Пригожиндин козголоңу: Орусияны эмне күтөт? 

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз.

Кантсе да анын Ростов-на-Донудан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтогону айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды. Пригожиндин козголоңу эмнени көрсөттү? Эми Орусияны эмне күтөт?