Жапаров электр энергиясын кымбаттатабы? | "Бүгүн Азаттыкта" | 21.04.21
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте уу коргошунга уулангандардын саны төрт адамга жетти. Башкы прокурор ушул күнгө чейин уу коргошундун тундурмасын жалпысынан 400 бейтап ичип, коронавируска каршы дарыланганын айтууда. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда кумарканаларды ачууга жол ачкан мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жасады. Президент андан тышкары кыргыз энергетикасы терең кризисте экенин айтып, электрдин тарифин өзгөртүүнү сунуштады.