Орус полициясынан жашынган тажикстандык кыз-келиндер

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда эми аялдар полициядан жашынууга аргасыз болууда. Буга чейин күч түзүмдөрү негизинен эркектерди кармап, камап келген. Аялдардын көбү эмгек патентинин жоктугунан кооптуу абалга туш болууда. Эркектерге салыштырмалуу аз айлыкка иштеген аялдар толук кандуу документ ала албай убара.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын журналисттери Орусияда иштеп жүргөн бир нече тажик аялдарды кепке тартып, алар туш болгон кыйынчылыктары тууралуу сурады.

"Биз бул жерде талаада иштейбиз, шартыбыз оор: тизеге чейин баткак. Арабыздан он кишини алып кетишти. Биз токой плантацияларын аралап, тикенектүү бак-дарактардын арасына качтык. Бут кийимдердин баары жыртылыптыр...", - деди Краснодардагы фермада иштегенин айткан аял жүзүн жашырып.

Видеодо ал талаада күн карама арасында жашынып жүргөн жердештерин көрсөтүүдө. Ал өзү да кармалып калуудан коркуп, жатаканага кайткысы келбей жатканын кадр сыртында баяндап берген.

Орусияда мигранттарга каршы рейддердин күчөшү ансыз да түйшүккө баткан мигрант аялдардын жашоосун татаалдаштырды. Укук коргоо органдарынын көзүнө чалдыгып калбагай элек деп көчөдө этият жүрүшөт.

Шохида ажырашкандан бир жылдан кийин Орусияга иштегени кеткен. Ал эмгек патенти жок болгондуктан шаар кыдыргандан айбыгып, көчөдө ар дайым коркуп жүрөрүн айтууда.

Миграциялык патент - бул чет өлкөлүк жарандардын Орусияда иштөө укугун тастыктаган документ.

"Патент 6600 рублга көтөрүлүп, андан кийин документтерди узартпай коюшту. Патентке 6 600, батирге дагы 6 миң бересиң. Мен бул акчаны балдарыма жөнөтсөм деп ойлогом, эми кантем?".

Дагы караңыз Орусияда тажик мигранттары кармалып, студенттер сабалды

Шохиданын мекенинде үй-жайы жок. Ошондуктан Орусиядан да кетип кала албайт. Ушул тапта батирлерди жыйнап-тазалап иштеп жүрөт. Тапкан акчасы мээнетин актабайт.

"Мен бул батирге келдим, тазалап жатам. Батир абдан чоң, бирок ага карабай батир ээси эки миң эле төлөйм дейт. Эмне кылам, аргасыз макул болушум керек".

Расмий статистикага ылайык, 2022-жылы Тажикстандан сыртка 130 миңдей аял иштегени кеткен. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсе кеп. Алар негизинен үй жыйнап, устаканаларда, дүкөндөрдө, аз бөлүгү курулушта жана айыл чарба талааларында иштешет. Түйшүгү эркектердикиндей эле болсо да, кыз-келиндерге эмгек акы аз төлөнөт.

Зулайхо Алимахмадова кампада эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин - 12 саат иштейт. Ал жумушка келген сайын полицияга түшүп калуудан коркот.

Зулайхо Алимахмадова

"Жумуш оор, биз ишке этияттык менен чыгабыз".

Бул келиндин жолдошу Рогун ГЭСинин курулушунда каза тапкан. Жесир калган Зулайхо ГЭСтин дирекциясынан күйөөсү үчүн компенсация алууга бир нече жыл аракет кылып, бирок максатына жеткен эмес. Айласы түгөнгөндө беш баласын туугандарына таштап, сыртка жумушка кеткен.

Укук коргоочу Мухаммаджон Сабиров соңку айларда мигрант аялдарды орус полициясы катуу көзөмөлгө алганын билдирип жатышат.

Мухаммаджон Сабиров

"Көптөгөн аялдар үйдө, батирде, медайым болуп иштешет, кемпирлерди карашат же бала багат. Бул жактагы маянасы аз. Алар жумушка азыраак чыгышат, ошондуктан көбү документ жасашпайт. Өткөн аптада эле эки аял байланышты. Алар Москва шаарынан патент алып, Москва облусунун аймагында иштегени үчүн депортация болушкан экен".

Укук коргоочунун айтымында, мигрант аялдарды балдары менен чогуу кармап, кийин депортациялоо үчүн миграциялык борборлорго жайгаштырган учурлар көп. Көпчүлүк аялдар мекенибизде жашоо оор болбогондо эч качан эмгек миграциясына бармак эмеспиз дешет.