Допинг эркекти тукумсуз кылчу күчкө ээ

Орусиядагы допинг чырына байланыштуу иллюстрация

Акыркы мезгилде Кыргызстанда спорт залдардын саны арбып, дене тарбия көнүгүүлөрү жана профессоиналдык спортко кызыккандар барган сайын арбып барат. Бирок муну менен катар алардын азыктануусундагы кошумча каражаттардын көмүскө соодасы да арбыды.

Допинг – англис тилинен которгондо маңзат деген мааниде. Жыйырманчы кылымдын башында организмдеги эндокриндик жана нервдик системаны кызытуучу бул каражаттарды АКШдагы ат оюндарынын машыктыруучулары жана чабандестер колдоно башташкан. 1913-жылы алгач ирет америкалык Фрэнк Старр атына допинг бере коём деп, жарыштан четтетилген. Мына ошондон бери спортто кызытма колдонуу катуу көзөмөлдөнүп келет.

Нуршат Абабакиров пауэрлифтинг менен машыгат. Өз тамагына кылдат карап, бир да жолу энергетикалык суусундук же организмин кызытуучу каражат колдонуп көргөн эмес:

- Мен машыгып жаткан пауэрлифтингдеги спортчулардын булчуңдары өтө чоң болбойт. Алар өздөрү жеңил болгону менен оор салмактарды көтөрүшү керек. Андыктан мен ашыкча салмак кошпоюн деп ар дайым кошумча спорттун түрлөрү менен да машыгам. Маселен чуркап, футбол ойнойм. Ичкен-жегениме кылдат карайм. Протеиндүү азыктанганга аракет кылам. Себеби протеин адамды семиртпей күч-кубат гана берет. Кошумча витамин же дары каражаттарын ичпейм. Витаминдерден болсо кээде эле дарыканаларда сатылган жалпы иммунитетти көтөрүүчү каражаттарды эле ичем. Анын үстүнө Кыргызстандын азыктары витаминге бай эмеспи. Ошол эле базардагы бадыраң, капуста, сабизден керектүү углеводдорду алса болот.

Анаболикалык стероиддер

Нуршат спорттон дароо эле кереметти күтүп, ошого үмүт артуу туура эмес болгонун айтат. Аны жашоо ынгайына айлантып, эрежесин так бузбаганда гана натыйжа тапса болот.

Ал арада жакында эле Рио-де-Жанейродо аяктаган 31-Олимп оюндары Кыргызстанга кубануунун артынан көңүл калуу да алып келди. Ага башкы себеп допингден чыккан чыр болду. Ушундан улам допинг же анаболикалык стероиддер деген эмне деген суроо менен Кыргыз-славян университетинин окумуштуусу Аида Зурдиновага кайрылдык.

- Эркектик гормондорду жана күчүн арттыруучу каражаттарды медицинада анаболикалык стероиддер деп аталат. Клеткадагы белоктордун синтезин күчтөндүргөндүктөн кишинин салмагы артат жана башка дагы көп жаман таасирлери болот. Ушундан улам аны анаболик деп атайбыз. Мындай дары-дармектер дарыгердин гана рецепти менен сатылышы керек. 1958-жылы аны баары эле иче берсе болот деген Дүйнөлүк саламаттык уюмунун чечими чыккан. Уруксат берилген жылдары аны оор атлетика багытындагы спортчулар кең- кесири колдонушкан. Бирок терс таасирлери аябай көп катталган. Салмакты эле арттырып койбой, адамдын маанайын өзгөртүп, киши агрессивдүү болуп калат. Ушундан улам 1960-жылдары кайра тыюу салышып, катуу көзөмөлгө алышкан.

Аялды эркекке, эркекти аялга айлантып койот

Зурдинованын айтымында, Кыргызстанда анаболикалык стероиддерди текшере турган мамлекеттик бир да лаборатория жок. Бонецкий атындагы жеке жайда гана заарадан стероид таба турган анализ алышат. Анын баасы кымбат. Мындай анализди бөйрөк трансплантациясы сыяктуу оор операциядан кийин атайын дары катары стероид ичкендер 3 миң сомго жасатышат. Бирок өлкөдө өтүп жаткан спорттук жарыштардын бирөөндө да допинг тест жасалбайт. Аны ишке ашырчу жабдуулар жана адистер да жок. Ал арада стероиддин адам организмине зыяны тууралуу Зурдинова буларга токтолду:

- Жыныстык активдүүлүктү алгач күчөткөнү менен жумурткалардын иштөөсүн бузат. Эркектердин тукумсуздугу келип чыгат. Ашыкча чыккан эркек гормону ал адамга чоң зыян берет. Урук бездеринин рагына алып барат. Эркекке эмчек өсүп чыгышы ыктымал. Азыр кыз-келиндер да ичип жатпайбы, аларда да биринчи кезекте тукумсуздукту жаратат. Денесинин баары эркектикиндей катуу болуп калат. Буга кошумча денеге безетки сыяктуу май жаралар чыгат. Ошондой эле кант диабетин козгойт. Тилекке каршы, бизде ушул дарылардын кандагы же заарадагы концентрациясын текшерүүчү лаборатория жок. Бул биздин саламаттык системадагы чоң кемчилик.

