Апрель соту: прокуратура мөөнөтүнөн мурда бошотууга каршы

Апрель окуясында каза тапкандардын аты жазылган такта. 2013

Башкы прокуратура апрель окуясы боюнча соттолгондордун бошотулушуна каршылыгын билдирип чыкты. Мындай доо арыз менен көзөмөл органы Жогорку Сотко кайрылды. Мурдагы баш прокурорлор Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов жана президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Жороев декабрда эркиндикке чыккан.

Апрел окуясы боюнча соттолгон мурдагы жетекчилердин боштондукка чыгышына каршы доо арызды сотко Аламүдүн райондук прокуратурасы жолдоду.

Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” кабарлашкандай, аталган арыз жакынкы аралыкта Жогорку Сотто каралат.

Прокуратуранын жүйөсүндө, 2010-жылдын апрел окуясы учурунда президенттин кеңешчиси болгон Элмурза Сатыбалдиевди, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороевди жана экс-баш прокурор Нурлан Турсункуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу мыйзамсыз болгон.

Апрел окуясы учурунда тынч жарандарга ок атууга катышы бар деп соттолгон бул адамдар 29-декабрда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгарылган.

Сотто мурдагы аткаминерлердин абак мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнү эске алынып, ушундай чечим кабыл алынган.

Элмурза Сатыбалдиев (солдо), Каныбек Жороев (ортодо) жана башкалар сот залында.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова жаза мөөнөтүнүн басымдуу бөлүгүн өтөп бүткөн кезде шарттуу түрдө боштондукка чыгарууга мыйзам жол берерин билдирген:

- Үчтөн эки бөлүгүн толук өтөгөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга болот. Алар сотко арызданып, сот чечим чыгарса бошоп кетет. Бул такыр бошоду дегенди билдирбейт, шарттуу түрдө бошотулду. Бизде тизмеде турат, өзүнүн процедуралары аткарыла берет.

Эркиндикке чыккан мурдагы жетекчилер маалымат каражаттарына комментарий бериши элек. Бирок алардын адвокаттары прокуратуранын доо арызы канчалык негиздүү деген суроо коюшууда. Маселен, Каныбек Жороевдин адвокаты Любовь Иванова:

- Прокуратуранын мындай укугу бар. Соттун чечими менен макул болбосо доо арыз менен кайрылса болот. Мында мыйзамсыз эч нерсе жок. Бирок ал канчалык негиздүү деген суроо турат, - деди.

Сатыбалдиев: Ак үйдөн да, сырттан да ок атылган

2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.

Жактоочулар кошумчалагандай, Сатыбалдиев, Жороев жана Турсункуловдун жаза мөөнөтү быйыл жай айларында толугу менен аяктайт.

Булар 2010-жылдагы апрель окуясына тиешеси бар деп айыпталып камалгандардын ичинен абактан бошотулган алгачкы аткаминерлер.

Мурдагы бийлик учурунда Элмурза Сатыбалдиев баш прокурор, президенттин кеңешчиси болсо, Нурлан Турсункулов юстиция министри, баш прокурорлукту аркалаган. Ал эми Каныбек Жороев президенттик аппараттагы жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп, ыңкылап алдында аппараттын башчылыгына дайындалган.

Бул адамдар тынч адамдарга ок атууга катышы бар деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Сатыбалдиев жана бир нече адам былтыр Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата жарыяланган мунапыска илинип, камактан чыгары айтылган эле.

Бирок ыңкылап катышуучулары нааразылык билдирип чыккан соң, Республикалык Аскер соту бул чечимди жокко чыгарган.

Апрел ыңкылабынан соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин башкарган генерал Кеңешбек Дүйшөбаев прокуратуранын мөөнөтүнөн мурда бошотууга каршы арыз бергенин туура деп эсептейт:

- Албетте, мен апрел ыңкылабына активдүү катышкан адам, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары буга көз карашым тескери. Биринчи кезекте баары мыйзамдын чегинде болуш керек. Ал адамдар эң оор беренелер менен соттолгон. Сот мунун баарын салмактап туруп чечим кабыл алышы керек болчу. Болбосо төбөгө таяк менен бир чапкандай болуп жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев.

Ал эми мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов аталган жетекчилердин абактан чыгууга укуктук да, моралдык да акысы бар деп эсептейт:

- Биринчиден, бул адамдар апрел айында эле чыгышы керек болчу. Башкасын билбесем да, Сатыбалдиев камакта 2010-жылдан бери отурган. Экинчиден, аны 10 жыл жөн эле кесип коюшту. Анын элге ок атууга буйрук бергендей укугу, макамы жок болчу. Үчүнчүдөн, бийлик Батукаев сыяктуу кылмышкерлерди чыгарып жиберип, камай албай эми жазасын өтөп бүткөн адамдарды камайбыз дегени туура эмес.

Апрел окуялары боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Алардын арасынан Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Ошондой эле мурдагы президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилген. Ал эми атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга, президенттин катчылыгын башчысы Оксана Малеваная менен “Альфа” атайын тобунун командирлеринин бири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми булар менен кошо айыпталган “Альфа” жана “Арстан” топторунун аскерлери камактан бошотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.