Апта: Орусия “убадасы”, Улуттук банктын убарасы...

Президент Алмазбек Атамбаев (ортодо), Русгидронун башчысы Евгений Дод (оңдон экинчи) Нарындагы ГЭС курулуштарын талкуулоодо. 12-июнь, 2013-жыл

Узап бараткан жумада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында энергетикалык долбоорлорду аткаруу маселеси көтөрүлдү.

Валюта базарындагы туруксуздукка байланыштуу Улуттук банк төрагасы кызматтан кетиши мүмкүндүгү эскертилди.

Конституциялык реформа парламентке кирбей калган партия, саясатчылардын талкуусуна алынды.

"Убадасы" көп кыргыз-орус алакасы...

3-декабрда Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 18-жыйыны болду. Комиссия эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттагы кызматташууларын талкуулады. Орус тараптан комиссияны федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов, кыргыз тараптан премьер-министр Темир Сариев жетектеди.

Өкмөттөр аралык комиссия Кыргызстан Орусия жетектеген Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү болгондон кийин биринчи жолу өткөрүлдү. Биримдиктин шартында эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышы күчөшү керек эле. Бирок анда ийгиликтерге караганда өксүктөрү көбүрөөк болууда. Эки өлкөнүн соодасы кризиске байланыштуу кыскарып кетти. Тогуз айдын ичинде жалпы КМШ мамлекеттери менен Кыргызстандын соодасы 24% кыскарган. КМШ мамлекеттеринде Кыргызстандын негизги соода өнөктөрү болсо Орусия менен Казакстан экени маалым.

Кыргызстан өтө чоң үмүт арткан энергетикалык долбоорлор аксап турат. Республикада күчүндө турган энергетикалык кризис жаңы ГЭСтердин курулушу канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Албетте, Орусия чоң капитал салууну талап кылбаган долбоорлордун иштеп жатышын ийгилик катары көрсөтүүдө. Маселен, Андрей Бельянинов “Газпромдун” ишин ийгиликтүү деп атады. Бирок да даяр инфраструктурасы, жолго коюлган бизнеси бар “Кыргызгазды” карызы менен бир долларга сатып алып, Кыргызстандай чакан өлкөнү газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо “Газпромдой” гигант үчүн оор деле маселе эмес.

Ал эми каражат талап кылынган долбоорлорду Орусия аткарууга шашкан жери жок. Маселен, Жогорку Нарында төрт чакан жана орто ГЭСтерди куруу алдыга жылбай турат. Ал эми ири суммада инвестиция талап кылган Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемеси үч жылдан бери бүтпөйт.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Темир Сариев ГЭСтерди кура баштоону, эгер мүмкүнчүлүк болбосо башка инвестор табууга жол ачууну кескин талап кылган. Андрей Бельянинов кыргыз тараптан талаптар бекем коюлганын белгилеп, курулуштун кечеңдөөсүнүн объективдүү жана субъективдүү себептер бар деди:

Андрей Бельянинов

- Энергетикалык каскаддарды куруу проблема жаратып жатканы туура. Бирок алар субъективдүү жана объективдүү мүнөзгө ээ. Келерки жылдын башында аны каржылоонун программасы сунушталат деп ойлоймун. Биздин эксперттер жетишкен компромисс мына ошондон кабар берет. Бул биздин бүгүнкү жолугушуунун жаман эмес натыйжасы.

Кыргызстандын энергетикасына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыров орус тарап мындай убадаларды көп берип, бирок аткарбай келатат деген ойдо. Келерки жылы каржылоо булагы кокусунан ачылган күндө да, ал келишимде белгиленгендей, 2016-жылдын аягына карай Жогорку Нарында ГЭСтин биринчи агрегаттын ишке киришине алып келбейт дейт Мамыров:

- Аткарылбайт. Анткени Нарын регионунун шартында алты ай курулуш иши болот. Алты айдын ичинде бир агрегатты ишке киргизүү мүмкүн эмес. Бирок жумуш башталып калса жакшы болот эле.

Мамыровдун пикиринде, Кыргызстанда электр энергиясына тариф өзгөрдү. Ал эми керектөө өсүп баратат. Ошондуктан энергетикалык долбоорлордун өзүн актоосу да жеңилдеди. Демек, биринчи кезекте каржы булагы табылса ГЭСтер курула баштайт.

