил Жамгырчиев акталган мурдагы ишти сотко чейинки териштирүү жүргүзүүнү уюштуруу үчүн өлкөнүн башкы прокуроруна жөнөткөнү маалым болгон. Эмил Жамгырчиевдин иши демекчи, ал “өрдөк эти” делген чуулуу иш боюнча “ири суммада пара алды” деп, 2020-жылы камалып чыккан. Мамлекетке 20 миллион сом төккөнү, кийин Жогорку Сотто акталганы маалым болгон. Жогоруда айтылгандай, жыл башында ушул иш кайра карала баштаган.

Дагы караңыз Депутаттар куугунтук маселесин кайра көтөрдү


Быйыл февралда Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда козголгон кылмыш иштин алкагында укук коргоо органдарына сурак бергени да белгилүү болгон. Ал 8-февралда "Азаттыкка" муну өзү ырастап, бирок ал кылмыш иштин чоо-жайын жана сурак качан болгонун тактаган эмес.

"Мени буга чейин Кыргызстандын укук коргоо органдары Өзбекстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында сураган. Азырынча мындан башка эч нерсе айта албайм", - деген депутат.

Эмил Жамгырчиев Ички иштер министрлигинде, Президенттик аппаратта, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы баштаган мекемелерде ар кандай жумуштарда иштеген. Ал эми 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары болгон.

2019- жылы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, коррупциялык иштерге тиешеси бар экени айтылган Райымбек Матраимовдун ишине байланыштуу Жогорку Кеңештеги парламенттик комиссиянын жыйындарында Жамгырчиевдин берген маалыматтары коомчулукта Матраимовду калкалоо катары кабылданып, сынга алынган.

Дагы караңыз УКМК билдирүүсү: Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз


Жамгырчиев 2020-жылы кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган октябрдагы шайлоодо бийлик колдогон "Биримдик" партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон. Бир жылдан кийин өткөн шайлоодо “Альянс” партиясы менен катышкан. Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалганда анын ордуна депутат болуп келген.

Жамгырчиев Кыргызстандагы колунда бар жаш саясатчылардын бири катары айтылып жүрөт. Ал жакында эле жаш манасчыга жорго тартуулаганы анын байлыгы тууралуу талкуу жараткан.

Жамгырчиев илешкен өрдөк эти

Эмил Жамгырчиевдин аты аталып, "Өрдөк эти" чуусу деп байма-бай жазылып келе жаткан чырдын чоо-жайы 2018-2019-жылдарга барып такалат.

Бул иште 2019-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары Эмил Жамгырчиев, өкмөттүк аппарат башчысынын орун басары Бактыбек Калмуратов да бар.

Ошол кезде Эмир Эмилканов аттуу ишкер 2018-жылы эле тыюу салынганына карабай, өлкөгө ири көлөмдө өрдөк этин алып келген. Ал муну "өрдөк этине тыюу салынып калганы тууралуу кабарсыз" болгону менен түшүндүргөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү кызматынын Чүй облустук башкармалыгы “аткезчилик” боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийин маселени "бармак басты, көз кысты" кылып жайгарыш үчүн акча сурашканын, Калмуратов менен Жамгырчиев 50 миң доллар пара алганын Эмилканов журналисттерге айтып чыккан.

Дагы караңыз Өрдөк этинин чуусу кайра жанданды


"Кактус Медиа" порталы 2019-жылы октябрда жарыялаган иликтөөсүндө кармалган өрдөк этинин көлөмү 80 тонна экенин жазган.

Макаланын чуусунан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматынан четтеткен.

Эмил Жамгырчиев 2019-жылы 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду "ыплас ушак" деп атаган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы айтылган маалыматтарды толугу менен четке кагып, "контрабандисттердин мекеменин ишине тоскоолдук кылуу аракети" деп атаган.

Ишкер Эмир Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга 2019-жылдын күзүндө арыз жазып, бирок ал каралбай келген. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийинки бийлик алмашуудан соң эки жума өтпөй Жамгырчиев менен Калмуратов кармалат.

Алар аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселени оңунан чечип берүү жөнүндө убада берип жеке ишкерден ири өлчөмдө пара алган деп шек саналган. Башкача айтканда, ал өрдөк иши боюнча камалганы белгилүү болгон. "УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Жазык кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") деген негизинде сотко чейинки териштирүү башталды" деп билдирген атайын кызмат.

Көп өтпөй эле Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Калмуратов да үй камагына коё берилгени белгилүү болгон. Экөө тең кийин Жогорку Сотто акталган. Ал ортодо Эмил Жамгырчиев 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, “Альянс” партиясы менен депутат болуп шайланган.

Дагы караңыз Өкмөткө көө жапкан «өрдөк эти»

Бирок 2022-жылы 6-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиев менен Калмуратовду актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Жогорку Сот быйыл январда жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган. Бул Жамгырчиев өкмөт катуу сүрөгөн Өзбекстан менен чек ара боюнча макулдашууга каршы добуш бергенден кийинки учурга туш келген.

Башкача айтканда, Жамгырчиев 2022-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгонун жогоруда айттык.

Ошентип Жамгырчиев менен Калмуратовдун иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып, 26-июлда убактылуу токтотулган. Анда судья адвокаттын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулган.

Депутатка козголгон кылмыш иши кайра жанданып, соттук отурум 7-декабрда Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Бирок соттук отурум 18-декабрга жылган. Буга Жамгырчиевдин адвокаттарынын Конституциялык соттун чечими менен таанышуу үчүн убакыт сураганы негиз болгон.

Отурумда прокурор Жамгырчиевдин ишин кайра тергөө үчүн прокуратурага өткөрүп берүүнү өтүнгөн, бул боюнча чечим кабыл алына элек.