"Дордойчулар" салыктын жаңы эрежесине бушайман

"Дордой" базары.

2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Салык кызматы соодагерлерди башка салык режимдерине өтүүгө чакырууда. Чакан соодада жүргөн ишкерлер салык процедуралары барган сайын татаалдашып баратканын айтып нааразы болууда. Айрым эксперттер өкмөт экономиканы алдыга сүрөөнүн башка жолдорун издебей, жеңилине качырып, салык чогултууга басым жасап жатат деп сындап чыкты. 22-ноябрда "Дордойдо" базарлардагы салыктын жаңы эрежесине байланыштуу салык кызматынын өкүлдөрү менен соодагерлер жолугушту.

Бишкек шаарында дүкөн иштеткен Света жаңы жылдан алардын патентин жоюп, салык төлөөнүн башка режимине өткөрүп жатышканын айтты:

“Патент менен иштеп атабыз. Бирок баарыбызды ИПга (жеке ишкердикке) өткөрүп жатат го. “Жаңы жылга чейин өтүшүңөр керек” деп эле жанды койбой жатат. Дүкөндөрдүн баарын эле азыр ошентип жатыптыр. Ал чарчы метрине карап эсептелет экен”.

Ал эми “Дордой” базарында унаа тетиктерин сатып иштеген Азамат учурда салыкчылар патент бербей калганын, дүң сатуучулардан 10% кошумча төлөм төлөтүп жатканын билдирди. Ал ишкерлерге мындай кошумча төлөмдөр көбөйсө, товардын баасы кымбатташы турган иш экенин белгилейт:

“Дордойду” бүт ККМге өткүлө деп жатат. Аныгын билбейм, бизден товар алгандар айтып жатат: товардын ар бир даанасына 10% төлөйсүңөр деп жатышыптыр. “Эгерде жаңы жылга чейин өзүңөр келип төлөсөңөр, бүт калдыгыңарды алып чыгып, ошого жараша төлөгүлө, болбосо жаңы жылдан кийин 75 миң сомдон айыппул салып, өзүбүз эсептеп төлөтөбүз” деп жатышыптыр салыкчылар. Биз Кытайдан алып келип жатканда бир доллардан бажы алымдарын да төлөйбүз. Кайра дагы “Дордойдун” ичиндеги дүң соодагерлерге 10% төлөйсүңөр деп жатыптыр. Көрөбүз да эми, буюрганы болот. Бирок андай болгондо товарлар өтө кымбаттайт. 10% биз өзүбүз да кошпойбуз, 7-8% кошобуз. Анан тигилер 10% дей турган болсо, товардын баасынын үстүнө дээрлик 20% кошуш керек”.

Соодагерлердин нааразылыгы

22-ноябрь күнү “Дордой” базарынын кесиптик кошууну менен салык кызматынын өкүлдөрү ишкерлерге 2024-жылын 1-январынан тартып күчүнө кирип жаткан жаңы салык тартиптерин түшүндүрдү. Жолугушуу “Дордойдун” ичиндеги “Мурас спорт”, “Алтын-Тоо”, “Чыгыш” өңдүү базарлардын соодагерлери үчүн өз-өзүнчө жүрдү. Айрым соодагерлер киргизилип жаткан жаңы салык режимине каршы пикирин билдирип жатышат.

Базардын кесиптик кошуунунун жетекчилиги жыйынга журналисттерди киргизүүдөн баш тарткандыктан, ишкерлердин сыртка чыгышын күттүк. Салыктык өзгөрүүлөрдү ишкерлердин бир бөлүгү ынануу менен кабыл алып чыкса, дагы бир тобу каршылыгын билдирип жатты.

Жеке ишкер Бурмакан Раева салыкчылар ишкерлердин албай калган кирешесине да ортоктош болуп жатканын айтып, мындай мамилени адилетсиздик деп эсептейт.

“Албетте, жаңыланышыбыз керек. Бирок, аны да толук иштеп чыгып, эл ошого даярбы караш керек да. Мисалы, бул жерде көп кемчиликтери бар экен. Сатылбаган товар же калдык деген болот. Товар сатылдыбы, сатылбадыбы баары бир салык төлөйт экенбиз. Калдык деген болот да. Мисалы, 500 даана товар болуп, анын 300ү сатылган болсо, калганы өтпөй калды дейли. Биз ага да салык төлөп калып жатпайбызбы. Биз пайдабызды төлөп коюп эле, ортодо эч нерсе жок калчудай экенбиз”.

