Кыргыз улутунун кылымдар карыткан көркөм өнөрүнүн бир өңүрү – музыка таануу жаатында ырааттуу иликтөө жүргүзүп, далай унутулган аспаптарды жанданткан илимпоз жана агартуу ишмери, профессор Сагыналы Субаналиев тууралуу тарыхчынын блогун сунуштайбыз.
Өтө илбериңки жана жупуну өнөр таануучу эле
Кыргыздын чыгаан заманбап айдыңдарынын бири – Сагыналы Субаналиев (01.01.1948–04.11.2022) агабыз эле.
Аттиң, ал 74 жашында дүйнө салды. Бул жашты айрым аксакал академиктерибиз “эр ортону” деп азилдеп баалагандай эле, Сагыналыдай асыл агаларыбызды эч ким ажалга ыраа көрбөйт болчу.
Аны Кыргызстандагы көрүнүктүү музыка таануучу, комуз таануучу, этноорганолог деп билчүбүз.
Илимий даражалары боюнча ал көркөм өнөр илимдеринин кандидаты, профессор эле; ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы да ыйгарылган.
Бул өтө мээримдүү, адамгерчиликтүү, жупуну жана мээнеткеч айдың менен жанына барып учурашкандар анын дээрлик унутулуп бара жаткан далай музыкалык аспаптарды кайра калыбына келтирип, бүгүнкү өнөрпоздордун жандуу музыкалык аспаптарына кайрадан кошууга жетишкен уюштургуч коомдук ишмер экендигин биле беришчү эмес.
Анткени ал жупуну, жөнөкөй айдың эле.
Кыскача өмүр таржымакалы
Сагыналы агай азыркы тапта Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы (мурдагы Ош облусуна караштуу Жаңы-Жол районундагы) Авлетим (Афлатун) кыштагында 1948-жылы 1-январда жарык дүйнөгө келген.
Ал 1966–1970-ж. Бишкектеги (мурдагы Фрунзе) музыкалык-педагогика окуу жайында окуган.
Сагыналы агай 1970–1972-жж. Кыргыз ССРинин Сыналгы көрсөтүү жана үналгы берүү мамлекеттик комитетинин музыкалык редакциясынын редактору болуп иштеп калды. Дал ушул жылдары ал кыргыздын музыка өнөрүнүн далай устаттары менен бетме-бет дидарлашып, алардын далайынын чыгармаларынын жалпы калайыкка жеткирилишине жана алтын казынага жаздырылышына салым кошкон.
Бирок ал өз билимин өркүндөтүү зарыл экендигин өзгөчө туйган. Ошентип, 1972–1977-жылдары ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда музыка таануу факультетинде таалим алган.
Бир эле мезгилде ал Кыргыз ССРинин Сыналгы көрсөтүү жана үналгы берүү мамлекеттик комитети менен чыгармачыл байланышын уланта берген.
Сагыналы 1977-ж. Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун фольклор секциясына аспирантурага өтөт (бул ЖОЖдун орусча аталышы – Ленинградский государственный институт театра, музыки и кинематографии, кыскача ЛГИТМиК).
Кийинчерээк, 1991-жылы, бул ЖОЖдун аталышы “Н.К.Черкасов атындагы Санкт-Петербург театр, музыка жана кинематография мамлекеттик институту” (кыскача СПбГИТМиК) деп аталып калган. Анан эки жыл өтүп, ал "Санкт-Петербург театр өнөрү мамлекеттик академиясы" болуп жаңыча аталган.
Бул жогорку окуу жай азыркы тапта (т.а., 2015-жылдан бери) “Орусиянын сахна өнөрү мамлекеттик институту” (Российский государственный институт сценических искусств, кыскача РГИСИ) деп аталып келет. (Булардын чоо-жайын айтканыбыз – маркум Сагыналы агай окуган аспирантура азыркы тапта кайсы илимий-агартуу мекемесине таандык экендигин даана көрсөтүү далаалатыбызга байланыштуу).
Дагы караңыз Кыргыз фольклор жыйноочуларынын акыркы могиканыОрусиядагы белгилүү музыка таануучу илимпоз, профессор Игорь Владимирович Мациевский (украинче ысымы: Ігор Володимирович Мацієвський) Сагыналы Субаналиевдин илимий жетекчиси жана нускоочусу эле.