Малга сайылган дары ракты козгойт

Акыркы мезгилде Кыргызстанда бодо малга стероид сайып тез убакытта семиртүү кеңири тажрыйбаланган көрүнүшкө айланды. Мындай ыкмадан семирген малдын этин жеген кишиде да гормоналдык бузулуу келип чыгып, рак шишиктери организмге жайылат.

Түркияда да бир нече жыл мурда мал семиртүүдө анаболикалык стероидди ашыкча колдонуу көбөйүп, кийин аны мамлекет өз көзөмөлүнө алып, азайтканын айтат Эржиес университетинин профессору Зафер Гөнүлалан:

- Малдын кулагынын алдына бир эле жолу сайыла турган каражат. Тез семирүүсүн шарттайт. Бир гана жолу сайса эч кандай зыяны деле жок. Бирок адамдар канча көп болсо ошончо жакшы дешип, 5-6 же андан көп анаболикалык стероидди сайып, өтө тез анан семиз болсун деп жатышат. Бул абдан коркунучтуу. Канында стероид болгон малдын этин жеген адамда рак клеткалары көбөйөт. Жыныстык жактан да айрыкча жаш балдар менен өспүрүмдөрдүн дене түзүлүшүн өзгөртүп жиберет. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө стероиддерди агрономияда колдонуу мыйзамга жат.

Кызытмага кызыккан кыздар көбөйдү

Кыргызстанда анаболикалык стероиддерди дарыканалардан сатып алууга болбогону менен көмүскө базардан кеңири тапса болот.

Акыркы мезгилде тез убакытта арыктайт элек деп саламаттыкка зыяндуу допинг заттарын ичкен кыз-келиндер да көбөйгөнүн Бишкектеги машыктыруучу залдардын бирөөндө иштеген Александр Кузнецов да белгилейт:

- Көбүнчө биздин спорт залга келген айымдар арыктай турган каражаттарды сурашат. Ооба, мындай каражаттар бар. Аны да өз дозасынан ашырбай ичсе гана пайдалуу. Бирок айрымдары дароо эле арыктап, супсулуу болуп калгысы келип, стероид сурашат. Мындай каражаттарга тыюу салынган. Ошентсе да биздин өлкөдөн тапса болот. Мындай заттар аялдын саламаттыгына чоң зыян тийгизет.

Спорттук дарыгерлер жок

Ал арада берүүнү даярдап жатып, спорттук дарыгер издеп, Бишкектеги бардык саламаттык сактоо органдарына кайрылып көрдүк. Бирок Кыргызстанда дене тарбия жаатындагы саламаттыкты көзөмөлдөөчү адистешкен спорттук врачтарды табуу өтө кыйын.

Аларды даярдоо жаатында мамлекет эмне кылып жатат деген суроого Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Нурлан Бримкулов жооп берди:

- Бизде азырынча спорттук дарыгерлерди даярдай турган атайын адистик жок. Бирок бардык студенттер дене тарбия көнүгүүлөрү, дене тарбия маданияты сыяктуу негизги билимди алышат. Спорттук калыптануу жана денени чыңдоо боюнча да сабактарыбыз бар. Азырынча спорттук медициналык адистерди даярдоо деген маселе көтөрүлө элек эле. Эми жакында бул суроо козголо баштады. Эгерде талап коюлса, атайын адистик ачылышы мүмкүн.

Адамдын организмине стимуляция берүүчү кофеин, амфетамин, эфедрин, стрихнин, фенотропил, мезокарб сыяктуу миңдеген заттар бар. Алардын көбү суук тийгенде иче турган сасык тумоонун дарыларынын курамынан жана азыр базарда кеңири сатылган энергетикалык суусундуктардан деле кездеше берет. Бирок денесине күч келгенде же спорт менен маышкканда мындай заттарды колдонуу кан басымды кескин жогорулатып, жүрөктүн иштөөсүн тездетет, дене тапты өзгөртүп, кыска убакыттын ичинде адам өлүп калуусу ыктымал. Андыктан бул заттарды колдонууда адистер ар дайым этият болууга чакырышууда.