Египет: Келечек үчүн идеологиялык күрөш

Египетте бийлик менен оппозиция ортосундагы тирешүү токтой элек.
Египеттеги жагдайды айрым байкоочулар исламдык кыймылдар менен секулярдык системаны, же дин мамлекеттин иштерине кийлигишпеген түзүлүштү колдогондор ортосундагы кагылышуу катары сыпаттап жатышат. Президент Мухаммед Мурси өлкөнүн жаңы Конституциясын шашылыш кабыл алып, аны бүткүл элдик референдумга алып чыгууну көздөп жатат.

Президент Мухаммед Мурсинин өзүнүн жеке бийлигин кыйла кеңейтип күчөткөн 22-ноябрдагы жардыгы дээрлик эки жылдай убакыттан бери биротоло тынчыбай келаткан жагдайды ого бетер курчутту. “Мусулман агайындар” исламдык уюмунун өкүлү катары шайлоодо жеңген президент Мурси кандай максаттарды көздөп жатат? Египеттеги кырдаалдан башка өлкөлөр кандай сабак алса болот?

Египеттин калкы экиге бөлүнүп калды, бейстабилдүүлүк узакка созулат дегендер да жок эмес. Чатактын өзөгү эмнеде? Кыргызстанда да келечекте дин менен саясаттын ортосунда кагылышуу чыкпайбы?

Ушул жана башка суроолор тегерегиндеги талкууга Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасы Абдулатиф Жумабаев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу Самаган Мырзабраимов жана КМУУнин доценти Самат Бекибаев катышты. Талкуунун кыскартылган аудио вариантын мына бул жерден угуңуз:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Египет: Келечек үчүн идеологиялык күрөш уланууда (1-бөлүк)


Абдылатиф Жумабаев: Азыр Египет эли эки жаат болуп бөлүндү деген маалымат туура эмес. “Мусулман агайындар” бийликке келди, шариатты колдонушат деген сыяктуу кооптонуулар мурда да айтылган.

Мусулмандар Египетке киргенде, ал жердеги байыркы пирамида жана башка эстеликтер болгон. Аларды эч ким кыйраткан эмес. Анткени эстеликтер адамдар сыйынгандай идол (ыйык жай) болгон эмес. Кооздук үчүн салынган. Ошон үчүн мусулмандар “бул жерде сыйынышпайт экен , муну талкалаштын кереги жок" дешкен. Бир нече жыл мурда Ооганстанда Будданын эстелигин азыркы "Талибандардын" динди толук билбегендери талкалашкан.

Самат Бекибаев: Акыркы эки жыл көрсөттү. Азыр араб өлкөлөрүнүн элдеринде ишенбөөчүлүк пайда болду. Алар “Кырдаал эми кандай болот? Президенттер дагы отуз жыл башкарабы?” деп кооптонушууда. “Мусулман агайындар” Мухаммад Мурсини абдан катуу колдошууда. “Президент Мурсинин жактоочулары динчил, ал эми алардын каршылаштары Батышты карайт” дегенге мен кошулбайм. Анткени араб өлкөсү Батышты стратегиялык өнөктөш катары карабайт. Же Батыш менен жакындашып кетели дебейт. Египеттеги кырдаалды өздөрү жөндөшпөсө, сырткы күчтөр кийлигишүүсү мүмкүн.

Самаган Мырзаибраимов: Президент Мурсинин президенттик укугун кеңейтүүсү - Египетте жүрүп жаткан идеологиялык күрөштүн бир тактикасы. Адам укуктарын чектөө маселесине байланыштуу талаштар - Мурсинин тактикасына жооп катары колдонулган сөз. Себеби “Мусулман агайындардын” идеясын колдогон күчтөр өзүнө ылайыктуу системаны курганга аракет кылууда. Андай системаны куруу үчүн ага бут тосуучу күчтөрдү ооздуктагандай күчтүү президент керек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Египет: Келечек үчүн идеологиялык күрөш уланууда (2-бөлүк)


Азаттык: Египет – арап өлкөлөрү ичинен калкынын саны жагынан биринчи орунда турат. Ошол эле маалда көп жылдардан бери сунни мусулмандарынын интеллектуалдык жана маданий борбору катары эсептелип келген. Христиандар калктын 10 пайыздайын түзөт. Андан башка либералдар, солчулдар бар. Байыстуу мусулмандар, аялдар менен эркектер бардык жерде тең укуктуу болушун жактаган мусулмандар абдан көп. Ушул ар түрдүүлүктү “Мусулман агайындары” өңдүү исламдык кыймыл сактап кала алабы?

Египеттеги азыркы идеологиялык жаатташуудан мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттер кандай сабак алышы керек?