Мариуполдогу боордоштор көрүстөнү (сүрөт баян)

Украинанын Мариуполь шаары. Жергиликтүү жашоочулар сөөктөрдү боордоштор көрүстөнүнө таштап жатышат. Орусиялык күчтөрдүн тынымсыз аткылоосунан улам бул жердегилер маркумдарды көмө алышпайт.  9-март, 2022-жыл. 

Ооганстан, Кандагар. Оогандык он чакты жакыр аялды иш менен камсыздаган наабайкана. Март, 2022-жыл. 

София. Украинаны колдогон акциянын катышуучусу орус президенти Владимир Путиндин  "Киши өлтүргүч" деп жазылган сүрөтүн кармап турат. 6-март, 2022-жыл.

Пакистан, Карачи. «Дөңгөлөк үстүндөгү аялдар» (WOW) программасынын катышуучулары 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн белгилеп жатышат.  

Украин армиясына жардам берген кыз.  Львов, Украина.

Украиналык куткаруучулар жана ыктыярчылар төрөт үйүнө орусиялыктар сокку ургандан кийин жаракат алган кош бойлуу аялды алып чыгып баратышат.  Мариуполь, 9-март, 2022-жыл.

Белгисиз сүрөтчүнүн эмгеги - фреска. Анда "супер кыздын" образындагы кичинекей украиналык чагылдырылган. Польша. Март, 2022-жыл. 

Өрт өчүрүүчүлөр Киевдеги кампадагы жалынды өчүрүп жатышат. Өрт украиналык күчтөр Орусиянын ракетасын атып түшүргөндөн кийин башталган. 8-март, 2022-жыл. 

Турналар тобу Казакстандын Иле-Алатау тоосунун үстүндө учуп баратат. 

Киев. Бомбадан коргонуу жайында отурган бала.  6-март, 2022-жыл.

Орусиялык аскерлердин катуу аткылоосу учурунда Ирпенден качып чыккан ата-бала. Март, 2022-жыл.

Көңүл ачуу паркында аскердик машинеде бараткан кишилер. Орусия, Ленинград облусу. Гатчина шаары. 6-март, 2022-жыл.

"Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) жоочулары Кандагар менен Кундуздун атчандар командаларынын жанында турат.  Кабулдагы Бузкаши лигасынын (ат оюндары) финалы.  

Пакистандык аял фабрикадан чыккан калдыктарды иргеп жатат. Карачи шаары. 

Бишкек, Кыргызстан. Масленица майрамы учуру. 6-март, 2022-жыл.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысы иштеген аймактарда тартылган жана таасир калтырган сүрөттөр топтому.