Кунарсыз үйлөрдүн курулушу күч алды

Иллюстрациялык сүрөт.

«Бишкек башкы архитектура» муниципиалдык башкармалыгы мындан ары жаңы салынган үйлөрдүн кабыл алуу актыларына Мамлекеттик экологиялык техникалык кызмат менен кошо катышууну талап кылууда.

Себеби өтө тез курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты долбоордо көрсөтүлгөндөр менен дал келбеген учурлар арбын катталууда.

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы, депутат Махабат Мавлянова, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Марат Жороев, Мамлекеттик экологиялык техникалык көзөмөл инспекциясынын (Мамэкотехинспекция) архитектура жана курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Ашырбаев жана «МЕГА Строй» курулуш компаниясынын башкы директору Индира Ибраимова катышты.

«Азаттык»: - Марат мырза, жакында эле силердин мекеме Бишкектеги курулган имараттардын мурдагы долбоорго дал келбеген учурларын аныктаган рейд жүргүздү. Бул текшерүүгө эмне себеп болду?

Марат Жороев: - Биз шаардын архитектуралык көркү үчүн бирден-бир жооптуу мамлекеттик орган болгондон кийин ушундай текшерүүнү жүргүзгөнгө милдеттүүбүз. Акыркы убакта биз бекитип берген долбоордон четтеп, имараттын өңү-түсү, сыртына колдонулган материалдар долбоордогудан айырмаланган учурлар көп кездешип жатат. Текшерүүнү жапырт шаар боюнча жүргүзөлү деген чечим кабыл алганбыз. Дагы улана бермекчи.

Марат Жороев.

Алгач биз басма сөз өкүлдөрүнүн катышуусу менен ушул рейдди уюштурдук. Эми биз текшере турган курулуш объектилери аябай көп, ошондуктан мындан ары кандай иштерди аткарабыз деп, Мамэкотехинспекция менен кошо иштерибиздин планын түзүп жатабыз. Долбоордон четтөө мыйзам бузуу болуп эсептелет да. «Аларга каршы кандай чара көрүш керек?» деген маселенин үстүндө иш алып баруудабыз. Азыр жумуштун башкы этабында элебиз. Жакын арада кеңири маалыматтарга ээ болобуз.

Тамыр жайган коррупция

«Азаттык»: - Махабат айым, азыркы мыйзамдар боюнча «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгы талап кылып жаткандай үйлөрдүн даяр болгондогу акыбалын кабыл алуу актысына архитекторлорду кошсо болобу? Мунун мыйзамдык жагы кандай?

Махабат Мавлянова: - 2010-2012-жылдары мамлекеттик көзөмөл органдарында бир топ реформалар жүргүзүлүп, курулушту текшерүү жана көзөмөлдөө функцияларынын баары Мамэкотехинспекцияга берилип калган.

Махабат Мавлянова.

​Албетте, ишкерлер үчүн көзөмөл органдарынын азайышы, текшерүүнүн либералдашып, бир эле мекемеде болуп калышы жакшы. Бирок тескери жактары да болуп жатат. Жооптуу бир эле орган менен коррупциялык келишимге барууга шарт түзүлүүдө. Мурда бир нече органдан өткөндөр азыр бир эле көзөмөлчү менен макулдашып алып, азыркыдай нормативдик талаптарды аткарбаган учурлар келип чыгып жатат. Бул жердеги башкы жоопкерчилик - экологиялык техникалык көзөмөл органында. Алар да бул сыяктуу рейддерге кошо чыгып, мыйзамга дал келбеген учурларды аныкташы керек. Азыркы кырдаалдан улам бул орган өз ишине кайдыгер карап жатканын же коррупциялык элементтер бар экенин байкасак болот. Менимче, долбоорго дал келбеген объектилерди өткөрүп алган бул кызматтын жооптуу адамын кошуп сот органдарына деле кайрылып, атайын иш козгосо болот. Экинчиден, «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгын үйлөрдү эксплуатацияга берүүдө көзөмөлдөөчү органга кошуш керек деген пикирди мен колдойм. Ар бир курулуп жаткан райондогу үйлөргө алар да текшерип, жоопкерчиликти карашы керек.

«Текшерүү бейтарап болгон жок»

«Азаттык»: - Акыркы текшерүүдө архитекторлор кемчилик тапкан курулуш объектилеринин негизгилери «Мега Строй» ишканасына таандык экен. Индира айым, текшерүүлөр дароо эле силердин объектилерден башталыптыр. Объективдүү болду деп ойлойсузбу?

Индира Ибраимова: - Менимче бул текшерүү бейтарап өткөн жок. Анткени мен башкарган компания курган үйлөр колдонууга берилгенине төрт жыл болуп калды. «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгынын кызматкерлери элге туура эмес маалыматты таркаткан. Биринчи объектимди карап, анын «сыртын шыбоодо арзан каражат колдонулган» деп айыпташыптыр.

Индира Ибраимова.