Тилекке каршы учурда Орусияда финансы-экономикалык кризис күчүндө турат. Анын үстүнө Москва биринчи кезекте Крымды электр энергиясы менен камсыздоого көңүл бурууда. Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, бул үчүн кеминде 2 млрд. доллар жумшалууда. Мына ушундай абалга байланыштуу Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлор экинчи орунда калып, аларга каржы табылбай турат.

Валюта базарындагы олку-солкулук кадрдык өзгөрүүлөргө алып келди

Кыргызстандын валюта базарындагы кризис кадрдык өзгөрүүлөргө жана парламент фракцияларындагы талкууларга алып келди. Президент Алмазбек Атамбаев 3-декабрда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бактыгүл Жээнбаеваны кызматынан бошотту. Ага чейин парламентте валюта базарындагы абалга байланыштуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетип калышы мүмкүндүгү эскертилди.

Жума күнү Жогорку Кеңештин “Өнүгүү” жана “Бир бол” фракциялары сомдун курсунун төмөндөөсүн талкуулады. Бийликтеги КСДП, “Кыргызстан” жана “Ата Мекен” фракциялары бул маселени талкууга батына албай турат. Кыязы, алар шайлоо мезгилиндеги “таттуу кыялдарды” бузуп албайлы деп жаткандай.

Доллардын курсунун кескин көтөрүлүшү болсо биринчи кезекте доллар менен насыя алган жарандарга сокку уруп, жер-жерлерде нааразылык акцияларын жарата баштады. Борбордо Ак үйдүн алдына да доллар менен насыя алгандар митингге чыгып, алардын абалы өтө оор болуп кеткенин билдиришти. Андай жарандардын абалын жеңилдетүү үчүн Улуттук банк доллар менен алынган насыяларды сомго өткөрүүнү убада кылууда. Бирок ал кандай курс менен өтөт, ага коммерциялык банктар макулдук береби деген суроолор турат.

Сомдун курсун турукташтыруу үчүн Улуттук банк колундагы жалгыз ишке жарамдуу куралын пайдаланууда. Ал куралдын аты - интервенция же валюта базарында доллар сатуу. Декабрь айында эле эки жолу интервенция жасалып, 5 млн. 250 миң доллар сатылды. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк 26 жолу интервенция жасап, жалпысынан 300 млн. долларга чукул сумманы сатты. Демек, 1 млрд. 800 млн. доллар делген мамлекеттин алтын-валюта резерви мына ошончого кыскарды. Мындай тынымсыз интервенциялар экономикадагы фундаменталдык маселелер чечилбесе, валюталык резервди кыскартуудан башка эч кандай натыйжа бербесин экономисттер белгилеп жатышат.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов экономикадагы фундаменталдык маселелерди чечүүгө Улуттук банктын эч кандай ыйгарым-укуктары жок экенин эске салат:

- Экспорт, импортту, бюджеттин тартыштыгын караш керек. Мыйзам боюнча Улуттук банк сомду караш керек деп жатышат. Улуттук банк мыйзам боюнча сомдун кескин өйдө-ылдый болуп кетпешин караш керек. Мисалы, Улуттук банк канча экспорт, канча импорт болушуна кандайча жооп берет?

Толкунбек Абдыгулов айткан экспорт, импорт же соода балансындагы абал эң эле начар . Тогуз айда импорт 3 млрд. доллардан ашып кетсе, экспорт 1 млрд. доллар болгон. Тескери сальдо 2 млрд. доллардан ашуун. Ал эми бюджетте 16 млрд. сомдук тартыштык бар. Азыркы кезде Каржы министрлиги быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүнү парламентке сунуштаган. Анда республикалык бюджеттин кирешеси 117 млрд. 488 млн. сом, чыгашасы 133 млрд. 546 млн. сом деп белгиленген. Көрүнүп тургандай тартыштык 16 млрд. сомдон ашуун.

Ал эми валютанын булагы болгон "Дордой", "Кара-Суу" базарлары оор кризисте турушат. Эмгек мигранттарынан акча которуулар быйылкы жылдын 11 айында 28% кыскарганын Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш маалымат каражаттарына билдирген.

Экономикадагы фундаменталдык маселелерди чечүү же экспортту көбөйтүү, төлөм балансын оңдоо, бюджеттин тартыштыгын кыскартуу өкмөттүн милдети. Бирок анын чамасы чакталуу. Популярдуу эмес кадамдарга барууга саясий эрки, парламентте түшүнүү жана колдоо табышы да күмөндүү.

