Жураев: КСДП реформага муктаж

Эмил Жураев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын курултайда Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары чыгаруу чечими жана партиянын ички саясий иштери боюнча саясат талдоочу Эмил Жураев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: КСДПнын 15-июлда талапкер көрсөтүү боюнча өткөн курултайында партияны реформалоо тууралуу сөз козголду. Негизи эле бул партияда ички реформа кандай болушу керек? Дегеле партия реформага муктажбы?

Жураев: Кыргызстандын партиялык системасында партияларды реформалоо, аларды жакшылап түптөп чыгуу партиялардын бардыгына тең эле тиешелүү чоң маселе. Ошол эле кезде бул Кыргызстан социал-демократиялык партиясына да таандык. Чыныбай Турсунбековдун “башка партиялардын баарында бир киши – лидер эле чечет. Лидери гана президенттикке талапкер катары чыгат. Ал эми бизде болсо көп лидерлер” бар деп кыстарып, айтып кеткен жери бар. Бирок чын-чынына келгенде КСДП деле президент Атамбаевдин көзүн карап, президенттин башчылыгында гана ар кандай чечимдерди кабыл алып жатканы белгилүү.

“Азаттык”: Бул курултайда КСДП азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду расмий түрдө президенттикке талапкер кылып көрсөттү. Ошол эле маалда парламент спикери Чыныбай Турсунбеков да ат салышуу ниетин билдирди. Бул эмнеден кабар берет?

Жураев: КСДПнын курултайында кызыктуу кубулуш болду. Президенттик жарышка партиянын атынан талапкер катары сунушталган Жээнбеков гана эмес, аны менен катар Чыныбай Турсунбеков да талапкер болууга кызыкдар экендигин белгилеп кетти. Жадагалса анын сүйлөгөн сөзүн шайлоо платформасынын өзөгү деп да сыпаттасак болот. Менимче, бул бир чети партиянын ичиндеги лидерлик маселе оор экендигинен кабар берсе, экинчиден, партиянын ичиндеги негизги активисттердин, элитанын бир гана талапкерди бир добуштан колдоп бергени ишенимдүү эмес экенин көрсөтөт. Ошондуктан Чыныбай Турсунбеков да кайсы бир колдоонун негизинде ушундай жолго барып жатат.

“Азаттык”: КСДП партиясынын жаштар канаты боюнча да өз ара пикир келишпестиктер да ачыкка чыгып жатат. Бул боюнча кандай ойдосуз?

Жураев: Жаштар канатынын лидеримин деп өзүн тааныштырып, бир топ сөздөрдү айтып чыккан Ринат Самудинов деген жигиттин тегерегиндеги сөздөр, менимче, партиянын ички ишиндеги жагдай. Прогрессивдүү, өз алдынча, сынчыл ойлоно алган, конструктивдүү сунуштарды берген адамды жектеп, курултайга киргизбей койгондору өтө өкүнүчтүү. Менимче, бул кишинин, аны колдогон топтун ойлорун угуу партияга өтө чоң пайда болмок. Сөзүмдүн башында айтып кеткендей, ушуга окшогон пикирлерди угуу реформанын бир жакшы жолу болуп калмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.