Кыргызча үйрөнүү кыйын эмес

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда былтыртан бери орус тилдүүлөргө багытталган "Парафраз" видео триалитиси тартууланып келет. Анда кыргыз тилинин өзгөчөлүгү күнүмдүк турмуштагы жагдайлар, салт-санаа аркылуу баяндалат. Чакан чыгармачыл топтун иши, максаты, пландары тууралуу долбоордун демилгечиси жана автору Оля Ковалева "Азаттыктын" радио студиясында айтып берди.