Стратегиядан стратегияга
3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жыйналды. Анда 2013-2017-жылдарга белгиленген улуттук стратегиянын алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Бул стратегия ошол кезде өтө зарыл болгону кийин билинди деди Атамбаев:
- Анткени ошол өлкөбүз, элибиз алапайын таппай турган оор кезде, депутаттар өз ара чырлары менен алек болуп, өкмөт дээрлик жыл сайын алмашып турган кезде мамлекетибиз үчүн жок дегенде беш жылдык жол картасы зарыл болчу. Туура, адилет жолду жоготпосун десек 5 эмес, 20-25 жылдык жол картасын чогуу түзүп коюшубуз керек.
Быйылкы жылдын аягы менен гана толук жыйынтыктала турган Улуттук стратегиянын аткарылган жана аткарылбаган жагына көп көңүл бурулууда. “2017-жылга карата кедейликтин деңгээли кагаз жүзүндө эмес, реалдуу түрдө 37%дан 25%га чейин же 12%га кыскарат” деп стратегияда жазылып турат. Буга экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин ушул аптада “Арай көз чарай” талкуубузда айтканы төп келбей жатат:
- 2013-жылы жакырчылыктын деңгээли 37% болсо, 2015-жылдын жыйынтыгы менен 32%га түштү. 2011-жылы орточо айлык маяна 11 миңдин тегереги болсо, 2016-жылы 14 миң сомго чейин көтөрүлдү.
Ал эми улуттук стратегияда “орточо эмгек акы 2017-жылга карата 26 миң сомго чейин өсөт” деп жазылган. Деген менен президент Атамбаев эл аралык каржы институттары Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгарганын белгилөөдө. Кыргызстан элин Казакстанда жашагандар менен салыштырып, элет жергесинде коңшу мамлекеттин кыштактарына караганда алда канча бардар жашоо өтүп жатат дейт президент.
Президент жаңы стратегия жазууну сунуштады
Бул Кыргызстандагы дээрлик бардык тармактарды камтыган улуттук стратегиялык пландын экономикалык жагынын гана айрым көрсөткүчтөрү. Мунун баары албетте 2017-жыл менен кошо стратегиялык план жыйынтыкталганда эсептелиши керек. Стратегияда 80ге жакын ири долбоорлорду ишке ашыруу да каралган болчу.
2014-2015-жылдары ишке кириши керек болгон Текстиль-кийим тигүү өндүрүшү үчүн технополис долбоору эмнеден аксаганын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев мындайча түшүндүрдү:
- Технополис боюнча эң кыйыны жер маселесин чечүү болуп турат. Аны жылдын аягына чейин чечиш керек. Бүгүнкү күндө 50-70 жеке ишкердин Бишкекте бир тилке ишке кирсе, сегиз миңге чейин жумушчу орун түзүү боюнча долбоор даярдалды. Жылдын аягына чейин ишке киргизилет деп күтүп атабыз.
Деген менен экс-депутат Каныбек Осмоналиев технополисти курууга өкмөт өзү тоскоол болгонуна көңүл бурууда:
- 2014-жылы мен депутат кезде технополис боюнча мыйзам долбоорун көтөрүп чыгып, биринчи окуудан өкмөт өткөрбөй койгон. Мунун мыйзамдык базасы жок. Ошону алтынчы чакырылыш ишке ашырат деп күттүм эле. Бирок, дале ал маселе ачык бойдон калып атат.
Мына ушундай маселелер чыгып жатканда президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 2040-жылга демилгеленген стратпландын негизин түзөт деп 6-апрелде “Таза коом” улуттук долбоорун жарыялады. Ал ишкердикке жагымдуу шарттарды түзүүнү, жарандарга мыкты кызмат көрсөтүүчү мамлекетти курууну көздөйт. Аны ишке ашыруу мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын камсыздап, коррупцияга каршы тутумду калыптандырат делет. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук маселесин жеңилдетип, алардын жашоо сапатын көтөрүп, коопсуздугун чыңдайт деп Исаков ишендирүүдө.
Ири улуттук долбоорлор мурдагы бийликтердин тушунда да иштелип чыгып, бирок ийгиликтүү ишке ашкан эмес. А бирок Сапар Исаков "Таза коомду" ишке ашырууга толук чечкиндүүлүк жана саясий эрк жетиштүү деп жатат:
- Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бизде жаштардан турган мыкты команда бар. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Алардын көбү өз күчү менен мына ушуга окшогон долбоорлорду ишке ашырган.
Ошол эле маалда аппарат жетекчиси эл аралык донорлордон долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык жана методологиялык көмөк суроодо. Бул өтүнүчкө жооп майда Бишкекте өтүүчү донорлордун конференциясында айтылары күтүлүүдө.
