Aкын Эгемберди Эрматовдун «Мухаммед пайгамбар» дастаны 2001-жылы алгач кыргыз тилинде чыгып, кийин эки мертебе кайра басылган. 2005-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн.
Чыгармада пайгамбардын өмүрү, Мекке-Медина шаарларындагы адеп-ахлактын тазалыгы үчүн күрөшү, пенделик сүйүүсү, ислам дини жаралган учурдагы тарыхый жагдайды жана мусулманчылыктын жайылышы 400 барактык китепте көркөм тилде ырдалат.
Эгемберди Эрматов пайгамбарга арналган чыгарманы бири кем 50 жашында жазып бүткөн. Акын дастанга даап киришкенден мурда, “Бет ачарында” моюнуна алгандай, болочокту ойлобой шарап ичип дуулдап, обу жок далай күндү өткөрөт. Анын ичинен жети жылды устаты Низами Гянжавинин «Жети сулуу» дастанын кыргызча сүйлөтүүгө коротот. Перс поэзиясынын романтигинин береги эмгеги менен алпурушуп жатып, жашоодон жана ыр дүйнөсүнөн өз жолун издеп жүргөн акын Ак жолуна келет. Эгемберди Эрматов ал жөнүндө «Мухаммед пайгамбар» китебинин алгачкы беттеринде кеңири түшүндүрөт.
Кайда күндөр, шапар тээп ойногон,
Кумар отко канбаган да, тойбогон?
Түккө арзыбас азгырыктар кылактап,
Көздү боёп салган экен ордодон.
Далай күндү өткөрүпмүн обу жок,
Жаныма бир кайрымы жок, сообу жок.
Шарап ичип, дуулдапмын катыгүн,
Эске келбей эртеңки күн, болочок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ушинтип, Эгемберди Эрматов өмүр тажрыйбасын, жыйган-терген илимин, дүйнө таанымын, жанын үрөп жазган чоң эмгек Рахим Каримди шыктантып, дастанды өзбек тилине которууга күч-дем, илхам берет.
“Мухаммед пайгамбар” дастанды которуу үчүн көркөм чеберчилик жетишсиз; ал үчүн исламдын тышкы атрибуттарын гана өздөштүрүп чектелбей, анын маңызын терең түшүнүү, анын баалуулуктары менен жашоо жана акын Эрматовдун көз карашын, ишенимин тең бөлүшүү зарыл эле.
Рахим Карим дасыккан котормочу жана калемгер катары автордун, окурмандар менен динзарлар алдындагы жоопкерчилигин бүт турпаты, дили менен сезгенин айтат.
- Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун «Мухаммед пайгамбар» дастанын өзбек тилине которуу мен үчүн абдан оор жана татаал иш болду. Себеби чыгарманын аты анын өтө назик, өтө жоопкерчиликтүү экенин билдирип турат. Улуу пайгамбарыбыз Мухаммед саллалаху алейхи вассаламдын өмүр баянына арналган бул чыгарманы колго алуу мен үчүн аябай чоң жоопкерчилик жана сыймык, ошондой эле сыйлык болду. Андан сырткары мен диний темада ыр түрүндө жазылган мындай көлөмдүү чыгарманын үстүндө мурда иштей элек элем. Бирок дастанды жан дилим менен котордум. Себеби дастанды Эгемберди агай жан дили менен жазган экен.
“Мухаммед пайгамбар” дастанын пайгамбардын өмүр баяны көркөм сүрөттөлгөн адабий чыгарма деш чекилик болор эле. Дастанды жазгандан мурда Эгемберди Эрматов пайгамбар тууралуу орус тилинде чыккан эмгектердин баары менен таанышып чыккан. Ошого дастан Мухаммед пайгамбарга жана ошо кездеги Арабия жарым аралындагы, анын ичинде Мекке-Мединада жашаган элдердин диний абалына байланыштуу түрдүү фактыларга мол болгондуктан анын куну тарыхый чыгармага тең. Акын ошон үчүн Мухаммед алейхи салам адамдарды обол ислам жолуна ташбыйкат кылганда кездешкен кыйынчылыктарды реалдуу сүрөттөйт. Мухаммед алейхи саламдын бейнесин инсан катары да көз алдыңызга тартып берет. Мисалы,
“Бейпил жаткан Тайифке не келдиң?”-деп,
Туш тараптан сүрмө топтор делдеңдеп,
Мухаммедди таш бараңга алышты,
Оо, капырай! Болду аябай элге эрмек...
Каргап шилейт кайдагы бир аялдар,
Балдар жүрөт, деги аларга эмне бар?
Үн угулат: “Качканын көр, качканын!
Качкан адам кантип болсун пайгамбар?”
Эгемберди Эрматовдун дастаны пайгамбардын өмүрүн ишенимдүү чагылдырган реалисттик чыгарма экенине акын-котормочу Рахим Карим да “Азаттык” радиосуна телефондон курган маегинде токтолду.
