Фотосынакка келген сүрөттөр

"Чек арачы". Тынчтык үчүн бек турган, күнү-түнү уктабай Кыргызстанды коргогон мекен сакчылары. Бул сүрөт 2015-жылдын 16-ноябрында кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде тартылган.  Автор: Алина Сыдыкова

Түштүк Кореядагы соодагер. Автор: Бакыт. 

Өтүкчү. 45 жаштагы Замир бул кесипти 10 жылдан ашуун аркалайт. Эки баланын атасы күнүгө 800 сом киреше табат. Автор: Таңсулуу.

Уста. Сүрөт Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну Жумаканов Эсенбек Керезбекович 125 баш хан боз үйдүн түндүгүн жасап жатканда тартылган. 
 

Тазалыкка камкордук. Сүрөт август айында таңкы саат 6да Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү "Ёлки-Палки" кафесинин алдында тартылган. Автор: Асанбек ​Талдыбаев. 

Журналист. 15 жылдан бери тележурналисттик кесипти аркалган Нуркыз Кадырбек кызы 11 теледолбоордун автору. Сүрөт Ош шаарындагы Алымбек Датка комлексинде тартылган. 

Такси айдоочу. Бишкек-Ош жолу менен каттаган таксинин айдоочусу: "Биздин максат жүргүнчүлөрдү аман-эсен жеткирип, батасын алуу" дейт. Автор: Эржигит Айдаралиев 

Мугалим. Билим берүү тармагында жети жылдан бери эмгектенген Залкарбек Кыдыков Бишкектеги №69 окуу тарбия комлексинде кытай тилинен сабак берет. 

Хирургдар бригадасы. Иса Ахунбаевдин ишин улап, адамдын жүрөгүн айыктыруу үчүн күрөшкөн Ош шаарындагы кардиоклиниканын дарыгерлер тобу. Автор: Бакытбек Казыбаев.

Котормочу. Автор: Айжан 

Курулушчулар. Автор: Султаналы Чакчагаев

Дарыгер. Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетова кош бойлуу аялды текшерүүдө. Автор: Анархан Жаңыбаева

Дыйкан келин. Автор: Хайрулла Рахматилла уулу

Ырчы Актан Исабаев "Инсан" тобунун концерти маалында. 4-ноябрь, 2015-жыл. Ырчылык кесип инженер, юрист, аскер кызматкери сыяктуу эле эң керектүү кесиптердин бири. Музыканы адам баласы энесинин жүрөгүнүн согушу аркылуу төрөлө электе эле тыңшай баштайт. Кубулжуган музыка адамды кыялга бөлөп, көңүлүн көтөрүп, эс алдырат. Мамлекеттин расмий белгилеринин бири  - гимн. Мамлекет башчысы башка өлкөгө барганда, спорттук мелдештерде мамлекттик гимн жаңырат. Музыка бейпил заманда гана эмес согуш учурунда дагы элге, жоокерлерге кайрат күч берип турган. Бир дагы фильмди музыкасыз элестетүү мүмкүн эмес. Музыка адамдын жан дүйнөсүн азыктандырат. Автор: Бектур Кылычбеков

Саякатчы. Менин кесибим мамлекеттерди кыдырып, алардын жашоо шартын, шаарларын көрүп, биздин Кыргызстанбызга жаңы идеяларды алып келүү.