Дүйнөлүк баа менен базарга байланган кыргыз экономикасы
А бирок талдоочу-экономист Азамат Акелеев бир стратегиянын эсеп-чоту алына электе экинчисин иштеп чыгуунун зарылдыгы канчалык деген суроо коет. Ал ошондой эле долбоорлор менен программалар бири-биринен көчүрүлгөн жагдайдан кеп салды:
- Мисалы, 2014-2015-жылдары "Өнүгүүнүн жол картасы" деген иштелип чыккан. Бирок кийинки келген өкмөт аны аткарбай койгон. Негизги иш-чаралар бардыгына эле белгилүү. Алар ар бир иштелип чыккан стратегиядан стратегияга эле көчүрүлүп келе жатат. Бирок аткарылган жок. Ошол эле туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын көптөгөн көрсөткүчтөрү максатына жеткен жок. Аны иштеп чыккан адамдар эми кайра эле жанагы 2040-жылга чейинки стратегияны ишке ашыра аларынан күмөнүм бар.
7-апрель ыңкылабына 7 жыл
Быйыл 7-апрелде 2010-жылдагы ыңкылаптын жети жылдыгы белгиленди. Ата-Бейитте президент Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү ыңкылап шейиттерине арнап Куран окушту.
Буга удаа эле борбордук аянтта ыңкылапка байланыштуу театралдаштырылган иш-чаралар өтүп, ал майрамдык салтанат, ыр менен коштолду. Апрель ынкылабынын жети жылдыгы өлкөнүн башка булуң-бурчтарында да белгиленди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Салтанат, эскерүүдөн мурда “Ыңкылап максатына жеттиби” деген өзөктүү суроо коюлууда. Ал Кыргызстанда ушул жыл аралыгында экономика, эл турмушу канчалык өнүктү, ошо кездеги бирден-бир талап болгон коррупцияга каршы күрөш, сот адилеттиги, демократия, сөз эркиндиги жаатында алдыга жылуулар болдубу деген суроолор менен чечмеленет.
Бул окуялар Кыргызстанды кандай өзгөрттү деген суроону сырттан көз салган Англиядагы Эксетер университетинин саясат таануу боюнча доктору, постсоветтик чөлкөм боюнча адис Дэвид Люиске узаттык:
- Ыңкылапты колдогондор үчүн демократияны калыптандырууда жана өлкө каалаган экономикалык өзгөртүүлөрдү ишке ашырууда көңүл чөгөргөн учурлар жок эмес. Менимче, 2005- жана 2010-жылдагы ыңкылаптан кийинки убадалардын баары ишке ашты деп айтуу кыйын.
Биз Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдү карап жатабыз. Ал жактарда авторитардык бийлик бар, эркиндиктер чектелген, бийлик саясий системаны көзөмөлдөп турат. Бул багыттан караганда Кыргызстан дагы ачык бойдон кала берүүдө. Толугу менен акыйкат же эркин деп айта албасак да шайлоолордо саясий атаандаштык байкалат.
Бирок экинчи жагынан алганда кээде абал башаламан болуп, ал экономикага терс таасирин тийгизген туруксуз учурлар бар. Мындай жагдай региондогу башка эл үчүн үлгү эмес. Менимче, авторитардык системадан башка модел байкалбаган бул региондо Кыргызстан үмүт жаратат. Бирок көп нерсе алдыдагы шайлоого көз каранды. Бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй чөлкөм үчүн маанилүү.
Удаа теракттар
Узап бараткан жумадагы бийликтер теракт деп атаган эки кандуу окуя болду. Ал окуялар жалпысынан Борбор Азиянын имиджине терс таасир тийгизүүдө.
3-апрелдеги Орусиянын Санкт Петербург шаарынын метросундагы жардыруу 14 адамдын өмүрүн алып, элүүдөн ашуунун жарадар кылды.
Террорчулукка шектелип орусиялык, өзбекстандык жана кыргызстандык сегиз адам кармалганы, аларды Санкт-Петербург соту июль айынын башына чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарганы маалым болду. Жанкечтинин өзү да Кыргызстанда туулган Орусия жараны деп расмий маалымат таратылган.
Кармалгандар 2015-жылдын ноябрь айынан бери "Ислам мамлекети" жана "Ал-Нусра" сыяктуу террорчул уюмдарга жарандарды азгырган деп шектелүүдө. Бирок, Питердеги терактка азырынча жоопкерчиликти эч бир тарап ала элек.
