Бажы биримдигинен бак издеген Кыргызстан

Астана. 29-май, 2014-жыл.

23-декабрда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул максатта президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз делегациясы 22-декабрда Москвага жөнөп кетти.

​Президент баштаган кыргыз делегациясы Москвага сапарга аттанар алдында өкмөт атайын жыйын куруп, анда Бажы биримдигине кирүү боюнча келишимдин долбоору каралды. Өкмөттүн кабарлоосуна караганда, жыйында келишимдин долбоору жактырылып, парламент комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети өкмөттөн келген келишим долбоорун дүйшөмбү күнү чукул карап, жактырып берди. Бул маалыматты комитеттин мүчөсү, “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, келишимде дагы эле такташа турган маселелер бар экен. Ал 23-декабрда Москвада биринчи вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги жыйналышта каралат. Ошол эле учурда Бажы биримдигине кирген өлкөлөр топтогон жалпы бажы төлөмдөрүнүн Кыргызстанга бөлүнө турган үлүшү 1-2% тегерегинде болуп жатканын Сабиров белгиледи.

Жогорку Кеңеш депутаты Улукбек Кочкоровдун айтымында, келишимде Кыргызстандын кызыкчылыктары корголбой калган башка жагдайлар да бар. Бирок жетекчилик саясий чечим кабыл алып, Бажы биримдигине баратат.

- Биздин саясий жетекчилерге ушундай саясий чечим кабыл алууга шарт түзүлүп жатат окшойт. Бирок ошондой учурда дагы биз өзүбүздүн мамлекеттин кызыкчылыгын сактаган нормаларды киргизишибиз керек эле. Маселен, биз мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды дагы карап жатабыз. Негизи ар бир мамлекет өзүнүн өндүрүшчүлөрүн коргоого алат. Ал эми бизге сунушталып жаткан мыйзамда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ишканаларына артыкчылык берилет деп айтылууда.

Улукбек Кочкоровдун пикиринде, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кабыл алынып жаткан антимонополдук саясат боюнча мыйзамда да Кыргызстан калкынын кызыкчылыктары дурус сакталбай калган. Маселен, күйүүчү май, цемент сыяктуу маанилүү товарларга бааны антимонополдук кызмат көзөмөлдөй албай калат.

Кыргызстандагы оппозициялык топтор жана саясатчылар мамлекет Бажы биримдигине даярдыксыз кирип баратканын белгилеп, маселени элдик референдумга чыгарууну талап кылып келатат.

Кыргыз бийлиги мындай сындарга Бажы биримдигине кирбөөнүн зыяны киргенге караганда көбүрөөк болот деп жооп бергени маалым.

Экономика министри Темир Сариев Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандын кошулушу менен биримдиктин аймагында капиталдын, товар, кызмат көрсөтүү жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүшүнө жол берилерин 22-декабрда дагы бир жолу билдирди.

​Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишим 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Орусия, Беларус жана Казакстан мына ошол келишимдин негизинде иш жүргүзө баштайт. Кыргызстан 23-декабрда келишимдерге кол койгондон кийин ратификациялык жол-жоболордон өткөрүүсү керек. Бул үчүн төрт-беш ай талап кылынат. Ошондуктан кыргыз өкмөтү май-июнь айларында келишим күчүнө кирет деп болжоодо. Экономика министри Темир Сариев болсо Кыргызстан 9-майга карай биримдиктин толук кандуу мүчөсү болууга аракеттенерин билдирген.

Бирок Кыргызстанда бажы бекеттерин Бажы биримдигинин талаптарына ылайыкташтыруу жана санитардык-ветеринардык лабораторияларды куруу жагынан эч кандай иштер жасала элек.

Алар азыркы кезде кагаз жүзүндө гана бар дейт Бажы биримдигине кошулуу боюнча өкмөт алдындагы эксперттик топтун мүчөсү Сергей Пономарев:

- Кагаз жүзүндө бизде баары жасалган. Ким эмнеге жооп берери аныкталган. Иш жүзүндө эч нерсе жасала элек. Анткени убада кылынган каражат бөлүнө элек. Казакстан убада кылган 100 млн. долларды келишимге кол коюлгандан кийин эки бөлүп беребиз деп жатат. Башкалар да ошентип жатат.

Сергей Пономаревдун пикиринде, иш жүзүндө Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу биригүүсү келерки жылдын жай, күз айларына созулушу ыктымал.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Биримдикке кирээр алдында маанай кандай?