Апта: Дөө-шаалар ортосундагы Кыргызстан, качкан Бакиев...

АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блэйк Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолугушту. Бишкек, 2010-жылдын 14-апрели.

Конституциянын жаңы долбоору 19-апрелде жарыяланаары маалым болду. Анда өлкөдө парламенттик бийлик системасын орнотуу каралган. Кулатылган президент Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып кетип, кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берди. Кыргызстан ири мамлекеттердин көңүл борборунда калды.

Убактылуу өкмөт түбөлүктүү Конституция даярдайбы?

Конституциянын жаңы долбоорун даярдоо Убактылуу өкмөттө “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге тапшырылган. Текебаевдин 17-апрелде “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 19-апрелде Конституциянын жаңы долбоору жарыяланат. Жаңы долбоор боюнча өлкөдө парламенттик бийлик системасын орнотуу каралган:

- Биз мына ошол бир жарым жыл илгери бекиткен саясий концепциянын негизинде долбоор даярдап жатабыз. Бул парламенттик
республика. Негизинен азыркы шайлоо системасы сакталат. Анткени парламенттик республика күчтүү партиялардын бар болушуна негизделет. Эгер күчтүү партиялар болбосо, анда парламенттик бийлик, парламенттик өкмөт бекем болбойт.

Убактылуу өкмөттүн ичинде азыркы мезгилге карай парламенттик бийлик системасын түзүү боюнча карама-каршылык жок. Бирок коомчулукта ага каршы пикирлер арбын айтылууда. Маселен, коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Адахан Мадумаров Кыргызстанга күчтүү президент, күчтүү парламент керек деп эсептейт. Ушундай эле пикирин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Мамасалиев билдирип, парламенттик башкаруу өлкөнү кризистин кучагына салат дейт.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов да ушундай пикирде:

- Бул өтө терең адашуу. Эгерде кыргыздар парламенттик республикага барса азыр, анда он-жыйырма жылга дагы артка кетет. Биз Кыргызстан мамлекетибизден дагы биротоло ажырап калышыбыз мүмкүн. Кантип биз профессионалдык парламентти түзөбүз? Ушуну бир ойлонуп көрсө болот эле. Бүгүнкү бийлик өз кызыкчылыгын эле ойлоп жатат. Парламенттик республика деген элдин кызыкчылыгы эмес. Кыргызстанды талап-тоноп, эч нерсе калтырбайт. Жүз парламентарий болсо, ондон туугандары болсо миң адам Кыргызстандан эч нерсе калтырбайт. Тытып салышат.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев президенттик башкаруу системасы Кыргызстанда өзүн жаманатты кылып бүттү деген пикирде:

- Кыргызстан бир эмес эки президентти башынан кечирди. Эмне менен бүткөнүн биз соп-сонун көрүп жатабыз. Анан азыр айтып жатышат, парламентке жүз киши шайланса, жүз президент болот деп. Мен ойлоймун андай болбойт. Өзүнүн туруктуулугун парламент ушул эле эки президент иштеген учурда көргөздү. Мен ойлоймун, бир киши бийликти баскандан көрө парламент болуш керек. Парламентке эми толугу менен эле ичкен, жуткан адам келбейт. Ошон үчүн шайлоочулар татыктуу адамдарды шайлаш керек.

Убактылуу өкмөт жакын арада Конституциялык кеңешме чакырып, Конституция кабыл алынгандан кийин президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү караштырып жатат. Анын себебин Өмүрбек Текебаев мындай түшүндүрдү:

- Мен президенттик шайлоо менен парламенттик шайлоо бир убакта болот деп турам. Анткени референдум менен шайлоолорду өткөрүүгө 250 млн. сом кетет экен. Экинчи жагынан ар үч ай сайын эле шайлоо өткөрө берсек өлкөдө туруктуулукка дагы пайда болбойт.

Талдоочулардын пикиринде, Кыргызстан бийлик системасын тандоодо бир жээктен экинчи жээкке урунууда. Маселен, буга чейин өлкө суперпрезиденттик бийлик менен жашап келсе, эми парламенттик бийлик системасын курууга багыт алууда. Бирок бөлүнүп-жарылуучулугу күчтүү Кыргызстанда парламентке шайланган партиялар өкмөт түзө албай, түзүлгөн күндө да кризистерге учурап, оор жагдайлар түзүлүшү ыктымал. Буга бир мисал, белгилүү болгондой 2005-2006-жылдары парламент талаш-тартыш менен чектелип, кандайдыр бир чечим кабыл алууга жөндөмсүз болгон.

Ошентип Кыргызстан бийлик системасын тандоо боюнча жаңы талкуу, талаш-тартыштардын мезгилине кирип келатат. Анын жыйынтыгында Убактылуу өкмөт каалагандай бийлик системасын куруу идеясы жеңип чыгышы мүмкүн, бирок ал мамлекет үчүн оңдуу болоорун айтуу оңой эмес.


Дөө-шаа өлкөлөр ортосундагы Кыргызстан...


7-апрелдеги ыңкылап жана ага чейинки окуялар Кыргызстанга Россия кандай кызганыч менен карап турганын көрсөттү. Ал эми
ыңкылаптан кийин АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Блэйктин 14-апрелдеги Бишкекке сапары Вашингтондун өзгөчө кызыкчылыктары турганын далилдеди.

Экономикасы чабал, бийлик институттары алсыз болгон кыргыз мамлекети үчүн бул ири мамлекеттер менен мамиле түзүүнүн оптималдуу вариантын табуу канчалык маанилүү экенин 2005 жана 2010-жылдагы окуялар тастыктады. Бирок андай формула иштелип чыга элек.

