Пандемияга чейинки жай турмуш

1-январь, Кытай. Бийчи кыздар Бээжиндеги жаңы жылдык кечеде селфи жасап жатышат. Ушул эле күнү Бээжинден 1100 чакырым аралыкта жайгашкан Ухань шаарында бир нече адам белгисиз ооруну жугузуп алганы үчүн жергиликтүү базар жабылган. Ошол күндөн тартып Кытайда коронавирустан 3331 адам (6-апрелге карата) каза тапты. 

19-январь, Орусия. Омск шаарында православдар муздак сууга чөмүлүп, Ыйык чокунуу майрамын белгилеп жатышат. Майрамдан кийинки күнү эле Орусияга келген эки кытай жаранынан коронавирус табылган. 6-апрелге карата Орусияда 5399 кишиде коронавирус чыгып, илдеттен 40тан ашык киши каза тапты.

20-январь, АКШ: Виржиния штатындагы Ричмонд шаарында «курал-жарак алып жүрүү укугу» аттуу өткөн митингде бүркүт костюм кийип турган киши. Ошол эле күнү Ухандан АКШга кайтып келген 35 жаштагы жаран СOVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталган. Андан бери бул илдеттен АКШда 9 жарым миңден ашык адам каза тапты.  

28-январь, Италия. Туриндеги По дарыясына секирип жаткан кыздар. Мындан үч күндөн кийин Римге саякаттап келген кытайлык эки туристтен коронавирус табылган. Учурда Италиядан коронавирустан 16 миңге жакын (6-апрелге карата - 15887) киши каза тапты. Бул бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. 
 

14-февраль, Иран. Ыйык Валентин күнүндө жүрөк формасындагы шар көтөргөн кыз Тегерандын борбордук көчөлөрүнүн биринде сүрөткө түшүп жатат. Иран өкмөтү 19-мартта коронавирустан эки адам каза болгонун билдирген. Ага чейин Тегеран 12-мартта COVID-19 илдетинен бир аял каза болгонун төгүндөгөн эле. 6-апрелге карата Иранда коронавирус 3603 адамдын өмүрүн жалмады.  

22-февраль, Пакистан. Пешевар шаарынын тургуну, АКШ менен «Талибан» кыймылы кошуна мамлекет Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу, өлкөдө тынчтыкты орнотууну баштоо боюнча эки тараптуу келишимин майрамдап, көчөдө шириндиктерди таратып жатат. Төрт күндөн кийин Пакистан бийлиги өлкөдө COVID-19 инфекциясынын биринчи учуру катталганы жөнүндө маалымат таратты. Бүгүнкү күндө оорудан Пакистанда кеминде 47 киши каза тапты.  

 

28-февраль, Беларус. Минск шаарынын тургундары Масленица майрамын белгилеп жатышат. Ушул эле күнү Беларуста окуп жаткан ирандык студенттен коронавирус табылган. 6-апрелге карата Беларуста 562 кишиден коронавирус аныкталып, илдеттен 8 киши көз жумду. 
 

1-март, Сербия. Лозовик айылында оттун үстүнөн секирип, ойноп жаткан бала. Беш күндөн кийин Сербияда COVID-19 инфекциясынын биринчи учуру катталды. Коронавирус Будапешттен кайтып келген жарандан табылган. 6-апрелге карата Сербияда коронавирус инфекциясынан 51 киши каза болду. 

1-март, Румыния. Бухарестте өткөн гандбол боюнча мелдештин күйөрмандары. Аталган өлкөдө COVID-19 илдети 26-февралда катталган. Илдетти италиялык таанышы менен аң уулоого чыккан адам жугузуп алган. 6-апрелге карата Румынияда коронавирустан 151 киши ажал тапты. 
 

2-март, Албания. Борбор калаа Тиранада өткөн саясий нааразылык акциясы. 8-мартта Албанияда оорунун биринчи учуру катталган. Анда Италиядан кайтып келген ата-баланын анализинен коронавирус табылган. Бүгүнкү күндө Албанияда илдет 361 адамга жугуп, 20 киши көз жумду. 

4-март, Украина. Улуу Ата Мекендик согуштун 97 жаштагы ардагери (столдо отурат) үчүн уюштурулган парад. Украинада COVID-19 инфекциясынын биринчи учуру 3-мартта катталган. Мында Италия менен Румынияга барып келген киши илдетти жугузуп алганы маалым болгон. 6-апрелге карата Украинада коронавирус 1308 адамга жугуп, 37 киши каза тапты. 
 

10-март, Кыргызстан. Аялдардын укуктарын коргоо чакырган акцияга катышып жаткан кыздар. Булар 8-мартта жүрүшкө чыккан аялдарды милиция кармап кеткенине нааралызылыгын билдириш үчүн митингге чыгышкан.11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады. Кыргызстанда коронавирустун биринчи учуру катталганын бийлик 18-мартта жарыялады. 6-апрелге карата өлкөдө 216 киши COVID-19 илдетин жугузган жана оорудан төрт киши каза тапты. 

 

Саясий нааразылык акциялары, Ыйык Валентин күнү, Масленица, аялдардын укуктарын коргоого арналган жана зомбулукка каршы жүрүштөр, гандбол боюнча мелдеш - бул коронавирус дүйнөнү каптаганга чейинки жай турмуштун сүртүмдөрү.