Дагы бир ишкер Диля Дүйшөбаеванын пикиринде, өкмөт каатчылык мезгилде араң соода кылып жаткан ишкерлерге ашыкча жүк артып жатат. Ал ишкердик жүргүзүүнүн жана салык төлөөнүн процедуралары татаалдап баратканын айтат.

"Ишкерлер жылына 180 миң сом төлөгөнгө каршы эмес. Бирок, процедураларды татаалдаштырып коюп жатышат. “Мадинадан” документ аласыңар, кампаңарды бүт санайсыңар, сатыгыңарды санап көрсөтөсүңөр” деп жатышат. Эгерде сен товарды карызга (подреал) берген болсоң, ал акчаң бир жылда келеби же беш жылдабы, аны билбейсиң. Бирок, ага да салык төлөйсүң. Мен муну аябай туура эмес деп айтам. Себеби, булар ар бир кампага барып товарларды текшерет экен. Текшергени туура эмес болуп калат. Анткени, ишкерлер азыраак төлөө үчүн товарларын бекитип, коррупцияга барышы мүмкүн. Ошол жагы туура эмес. Анан, “Мадина” базарына барып ЭТТН алганыбыз туура эмес. Анткени, биз алардан документ талап кылсак, товардын баасы кымбаттайт. Кездеме, фурнитура кымбаттайт, товарыбыз кымбат чыгат. Биз Түркиядан болобу, Кытайдан болобу, товар алсак, документ талап кылышыбыз керек экен. Ошону көрсөтүп, салык ошону менен төлөнөт экен. Экспортко товар чыгарып жатканда биз ошол документтерсиз кетире албайт экенбиз, ошол документибиз колубузда болушу керек экен. Бул ишкер үчүн аябай татаалдашып кеткен".

Соодагерлер Кыргызстанда салык процедуралары татаалдашып, жүгү улам оорлошуп бараткандыктан, жеңил өнөр жай тармагынын экспорттогу атаандаштыгы төмөндөп кеткенин билдиришүүдө. Маселен, Өзбекстан менен Тажикстандын ишкерлеринин кийим-кечени сатып алуусу азайган, алар өздөрүнүн өндүрүшүн күчтөндүрүүгө басым кылып жатат. Казакстан түз Кытай менен иштөөгө артыкчылык берет. Буга байланыштуу, Кыргызстандын тигүү тармагынын негизги рыногу Орусия болуп калган.

"Дордой" базарынын кесиптик кошуунунун төрагасы Дамира Дөөлөталиева ишкерлерди салыктын жаңы режимине өткөрүү үчүн түшүндүрүү иштери соңку 10 күндөн бери жүрүп жатканын билдирди. Ал ишкерлер арасында түшүнбөгөн суроолор бар экенин, анын чечүү убакытты талап кыларын айтты.

“Биз 30 жыл бою документсиз иштеп келдик. Фирмалар Кытайдан, Түркиядан товарлар алып келишчү, алардан эч кандай докумен талап кылынчу эмес. Азыр салыкчылар товардын жаралуу тарыхы тууралуу документти талап кылууда. Ошондуктан, биз салыкчылар менен бирге “Дордойдун” аймагындагы 12 базардын ишкерлерине жаңы салык кодексинин талаптарын түшүндүрүп жатабыз. Алар салыкчыларга өз кирешесин ыктыярдуу түрдө көрсөтүшү керек болот. Мисалы, 8 млндон 100 млнго чейин же андан да көп болушу мүмкүн. Ошого жараша салыктын ставкалары бар. Лицензия сатып алышат жана жеке ишкер болуп катталат. Албетте, татаалдыктар бар, ишкерлер “биз кантип жеке кабинет ачабыз” деп жатышат. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомого өтө көп нааразылыктарын айтышууда. Ага ар бир товарды киргизип турушу керек, анын өзүнчө татаалдыктары болот. Көпчүлүк аны кыйын деп жатышат, муну да түшүнсө болот. Тилекке каршы, үч ай мурун салыкчылар 880 кампаны жаап, документтерин талап кылышты. Кимдир бирөөлөрү документтерин таап көрсөтүүдө, көрсөтө албагандарын жүктүн баасынын 10%ын төлөөгө мажбурлап жатышат”.

2022-жылдын январында күчүнө кирген салык кодексине быйыл апрель айында бир катар өзгөртүүлөр кирген. Ага ылайык, “өзгөчө режимдеги соода зоналары” жана аларга колдонуучу салык режимдери түшүнүгү кирген. “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында стратегиялык маанидеги объект катары өзгөчө салык режимин колдонуу тартиби бекитилген.