Россиянын Кыргызстанга, тагыраак айтканда Убактылуу өкмөткө мамилеси бир жактуу калыптана элек. Оппозиция лидерлерин 7-апрелдеги окуя алдында Москва кыйыр түрдө колдогон менен толук кучак жайып кызматташуу калыбына келе элек. Президент Дмитрий Медведев Кыргызстан менен толук форматтуу кызматташуулар кыргыз калкынын чыныгы эрки жана азыркы бийликтин кырдаалды жөнгөрүү жөндөмүнө жараша калыбына келтирилерин билдирген.

Ал эми кыйын абалда жардам деп Россия 20 млн. доллар грант, 30 млн. доллар насыя убада кылды. Бирок күйүүчү майга киргизилген бажы төлөмү ордунда калды. Бул деген Кыргызстанда күйүүчү май 9-10 сомго кымбаттайт деген сөз. Убактылуу өкмөттө каржы министрлигин жетектеп жаткан Темир Сариев пенсия жана башка бюджеттик төлөмдөрдү төлөөгө каражат бардыгын билдирүүдө. Ошол эле мезгилде товар өткөрүү жана күйүүчү май боюнча кыйынчылык бар экенин белгиледи:

- Бизде товарларды чек арадан өткөрүүдо кыйынчылыктар чыгууда. Күйүүчү май менен камсыздоо жагында да жеңил эмес. Биз муну жашырбайбыз. “Газпром” Казакстандан 5 миң тонна күйүүчү май алып келет, ал эми Россия 20 миң тоннадай бөлөт. Алгачкы учурларда маселени чечүүгө бул жетишет деп ойлойбуз.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Россия бере турган жардам олуттуу экенин, бирок күйүүчү майдын жетишсиздиги азыр эле байкалып жатканын айтты:

- Күйүүчү май түгөнүп, бүгүнкү күнү Ысык-Көл облусунда толугу менен жок. Тоолуу райондордо да күйүүчү, майлоочу май жок. Чүй өрөөнүндө, Бишкекте түгөнүп жатат деген маалымат болуп атат. Бир-эки сомго кымбаттады. Кийинки келе турган күйүүчү, майлоочу май тоннасына 193,5 доллар кымбат сатылат. Бул деген сегиз-тогуз сом кымбат болот дегендик. Бул абдан кыйынчылыкты пайда кылат.

Талдоочулардын пикиринде, Россия жетекчилиги Убактылуу өкмөттүн курамы тышкы саясат боюнча бир пикирде эмес экендигин байкап, ошого жараша мамиле жасоодо. Мүмкүн Кыргызстандын АКШ менен мамилеси Москва аркылуу түзүлүшүн көздөп, мына ошол багытта аракеттенүүдө.

Ошондуктан эгерде АКШнын базасына байланыштуу маселе мурдагы калыбында кала берсе, анда Москванын Кыргызстанга карата азыркыдай ары эмес, же бери эмес мамилеси сакталып кала берет.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Кыргызстан натыйжалуу тышкы саясат жүргүзүү үчүн ичтен бекем болуш керек деген пикирде:

-Эң биринчи кезекте Кыргызстанда тартип болбосо, саясий туруктуулук орнобосо, бийлик бутуна турбаса, легитимдүү болбосо тышкы саясат жөнүндө сөз дагы болбойт. Анткени тышкы саясат жүргүзүш үчүн мамлекетте туруктуулукк болуш керек. Ал болбогондон кийин бүгүн бир гана саясат бар, ал тышкы өлкөлөрдөн жардам сураган. Башка саясатты бүгүнкү бийлик жүргүзө албайт. Бүгүнкү бул Убактылуу өкмөт. Ошон үчүн булар менен олуттуу байланыш эч ким түзбөйт.


Бакиев кетти, проблемалар калды...

Кыргыз бийлиги 15-апрелде кечинде Казакстан учагы менен чыгып кетүүгө Курманбек Бакиевге мүмкүнчүлүк берди.

Муну менен Убактылуу өкмөт бир да кан төгүүгө барбоо ниетинде экенин көрсөттү. Ошол эле учурда Курманбек Бакиевди Кыргызстандан чыгарууда АКШ, Россия, Казакстан президенттеринин жана эл аралык уюмдардын салымы да чоң болду.

Орус жетекчилиги Курманбек Бакиевдин ишмердүүлүгүн какшык менен кескин сынга алса, казак жана өзбек тарап дээрлик үн каткан жок. Курманбек Бакиевге колдоо Беларус президенти Александр Лукашенко тарабынан келди. БелТА маалымат агенттигинин жазуусуна караганда, Лукашенко Кыргызстандагы окуяны төңкөрүш деп, аны кескин айыптаган жана “Курманбек Бакиев нормалдуу президент болгон. Ал күч колдонду деп айыптоо негизсиз. Эгерде бийлик өзүн жана элин коргой албаса, андай ал кандай бийлик?”- деп билдирген. “Эгерде андай окуя менин өлкөмдө болсо, кимдир бирөөлөр окту карай адамдарды алып жөнөсө, анда алар көргүлүктү көрмөк”,-деп кошумчалаган.

Александр Лукашенко кыязы, Кыргызстандагы Евгений Гуревич жаңжалы, өлтүрүүлөр, куугунтук, сабоолор, Конституцияны, бийлик системаларын каалагандай өзгөртүүлөр жөнүндө кабары жок окшойт.

Бирок Лукашенко Беларуста өндүрүштү сактап, өлкөнү өнүгүү жолунда алып баратканы белгилүү.