Жума, 7-апрелде Швециянын борбору Стокгольмдо жүк ташуучу унааны башкарган кылмышкер көчөдөгү жөө адамдарды тебелетип, андан соң соода борборун сүзүп токтогон. Бийлик теракт деп атаган бул окуядан төрт адам өлүп, ондон ашууну жаракат алышкан. Кол салган адам качып кетүүгө үлгүргөн. Стокгольмдун борборундагы террордук кол салууга шектүү делип эки адам кармалды. Швед полициясы кармалган 39 жаштагы өзбекстандык адам, “Ислам мамлекети” террор тобунун жактоочусу деп маалымат берүүдө. Акыркы бир жылда мындай жүк унаасы менен адамдарды сүздүргөн окшош чабуулдар Ницца, Лондон, Берлин сыяктуу Европа шаарларында болуп, ондогон адамдардын өмүрүн алды.
Трамптын Асадга соккусу
Узап бараткан аптада АКШ Сириянын аскер аба базасына “Томагавк” аттуу канаттуу ракеталары менен сокку урду. Бул алты жылдык жарандык согуш учурунда АКШнын Сирия өкмөтүнө каршы алгачкы чабуулу. Бул Трамп менен Путин элдешет деген үмүттөрдү биротоло үзгөндөй болду.
Шайрат аттуу шаардагы аскер аба базасы Сирия президенти Башар Асад үчүн куралдуу оппозицияга абадан сокку урууда негизги түйүнү экени белгиленет.
АКШнын соккусу согуштук учактарга, алар катылган ангарларга, күйүүчү май кампаларына, ок-дары сакталган бункерлерге, ракетадан коргонуу системаларына, радарларга тийгени, база дээрлик талкаланганы кабарланды. Аны Сирия армиясы бышыктап, алты аскери өлгөнүн да билдирди.
Сокку урардан мурунку күнү АКШ президенти Дональд Трамп:
- Сириянын диктатору Башар Асад шейшемби күнү (4-апрель) бейкүнөө жарандарга каршы үрөй учурган химиялык чабуул жасады. Асад жардамга муктаж эркектер менен аялдардын, балдардын өмүрүн уулуу газ менен кыйды. Бул алардын көбү үчүн жай, бирок азаптуу өлүм болду. Атүгүл татынакай наристелер да жырткычтык менен жасалган чабуулда мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Мындай карасанатайлыкты Кудай бир да баланын башына салбасын. Сирия тыюу салынган химиялык куралды колдонуп, химиялык куралдар боюнча конвенция алдындагы милдеттенмелерин бузуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чакырыктарын жеригенинде эч талаш жок, - деди.
Башар Асаддын режими жасады делген химиялык чабуул 4-апрелде Идлиб провинциясында болгон. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваторясы деген уюмдун эсебинде, 4-апрелдеги химиялык чабуулдан кеминде 86 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШ Сириянын өкмөттүк учагы зарин газын абадан чачып адамдарды ууландырган деген бүтүмгө келгенин батыш медиасы жазды. Сирия өкмөтү менен Орусия уулуу газ өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын курал кампасына абадан сокку ургандан кийин тарап кеткенин билдирген.
НАТО, Евробиримдик, Түркия, Сауд Арабиясы, Жапония АКШнын чабуулун колдошту.
Асадга колдоо көрсөтүп келаткан Иран менен Орусия айыпташты. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдиргендей, президент Владимир Путин “АКШнын Сириядагы соккусун суверендүү өлкөгө каршы агрессия жана эл аралык мыйзамдарды бузгандык” катары карайт. Песковдун айтымында, Путин ага катар “Вашингтондун бул кадамы ансыз деле азыр жаман абалда турган Орусия-АКШ алакасына олуттуу сокку урат” дейт.
Муну менен катар Москва Вашингтон менен Сириянын аба мейкиндигинде эки өлкөнүн аскерий учактары ортосундагы инциденттерди алдын алуу максатында түзүлгөн макулдашууну токтотконун жарыялады.
Жума күнү АКШнын Сирия соккусуна байланыштуу чукул чакырылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында АКШ-Орусия өкүлдөрү бири-бирин айыпташты, арты жаман болот деген эскертүүлөр айтылды.
10-апрелде Москвага бармак болгон Британия тышкы иштер министри ушул окуядан кийин сапарын токтотконун жарыялады. “Сириядагы окуялар жагдайды түп тамырынан өзгөрттү” деген Борис Жонсон АКШ менен болуу приоритет экенин айтты. Ал эми 11-апрелге белгиленген АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Москва сапары токтотулбайт. Талдоочулар бул жолугушуу акыркы күндөрдөгү ачуу билдирүүлөрдү жумшартып кетер деген үмүттө.