Прагада Кыргызстандын эгемендик күнү белгиленди

27-августта Чехиянын борбору Прага шаарында Кыргызстандын эгемендик күнү белгиленди. 

Майрамдык иш-чараны Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадат Даминова, “Ала-Тоо” уюмунун жетекчиси Асел Акматалиева баштаган активдүү кыргызстандыктар уюштурушту. Ага Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев да катышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, “Кыз узатуу” салты көрсөтүлдү.

Прагадагы майрамга келген мекендештер.

Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата Прагада жайылган дасторкон. 

Мындан тышкары Германиядагы, Австриядагы жана Чехиядагы кыргызстандыктардын ортосунда кезектеги “Достук” кубогу үчүн футбол мелдеши уюштурулду.

Мелдешке Германиянын, Австриянын жана Чехиянын ар кыл шаарларынан келген кыргыздардын сегиз футболдук командасы катышты.

Быйылкы “Достук” кубогун Прагадагы кыргыздардын командасы жеңип алды.