Аталган базарларда ишкерлер үчүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүнө жараша салык төлөөнүн 10 тепкичи сунушталууда.

Жаңы режимге ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта аталган базарларда соода ишине патент берүү жоюлат. Ошол эле маалда көзөмөл-кассалык машинаны колдонуу да милдеттендирилбейт. Анын ордуна жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы сунушталып жатат. Салык кызматынын Атайын салык режимин көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Бек Мамадалиев жаңы салык режими тууралуу буларды айтат.

“Өзгөчө салык төлөө режиминин өзгөчөлүгү, салык төлөөчүлөр өздөрүнүн кирешесинин көлөмүнө жараша салык органына өздөрү арыз менен кайрылат. Азыр биздин базарда жүргөн кызматкерлер кайсы субъектинин бир жылдык кирешеси канча болот, ошол боюнча арыздарын кабыл алып иштеп жүрөт. Арыз алганда, кирешеси канча болот, ошого жараша салыгы чыгат. Мунун артыкчылыгы базарда иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык аппараттан бошотулат. Ошону менен катар, сактала турган талап, мисалы ошол базардын ичинде бири-бири менен соода жүргүзсө, анда электрондук эсеп-фактура дагы колдонулбайт. Эгерде ал экспорт кылса же дүңүнөн сыртка сатса, анда электрондук эсеп-фактура жазышы керек. Анткени, андан дүңүнөн алган субъект товарды андан ары сатышы мүмкүн. Ал ошол максатта алат да. Ошондуктан, кимден, канчадан алгандыгы тууралуу товардын тарыхы болушу керек. Анын баары электрондук коштомо кагазында көргөзүлөт. Ушунун баарын так алып жүрүшү керек. Мындай тартип соода тартибинде иштегендерге гана жайылтылат. Бул режимдин тамак-аш саткан, акча алмаштырган же кызмат көрсөткөн өңдүү ишкерлерге тиешеси жок”.

Дордой базары

Патенттин 12 түрү жоюлат

Өкмөт жарыялаган жоюлуучу патенттер тизмеги ишкердиктин 12 түрүн камтыйт. Алар 1-январга чейин салык төлөөнүн жалпы же бирдиктүү режимдерине өтүшү керек. Жыл соңуна чейин патент менен иштеген ишкерлер катталган аймагындагы салык органдарына арыз менен кайрылууга тийиш. Салык кызматы учурда соода иши менен алектенген ишкерлерге жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын он айында 1,7 млрд сомго 780 миңден ашык электрондук патент берилген. Бул ишкер субъектилердин саны эмес, эсептин ичинде патентти бир жолу алып, ошол бойдон токтоп калгандары да болсо, улам-улам узартып жаткандары да бар. Узарткан сайын эсепке кошула берет. Анын ичинен 413 миңи ишкердиктин учурда жоюлуп жаткан 12 түрүнө таандык.

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Эркин Сазыков салык жыйноонун патенттик системасы эгемен Кыргызстандын экономикасынын өткөөл мезгилинде убактылуу колдонгон чара болгонун айтты. Ал система эскирип, жагдай санарип форматка өтүүнү талап кылып жатканын айтты:

Эркин Сазыков

“Арабачы болобу, дүкөндө отурган ишкерби – кирешеси 8 млн сомго чейин болсо, анда ал салыгын төлөбөй эле иштейт. Бирок, эң негизгиси, ККМди колдонушу керек. ККМдин дагы форматтары көп: онлайн ККМ бар – кол телефонуна эле орнотуп алат, кагаз түрүндөгү ККМ бар, азыр гибриддик ККМдер дагы пайда болду. Биз акырындык менен өсүшүбүз керек. Ар бири эле “менин мүмкүнчүлүгүм болбойт, кыла албайм” дебей, үйрөнүшү керек. Биз аларга ККМди сатып ал деп айткан жокпуз. “Ошол эле онлайн ККМди смартфонуңузга жүктөп алыңыз, ошол жерден эле берсеңиз болот” деп жатабыз. Азыр ар бир жарандын уюлдук аппаратында интернети бар. Онлайн-ККМ деген кичинекей, оңой эле программа. Анын электрондук түрдө чек берүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Патенттин бир эле түрү – сатуу жаатындагылары эле жоюлуп жатат. Ал эми дагы жетиштүү эле түрү калып жатат”.

Патенттин негизинде соода кылган жана эмгек кызматын аткарган ишмердиктин түрлөрү бар.