Теги харьковдук украин болгон композитор жана музыкалык этнограф Игорь Мациевский 1999-жылы “Украинанын көркөм өнөрүнө эмгеги сиңген ишмер” наамын алган.
Профессор И.Мациевский 5 илимдин докторун жана 22 илимдин кандидатын, анын ичинде 12 казак, өзбек, кыргыз, уйгур, татар, азербайжан, тыва жана башка түрк музыкалык маданияттарын изилдөөчү окумуштууну даярдаган.
Бул өңүттү да бекеринен эскерген жокпуз. Менимче, мурдагы Советтер Биримдигиндеги көптөгөн этностордун музыка таануучу адистерин телчиктирген профессор И.Мациевский бардык шакирттерин башка элдердин музыкалык аспаптарын жана өнөрүнүн тарыхын аздектеп үйрөнүүгө чакырган ар тараптуу устат болуп саналат.
Профессор И.Мациевский кийин да Сагыналы агайга доктордук диссертациясын жазуу маалындагы кеңешчиси болгон.
1982-ж. кыргыздын элдик музыкалык аспаптары жөнүндө илимий диссертациясын жазып бүтүп, ийгиликтүү жактаган. (Караңыз: Субаналиев, С. Киргизские музыкальные инструменты в эволюции традиционных форм музицирования: автореф. канд. иск.: 17.00.02 / Сагыналы Субаналиев. – Ленинград, 1982. – 24 с.).
Көркөм өнөр таануу илимдеринин кандидаты Сагыналы Субаналиев агай 1985-жылдан тартып СССР композиторлор союзунун мүчөсү болуп калган.
Ал эми 1986-жылы ал мурдагы диссертациясын кеңейтип, кыргыз музыка өнөр таануусу үчүн өзгөчө омоктуу болгон илимий монография жарыялаган. (Караңыз: Субаналиев, С. Киргизские музыкальные инструменты: Идиофоны, мембранофоны, аэрофоны [Текст]. – Фрунзе: Кыргызстан, 1986. – 168 с.).
1977–1987-жж. ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун улук окутуучусу, музыканын тарыхы кафедрасынын доценти болуп иштеди.
Албетте, мындай адистер министрлик үчүн да табылгыс кадр эле. 1987–1991-жж. ал Кыргыз ССРинин (кийинчерээк Кыргыз Республикасынын) Маданият министрлигинин көркөм өнөр башкармалыгынын башчысы болуп иштеди.
Дагы караңыз “КАМБАРКАН» МЕНЕН “АК МАРАЛ” КЫТАЙДАН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК САПАРДАН КАЙТЫШТЫ1991–1992-жж. ал Бишкек гуманитардык университетинин (азыркы Хусейин Карасаев атындагы БМУнун) дүйнөлүк маданият кафедрасынын башчысы болду.
1992–1994-жж. ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын көркөм жетекчиси кызматын аркалады.
1994–2006-жж. ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун профессору жана салттуу музыка кафедрасынын башчысы болуп эмгектенди.
Ара-чолодо, 1999–2004-жж., ал Кыргыз Республикасынын Композиторлор Биримдигинин (союзунун) төрагасы да болуп иштеди.
Сагыналы агай 2006–2014-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун ректору кызматында үзүрдүү иштеди. Жетекчилик кызмат менен чектелип калбастан, ал өзү да студенттерге кыргыз музыкалык аспаптары жаатында таалим берип, сейрек колдонулуп калган үйлөмө жана чертме аспаптарды жигердүү колдонууга шыктандырды.
Кыргыздарда "жетиген" деп аталып, Ала-Тообузда эгемендик доорунда кайра колдонула баштаган чертме аспап, маселен, Энесайда калган хакас боордошторубузда азыркыга чейин "чатхан" деп аталып, ырааттуу колдонулуп келет эмеспи.
2019–2022-жж. Сагыналы агай Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун жетектөөчү илимий кызматкери болуп иштеп жүрдү.
Сагыналы агай 2022-жылы 4-ноябрда дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 6-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө арууланып жерге берилди.