- Бул чыгарманы мен акын, жазуучу, адабиятчы катары дүйнөлүк деңгээлде жазылган чыгарма деп эсептейм. Пайгамбарыбыздын төрөлүшүнөн тартып, жер жүзүндө ислам дининин түптөлүшү, ал кишинин акыркы күндөрүнө чейинки өмүрү аябай ишеничтүү чагылдырылган. Автордун дастанды диний китептерде берилген маалыматтарга негиздеп жазгандыгы, чыгарма үстүндө көп жылдар бою тер төгүп эмгек кылгандыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Чыгарманы которуп жатып, кээде ыйлашка да туура келди. Дастанда башка тарыхый булактарда жок маалыматтар да кездешет. Китептин башынан акырына чейин автордун суудай таза жүрөгү көрүнүп турат. Китеп окурманды таза жүрөктүү чыныгы мусулман болууга үндөйт.
Эгемберди Эрматов дастанда Мухаммед пайгамбар Исламды бутуна коюуда курайшилер жана насырылар сыяктуу кайриддиндердин катуу каршылыгына тушукканын жана алар менен аёосуз күрөшкөнгө аргасыз болгонун ырааттуу сүрөттөп, логикалык чекке жеткирет. Меккеге пайгамбар 21 жылдан кийин кайтып келип, шаарды бутпарастардан тазалагандан соңку сценаны окуп көрөлү:
Андан кийин Каабадагы буттарды
Тазалады арамдыктан куткарды.
Сынып жатты жыгач кудай, таш кудай,
Таңыркашып карап турду бүт баары.
Сыныктарын эл майкандап тепседи,
Жер жарылып, куюн чыгып кетпеди.
Кантип ага ишенишип жүрдү экен,
Нес болгондой ооп калды эстери.
Бутпарастар эми динге өтүшүп,
Убап-чубап келатышат көчүшүп.
Ант беришет пайгамбарга түз карап,
Каректери чагылышып кетишип...
Дастанда пайгамбардын сүйүүсү жана зайыптары, ошондой эле ашыглык абалы Чыгыш акындарынын салтын улантып, аябай көркөм жазылган. Аруу сезимдин оттой табы пайгамбардын Катычага үйлөнүүсүнө арналган саптардан алоолоп жанып турат.
Бул түн чындап Мухаммеддин түнү эле,
Тойбой турган махабаттын күүнө.
Аяр-элпек, назик болуп Катыча
Кумар оттон кошуп коёт үнүнө.
Жылдыздар жык көктө күлүп мемиреп,
Эки жүрөк ээ-жаа бербей элирет.
Сүйүү жолу кудай таала таануучу
Жолдун бири экендигин ким билет.
...... .......... ............ ........
Акын-жазуучу, котормочу Рахим Каримдин айтымында, Эгемберди Эрматовдун ыр менен жазылган бул дастанында Мухаммед алейхи саламдын образы - тарыхый личность жана мусулманчылыктын эң таза үлгүсү ирети ачылат.
- Мурда дүйнөлүк адабиятта пайгамбар жөнүндө бир да көркөм чыгарма жок эле да. Бул чыгармада Мухаммед пайгамбар тарыхый инсан жана мусулманчылыктын эталону сыяктуу бейнеси жаратылган деп түшүнөм.
Өзбек, орус жана кыргыз тилдеринде чыккан 20га жакын китептин автору Рахим Карим ушу тапта дастанды орус тилине оодарып жаткан кез.
- Китептин ар бир сабын которуп жатып, этим кадимкидей эле чымырап кетип жатат. Дастан кандайдыр бир сырдуу күчкө ээ экендей туйулуп жатат. Кудай насип кылып, дастандын орусча варианты да чыгып калса, бул орус тилдүү окурмандар дүйнөсүндө да чоң окуя болот деп үмүт кылам. Дастан бир гана кыргыз адабиятынын дөөлөтү болбой, балким бүт мусулман дүйнөсүнүн көөнөргүс байлыгы болуп калат деп терең ишенемин. Мен бул эмгегимдин баарын кыргыз-өзбек элдеринин достугуна, тынчтыгына арнадым.
Рахим Карим буга чейин Таш Мияшевдин «Махабат менен коштошуу» повестин, Кармышак Ташбаевдын «Бийик жердин балдары» ырлар жыйнагын, Сапар Абыловдун “Горустондон кайткан аял” повестин, “Алтын кепич» жомоктор китебин өзбек тилине которгон.
Эгемберди Эрматов дастан “Жерде калбайт, тарайт акыр чет тилде, Жабалактап окуйт балдар кеч кирсе. Чоң аталар жасап алат кайыштан, Эгерде көп мукабасы эскирсе...” деп ишенет.