"Мендеги мезгил": Ырларда жаңырган өмүр

Бурулкан Сарыгулованын китептеринин бет ачары 30-майда Бишкекте өтүп, анда 2023-жылдын аягында ТҮРКСОЙ уюму түрк тилинде чыгарган “Жолдогу ойлор” китеби да окурмандарга сунушталды.

Жолугууга жөндүү шылтоо таба албай,
Жүрөгүңө даап кирип бара албай,
Өчтү сезим жазгактыкка алдырып,
Арзуунун бир моокумуна кана албай. (Бурулкан Сарыгулова)

Иш-чарада Бурулкан Сарыгулованын ырлары окулду. 

Иш-чарага акын-жазуучулар, журналисттер, өкмөт өкүлдөрү жана Бурулкан Сарыгулованын “Уютку кеп” китебинин каармандары катышты. 

Үн чыгарбайм, унчукпайсың сен дагы.
Жоолугуңа катат өзүн ак саамай.
Жалынычка түтпөйт картаң карегиң,
Тиктейм сени айтаар сөздү таба албай. (Бурулкан Сарыгулованын "Энеме" ыры)

Сыйла өзүңдү сыйдан элди айырба,
Сенин каның, тегиң, түбүң айылда.
Акыл уют, билим топто, сергек бол,
Татаал тагдыр, тайгак жолго кабылба. (Бурулкан Сарыгулова)

Өзгөрүш Абакиров Сарыгулованын "Кичи мекенге", "Сен мени унута албай койдуң такыр" деген ырларын окуду. 

Жашап атам күн өткөрүп бүт элдей, 
Күндө туулуп, күндө кайра түгөнмөй. 
Кирип кетем шек алдырбай өзүмө,
Калган кезде көңүлүмө гүл өнбөй. (Бурулкан Сарыгулова)

Кыргыз Республикасынын эл артиси Каныкей Эралиева Бурулкан Сарыгулованын сөзүнө жазылган "Күзгү эңсөө" чыгармасын аткарды. 

"Азаттыктын" кабарчысы Айбек Бийбосунов Бурулкан Сарыгулованын "Адамдын өмүрү" аттуу ырын окуп жатат. 

Сөгүлөт мынча көңүл…
Көкүрөк бопбош. Уксаң…
Салбырап турат өмүр
Жадаган окшоштуктан.
Үмүттү шаты кылган
Ишеним бүтүп жатат.
Бозала болгон күндөр
Иңирди күтүп жатат.
...Будуң-чаң заман болду,
Жакшысы, жаманы ким? (Бурулкан Сарыгулова)

Обончу, композитор Доктурбай Урманбетов Бурулкан Сарыгулованын "Серенада" ырына обон жараткан. 

Бурулкан Сарыгулова “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын лауреаты.

 

Актриса Шаршекүл Аманова Бурулкан Сарыгулованын "Сандыктагы жоолугум" ырын окуп жатат. 

Бурулкан Сарыгулованын китептери.