Премьер-министр Темир Сариев алтын кендерине ишеним артып, мына ошолордун деми менен жалпы экономика көтөрүлүп кетет деген үмүттө турат. Анын да экинчи жагы бар. Анткени өкмөт ишеним артып жаткан алтын кендердин көпчүлүгүндө мамлекеттин үлүшү жок. Ошондуктан өкмөт ал жакта салык, жумуш орундары менен чектелет.

Коомчулук көңүл кош конституциялык реформа

6-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген конституциялык реформа сунушу боюнча биринчи иш-чара узап бараткан жумада өткөрүлдү.

Феликс Кулов

Аны “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов түзгөн “Мамлекеттик реформаларды жана долбоорлорду колдоо” аттуу комитет уюштурду. Бирок ага президенттик аппараттан, өкмөттөн, парламенттен өкүлдөр катышкан жок. Мунун өзү президент тараптан жарыяланган конституциялык реформа жансыз абалга келип, аны жылдырууга дарамет, демдин жоктугунан кабар берет.

Экинчиден, бийликтин Феликс Кулов демилгелеген иш-чарага кайдыгерлиги, Куловдун долбоорунун президент тарап менен макулдашылбаганын айгинелейт. Ал эми долбоордун өзү таза парламенттик системага өтүүнү кепилдебейт дейт талкуунун катышуучусу, саясатчы Кубатбек Байболов:

- Куловдун долбоорунда президент парламент тарабынан шайланыш керектиги көрсөтүлгөн. Бирок сотторду дайындоо, кызматтан алууну, дипломаттарды дайындоону президенттик ыйгарым-укугунда калтыруу сунушталган. Ал эми таза парламенттик башкарууда президентте минималдуу эле бийлик калат.

Байболовдун айтымында, Куловдун долбоорунда Башкы прокурорду, УКМКнын жетекчилигин дайындоо маселесинде тактык киргизилген эмес. Мына ушул кызматтарды көзөмөлдөө азыркы президенттин бийлигин эң кубаттуу кылып турганы маалым.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев конституциялык реформа боюнча билдирген пикиринде президентти түз эл тарабынан шайлоо сакталыш керек деген. "Аны президент Атамбаев да колдойт" дейт Текебаев.

Бирок парламентти да, президентти да эл шайлаган учурда бийликте “эки кочкордун башы бир казанда кайнабаган” кырдаал түзүлөрүн эскерткен Байболов, президент таза парламенттик башкарууга өтүүнү ачык айткан дейт:

- Биринчиден, президенттин сөзүнө котормочунун кереги жок. Экинчиден, эл шайлаганын көрүп жатпайбызбы. Анда же парламенттик эмес, же президенттик эмес болуп, ботко болуп атпайбы. Ал жагын президент Атамбаев туура айтты го. Текебаев аны түшүнүп турса да, өзү түзгөн системанын урап жатканына ичи күйүп жатат да. Ал “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген кыргыздын макалына туура келет. Мына ушул чоң проблемадан кутула албай келатсак, Текебаев аны кайра оорлотуп салды.

Ошентип, Феликс Кулов уюштурган конституциялык реформа боюнча талкуу коомчулукта резонанс жараткан жок. Бул бир жагынан коомчулуктагы конституциялык реформага көңүл калуучулукту, кайдыгерликти көрсөтсө, экинчи жагынан бийликтин реформага батына албай жатышынан кабар берет.

Быйыл жай айларында конституциялык реформага жарандык коом каршы чыгып, ал үзгүлтүккө учураган эле. Бул жолу да бийликтен реалдуу кадамдар жасала баштаса, каршылыктар кошо жанданышы мүмкүн. Маселен, "ыңкылаптардын бульдезору" аталган Азимбек Бекназаров 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө эч кандай мыйзамдуу жол жок деп эсептейт. Ага Конституциянын 114-беренеси жана Конституцияны ишке киргизүү боюнча мыйзам жол бербейт дейт. Анын пикиринде, 2020-жылга чейин Кыргызстанда кайсы бийлик системасы ылайыктуу болору тууралуу талкууларды жүргүзүп, элге маалымат берүү туура болот. Мына ошондон кийин бийлик системасын тандоо боюнча референдум жарыялоо максатка ылайыктуу.