Сый менен сын аралашкан президенттин сапары

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жамааты менен жолугушууда, 19.12.2021.

Президент Садыр Жапаровду Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда жолдун эки тарабына тизилип, кол булгалап шаан-шөкөт менен тосуп алгандардын видеосу интернетке тарады. Түрдүү сын-пикир, талкууларга жем таштады. Президенттик администрация Барпы айылындагы бул көрүнүш териштирилерин, Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы экенин билдирди.

Кортеж өтүп бараткан учурда жол боюнда каз-катар тизилип, желек көтөрүп тургандардын видеосу президент Жапаровдун өткөн апта соңунда Жалал-Абад шаарындагы иш сапарында тартылган.

Кыска видео социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга негиз болду. Жергиликтүү айрым тургундар жол четине мугалимдер, жергиликтүү ФАПтын кызматкерлери жана башка бюджеттик кызматкерлер чыкканын билдирди. Барпынын аксакалдары видео кайрылуусунда элди көчө боюна чыгууга эч ким мажбурлабаганын, баары өз каалоосу менен Садыр Жапаровду жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди тосуп чыкканын айтышты.

Дагы караңыз УКМКга берилген "Байрактар", коопсуздуктан чыккан талкуу

Соцтармактардагы катуу талкуулардан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы мындай көрүнүштөргө каршы экенин, жагдай боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Барпы айыл аймагынын башчысы Нурлан Сайитбеков өз ыктыяры менен чогулгандарды жергиликтүү өкмөт таратууга аракет кылганын айтты.

Барпы айыл аймагынын башчысы Нурлан Сайитбеков

"Президент келе электе мен айылдагы элге барып жолугуп, жолдун боюна чыкканга макул болгон эмесмин. Алар мени жаман көрүшкөн. Өз ыктыяры менен чыгып жатышканын айтышты. Ал жерде жергиликтүү тургундар эле ажого жолугуу үчүн чыгышкан. Мында мугалимдер бар дегени да туура эмес".

Жарандык активист Бакыт Молдожанов өлкө башчысын тосуп алуудагы ашыкча аракетти кошоматчылык катары сыпаттады. Ал мындай "шаан-шөкөттүн артында жергиликтүү бийлик турат" деп эсептейт:

Бакыт Молдожанов

"Азыр акимдер менен мэрлерди өлкө башчы дайындап жаткан учур келди. Ошондуктан, алар билгизбей кошоматтык кылышы мүмкүн. Бул көрүнүшкө жетекчилер аралашкан деп ойлоп жатам".

Сузактын элинин арасында Барпыдагы окуяны өөн көргөндөр да бир топ экенин аймак тургуну Эрнисбек Масиркулов айтып берди.

Эрнисбек Масиркулов

"Буга чейинки өлкө башчылардын тушунда мынчалык кошоматчылык болгон эмес. Көчөгө чыгып алып, колдоруна желек көтөрүп, согушка жөнөткөндөй болуп аркасынан ызылдап кетишкен. Президенттердин жанындагылар кошоматтык кылып жүрүп кызматынан кетирип, кийинкисин "сиз Жапаровдон жакшы иштеп жатасыз" дегендер чыгат".

Интернетте жарыяланган видеонун айланасында социалдык тармактарда да талкуу жүрүп, түрдүү пикирлер айтылып жатат.

Бул окуядан соң Барпы айылынын аксакалдарынан турган он чакты тургун видео кайрылуу жасап, эл өз каалоосу менен бул кадамга барышканын айтышып, андан саясат жасабоого чакырышты.

"Биз чын көңүлдөн Садыр Жапаровду тосуп чыкканбыз. Жумурткадан кыр издеп атасыңар. Душмандыктын чеги болот. Кыргыз эли сени менен, Ташиев менен!", - деп айтылган анда.

Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш-сапары менен барган. Аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка жетекчилер коштоп жүргөн. Ташиев Сузактын ушул Барпы айылынан болот. Президент иш сапары учурунда район эли менен жолугушуп, Түндүк-Түштүк автожолундагы ири өтмөктүн курулушу менен таанышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына алынган "Байрактарды" - учкучсуз учуучу аппараттарды көргөн.