Эгерде бир чарчы метри миң сомдон ашык турган керамогранит биздин Кыргызстан үчүн арзан материал болсо, анда мен таң калып отурам. Кыргызстанда эмне, биз билбеген мындан да кымбат курулуш каражаттары менен үй салган башка өлкө барбы? Бул биринчиси. Экинчи фактор - №7 кичирайондогу «Мега Сити» аттуу 11 кабаттык комплекске башынан аягына чейин керамогранит төшөлгөн. Бирок текшерүүдө аталган башкармалыктын кызматкери «алюкобонддон жасалган» деп да жалган маалымат берип жатат. Ал курулушта 1 грамм да алюкобонд жок.

Марат Жороев: - Менде азыр колумда «Мега Стройдун» объектилери боюнча так маалымат жок. Азыркы тапта биздин кызматкерлер берген маалыматты текшерип жатабыз. Кокус ката кетирсек, албетте, компаниядан кечирим сурайбыз. Биз маалыматтарды текшерип, канчасы жалган же туура экенин билгенден кийин да кошумча билдирүү жасайбыз. Курулуш каражаттарына келсек, долбоорлоо учурунда кайсы бир материалды колдон же колдонбо деп таңуулабайбыз. Үйдүн долбоорлорун бизге алып келгенде шаар куруу башкармалыгы менен бирге карап чыгабыз. Айланасындагы имараттар, аларга жаңы объект дал келеби, көрктү бузбайбы деген бир нече факторлорду карайбыз. 2008-жылдын 30-майында өкмөттүн №252 токтому кабыл алынган. Анда курулуш тармагындагы уруксат кагаздарын берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу бекитилген. Ага ылайык биздин «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгы курулуп жаткан имараттарды эксплуатацияга кабыл алуудан чыгып калган. Эмне себептен чыгарып салышканы бүгүнкү күнгө чейин бизге белгисиз. Бул маселе быйыл эле көтөрүлө калган жок. Бир нече жылдан бери башкы бекитилген долбоордон четтеп, сыртын башка түскө боёп салган, балдар ойноочу аянтча долбоордо көрсөтүлсө иш жүзүндө жок болуп калган жана башка бир топ кемчилик менен курулган үйлөрдү таап чыгып жатабыз. Азыр мен экологиялык техникалык көзөмөл органдары чабал иштеп жатат деп айткым келбейт, ошентсе да мындай мыйзамсыз иштерге эмне себеп болуп жатканын билгибиз келет.

«Уруксат алуу да пара менен коштолот»

Угарман: - Үйлөрдү курганга уруксат бериш үчүн мэриядагы ар бир бөлүм бирден батир пара алат экен. Салыгы, өрт коопсуздугу болуп отуруп, ар бирине бирден батир берип, анан уруксат менен курушат. «Коррупция менен күрөшөбүз» деп жатабыз. Дал ушул курулушта жемкорлук гүлдөп жатат. Ушунун тамырын кантип кыркса болот?

Махабат Мавлянова: - Уруксат кагаздарын бериш үчүн өкмөттө «Бирдиктүү терезе» деген система түзүлгөн. Бирок ал толук иштебегендиктен, кырдаал ушундай болуп жатат. Чындыгында угарман айткан маселе бизде бар. Бирок кол менен кармап ала албагандан кийин, далили жок бирөөнүн мойнуна коюш аябай кыйын. Коррупциянын негизги очогу инженердик-техникалык түйүндөрдө болуп жатат. Канализация, суу, электр өткөрүү сыяктуу иштер ачык-айкын жүрбөгөндүктөн, коррупциялык жолдорго барып жатышат. Ошондуктан азыркы тапта «Бирдиктүү терезеге» инженердик-техникалык түйүндөрдү да кошуш керек. Ошондо гана коррупциялык жолдор жоголот деп ойлойм.

Ашырбаев: «Мамэкотехинспекциянын күнөөсү жок»

«Азаттык»: - «Курулушту кабыл алуудагы текшерүүнүн жоопкерчилиги Мамэкотехинспекцияда» деп жатышат. Эмнеге мүчүлүштүктөрдү кетирип жатасыңар?

Таалай Ашырбаев.

Таалай Ашырбаев: - Чындыгында архитекторлор менен чогуу эле иштейбиз, анан «кемчиликтин баары кабыл алуу актысында болот» деп бизге дооматты арта салып жатышат. Буга мен макул эмесмин. Себеби үйдүн сырткы бөлүгүн биз кабыл албайбыз.

Мыйзамдын негизинде биз курулушка кандай материал колдонулду, коопсуздук чараларына жооп береби деген гана нерселерин карайбыз. Муну эми биздин кесиптеш архитекторлор деле билет да. Ал эми рейд учурунда аныкталган фасад боюнча долбоорго дал келбеген учурларда анын автору сөзсүз «Бишкек башкы архитектурага» кайрылып, фасадды өзгөртүп жатканын кабарлайт. Биз автордун жеке чечимине кийлигише албайбыз да.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.