Клоун жана Аляскада чана тепкен балдар

Давос шаарында климаттын өзгөрүшүнө каршы митингге чыккандардын бири клоундун кийимин кийип алган. Швейцария. 

Коронавирус биринчи катталган Ухань шаарында жаңы оорукананын курулушу башталган учур. Кытай бийлиги бул оорукананы 10 күндүн ичинде куруп бүтүрүүнү пландап жатат. Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны учурда 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңдей адам жаңы вирусту жугузуп алганын ырастады. Хубей провинциясы, Кытай.

Донецк облусунун түштүгүндөгү согуш сызыгын кайтарып турган аскер. Украина.

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова Австралиянын ачык чемпионатында ойноп жатат. 

Кабулда өткөн мода көргөзмөсүндө модел кыз ооган улуттук кийимин көрсөтүп жатат. Ооганстан. 

Православдардын Ыйык Чокунуу майрамында сууга орнотулган чырымдын жанында басып бара жаткан киши. Волгоград, Орусия.

Иракта бийликке каршы чыккан демонстранттар көп күндүк митинг учурунда отко жылынышууда. Багдад шаары. 

Москванын көчөлөрүнүн биринде анар, курма жана мандарин сатып отурган аял. Орусия. 

Беткап кийген аскер Бээжиндеги вокзалдардын биринде коронавирусту аныктоочу санитардык-контролдук пункттун жанында турат. Кытай. 

Аляскадагы Токсук-Бей шаарында чана тээп ойноп жаткан балдар. АКШ.

Өткөн аптада дүйнөдө болуп өткөн орчундуу окуялар сүрөттөрдө.