Үй-бүлөсү тууралуу учкай кеп
Сагыналы агайдын жаншериги – мээнеткеч педагог жана агартуу тармагындагы уюштуруучу Кенжекан Усупова эжеке.
Аксылык Сагыналы менен кеминдик Кенжекан 1972-жылдын 14-октябрында баш кошкон.
Жубайлар Айсулуу деген кыздуу (12.01.1973), Султансейит (Султансеит; 19.02.1974) жана Султанмурат (18.10.1985) деген эки уулдуу болушту.
Эки неберенин чоң атасы, бир неберенин таятасы болуп, Сагыналы агай балдарынын тойлорунун четин көрүп, ыракатка батып жашап калды.
Эми Кенжекан эжеке, Айсулуу, Султансейит жана Султанмурат маркум агайдын көркөм өнөр таануу жаатындагы мурасын заамнбап ыкмалар менен дүйнөлүк коомчулукка таанытуу аргаларын көрүп келишет.
Чындыгында, маркум агайдын баалуу эмгектерин англис жана башка чет тилдерге котортуп, дүйнө коомчулугуна жеткирүү иши анын үй-бүлөсүнүн эле эмес, мүлдө айдыңдарыбыздын милдети катары бизди күтүп жатат.
Экинчи өмүрү китептерде улантылган айдың
Сагыналы Субаналиев агай мээнеткеч окумуштуу эле. Аны маркум фолклор таануучу Буудайбек Сабыр уулу (1933–2011), маркум этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев (1934–2002) сыяктуу бел чечпей тынымсыз кумурскадай эмгектенген айдың деп билебиз.
Дагы караңыз Элдик этнограф Амантурдун көөнөргүс изиБул улуу муундагылардан айырмаланып, Сагыналы агай Орусиядан терең академиялык таалим алууга жана кыргыз таанууну жаңы илимий сереге чыгарууга салым кошууга жетишкен илимпоз болчу.
Сагыналы агай өзүнүн ар тараптуу изилдөөлөрүндө кыргыз элдик музыкалык аспаптарынын XX кылымдын 80-жылдарына чейин дурустап изилдене элек жана сүрөттөлө элек 25 жаңы түрүн ачкан. Тагыраак айтканда, ал дээрлик унутулуп калган 25 музыкалык аспапка “жан киргизген”, аларды илимий усулда системалаштырган, кеңири илимий колдонууга жана аткаруучулук тажрыйбага (практикага) ырааттуу киргизген.
Бул мурда дээрлик унутулуп калган аспаптарды заманбап фолклордук-музыкалык топтордун пайдалануусу үчүн Сагыналы агай илимпоз катары гана эмес, уюштургуч жетекчи катары да зор рол ойногон.
Анын айрым китептерин санай кетелик:
1. Кыргыздын музыкалык аспаптары: идиофондор, мембранофондор, аэрофондор. – Фрунзе: “Кыргызстан”, 1986. – 166 б.;
2. Кыргыздын музыкалык аспаптары. – Фрунзе: “Адабият”, 1991. – 144 б.;
3. Чоорлор. – Фрунзе: “Кыргызстан”, 1986. – 50 б.;
4. Кыргыздардын улуттук инструменталдык музыкасы жана кыргыздардын инструментарийлери: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Маданият министрликтери тарабынан музыкалык окуу жайлардын композитордук-теоретикалык факультеттеринин “Элдик музыкалык чыгармачылык” курсуна сунушталган окуу куралы. – Бишкек: “Учкун”, 2003. – 336 б.;
5. Музыка. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. – Бишкек, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 222 б.
Адистердин айтымында, профессор Сагыналы Субаналиев жүзөгө ашырган кыргыздардын салттуу музыкалык аспаптарын изилдөөдөгү илимий ачылыштар ондогон көөнө аспапты бүгүнкү музыка өнөрүндө кайрадан колдонууга мүмкүндүк жаратты.
Бул аракет улуттук аспаптардын тембрдик жана башка ар түстүү палитрасын жаңылоо жана кеңейтүү, улуттук музыканын табитин андан ары байытуу үчүн олуттуу огожо болду.
С.Субаналиев Кыргыз ССРинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин көркөм өнөр башкармалыгынын башчысы катары мындай жаңыланууну ишке ашырууга жигердүү катышкан. Дал ушул мезгилде (б.а. “Кайра куруулардын” окуялар ургаалдуу жүргөн соңку учурларында жана эгемендиктин башаттык мезгилинде) "Камбаркан" мамлекеттик фольклордук-этнографиялык ансамбли түзүлүп, жер-жерлерде ушул сыяктуу башка да атаандаш чыгармачыл топтор жарала баштаган.
Сагыналы агай кыргыз күүлөрүн мурдараак нотага түшүргөн музыка таануучулардын айрым катачылыктарын оңдоп, өзү да нотага түшө элек далай күүлөрдү (анын ичинде дастандарды коштогон күүлөрдү) нота белгилери аркылуу дүйнөлүк чөйрөгө тааныткан.
Маселен, Сагыналы агай Шамашрап дубананын бир калмак баатырынын кызы Гүлгаакыга арнаган ыйык сезими чагылдырылган обондуу дастандын ноталарын китебине түшүргөн. (Караңыз: Субаналиев С. Комуз в традиционной культуре кыргызов: Монографическое исследование / Науч. конс. И.В.Мациевский; Науч. ред. и авт. вступ. ст. Д.А.Булатова. [Комуз – кыргыздардын салттуу маданиятында: Монографиялык изилдөө / Илимий кеңешчи И.В.Мациевский; Илимий ред. жана Алгы сөз автору Д.А.Булатова.] – Бишкек: Турар, 2023. – С. 306–308).
Айтмакчы, кыргыздардын өнөрпоздору аткарган бул дастанда сопулук поэзия жана музыка (анын кайырмасында сопулар зикир чалгандагы "лаа илааха илла-л-лаа" сыяктуу сөздөр бар эмеспи, анжыяндык кыргыздардын өзбек жана кыпчактар менен алакалары, ошондой эле сопулук тарыкаттын бир өкүлү болгон таланттуу дубананын калмак баатырынын кызы Гүлгаакыга ашык болушу аркылуу саясий жааттан жаңжалдашкан этностордун арасында согуш гана болбостон, тынч замандагы куда-сөөктүк мамилелер да орун алгандыгына ишаара кылган өзгөчө кызыктуу этностук-маданий маалымат камтылган эмеспи.
Шамашраптын, б.а. Шах-Машрабдын, прототибин айрым адистер өзбек акыны жана ойчулу Бабарахим Машрап (өзбекче Boborahim Mashrab; 1657 (1657), Наманган — 1711, Балх) менен окшоштурушат. Балким, бир жагынан, аны аны сөзсүз эле Бабарахим Машрап менен окшоштуруунун зарылчылыгы жоктур. Экинчи жагынан, акын Токтогул Сатылган уулу менен замандаш болгон Молдо Тойчу (1868—1943) сыяктуу эле бул өзбек акыны дагы анжыяндык кыргыздарга камыр-жумур жашагандыгын четке кагууга болбойт.
Машрап ысымы анжыяндык кыргыздарда да көп коюлчу. (Кыстара кетсек, биздин ноокаттык курсташ досубуздун ысымы Маширап эле).
Дегиңкиси, Сагыналы агайдын жаратмандык салымдарынын бардыгын бул чакан блогубузда кемелине келтире чагылдыра албайбыз.
Дагы караңыз Улутунуп калды "Улуу Тоо"...Профессор С.Субаналиевдин кийинки эмгектери дагы кыргыздын музыка таануусуна XXI кылымдын башында кошкон зор салым болуп калды.
С.Субаналиев тарабынан фолклордук экспедицияларда чогултулган кыргыздын кээ бир эски улуттук аспаптары Швециядагы Стокгольм музыкалык аспаптар музейинде жана Словакиянын тарых жана маданият музейинде экспонат катары көрсөтүлдү.
Маркум Сагыналы агайдын бул илимий жана маданий мурасы – жалпы кыргыз улутунун кыргыз таануу жаатындагы сыймыктуу мурасы болуп түбөлүккө аздектелип кала бермекчи. Анын ысымын болочокто дагы ырааттуу аздектеп эскерүү – аксылыктардын гана эмес, жалпы улутубуздун жаңы муундарынын орток парызы деп санайм.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.