Жалпы салык режиминде ишмердигине жараша мыйзамдарда каралган жалпы негиздеги ставкаларды төлөйт. Бирдиктүү салык салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасы болуп саналат. Эгерде жылдык жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 млн сомго чейин болсо, салык төлөнбөйт. Эгерде 30 млн сомго чейин болсо - 0,5%, 50 млн сомго чейин - 1% төлөйт. Бирок бир талап бар – бирдиктүү салык режиминде иштегендер ККМ жабдыкты колдонууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана дагы бир катар милдеттерди аткарууга тийиш.

2022-жылга чейин патент системасы ыктыярдуу жана милдеттүү патент болуп экиге бөлүнчү. Милдеттүү патент жоюлган соң, ыктыярдуу патент жөн эле патент деп аталып калган. Ал иштин түрүнө жараша "жеке эмгек иши" жана "жеке ишкердик иш" болуп бөлүнөт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, тизмеде патенттин негизинде иштөөнүн 86 түрү камтылган. Анын ичинен 56 жеке ишкердик иш, 30 жеке эмгек иши боюнча болчу.

2022-жылдын башында жаңы Cалык кодекси күчүнө киргенден кийин, патенттин 22 түрү жоко чыгарылган жана жаңы беш түрү кошулган. Учурда патенттик ишмердиктин жалпы 69 түрү бар. Анын ичинен жеке ишкердик боюнча 36, жеке эмгек иши боюнча 33 патент.

2023-жылдан баштап ишкерлер үчүн кагаз документтердин ордуна электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТН) да милдеттүү боло баштаган. Мындай өзгөртүүлөрдөн улам Бишкекте жана айрым аймактарда бир катар нааразылык акциялары болуп өткөн.

Өкмөт салык реформалары көмүскө экономиканы ачыкка чыгарат деген ишеним менен жүргүзүп жатат. Ар бир ишкер өз соодасынын көлөмүнө жараша салык төгүшү керек, сатылып жаткан товардын тарыхы ачык-айкын болушу шарт деген принцип коюлууда.

24-октябрда Нарын шаарында патентти жоюуга нааразы болгон соодагерлер акцияга чыгышкан. Алар бирдиктүү салык режимине өтүп, 0,5% же 1% ставка менен салык төлөөгө каршы болушкан.

Ишкерлер соода жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаганы менен, салыкчылар “ККМди баскан жоксуң, электрондук эсеп фактураларды алган эмессиң” деп, ар кандай амалдар менен айыппулдарды салып, капчыгын какканга аракет кылат деп кооптонушарын билдирген.

“Мисалы, салыкчылар бизди текшериш үчүн атайын кишилерин киргизип турушат. Эгерде кандайдыр бир себеп менен биз ККМ-чекти кеспей калсак, алгач беш миң сом, андан кийин 13 миң сом айыппул салышат экен. Анан биз салыкчыларга “5-13 миң сомду төлөй албайбыз, ме 2000-3000 сомду алып эптеп жаап кой” дейбиз. Салыкчылардын күнү тууйт, коррупция мына ошондон башталат. Андан көрө мурункудай, патент менен эле калганыбыз жакшы. Биздин акчабызды текшергидей алардын кандай акысы бар? Же пайызы жок миллиондоп насыя берип койбосо. Биз азыр насыя ала албай жатабыз, патенттин негизинде иштеп, насыя алып оокат кылчубуз да”, - деген митингге чыккан бир ишкер.

“Биз товарды мамлекеттин чөнтөгүнөн алып көбөйткөн жокпуз да. Биз насыя алып, анын үстөгүн кошуп төлөп товарыбызды көбөйтүп жатабыз. Мисалы, ошол акчаны Жапаровдун же салыктын чоңунун чөнтөгүнөн алган жокпуз да. Өзүбүздүн маңдай тер, эмгек акыбыз менен тапкан нерсебизге кол салгыдай булардын кандай акылары бар?”, - деп суроо салган дагы бир ишкер.

Базарларга салыктын жаңы эрежеси кирет

2022-жылы патент системасын жоюп, соодадагы бардык ишкерлерди көзөмөл-кассалык машинага өткөрүү чарасы Бишкектеги жана аймактардагы бир катар базарлардын соодагерлеринин нааразылыгын тутанткан. Өкмөт өкүлдөрү менен ишкерлердин бир катар талкууларынан соң экономика министрлиги “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына карата өзгөчө режим колдонуу мыйзамы иштелип чыккан. Бирок аталган базарларда патент системасын калтырып, башка жакта соода кылгандарга көзөмөл-кассалык машинасын колдонууну милдеттендирген мамилеге бир катар депутаттар каршы болушкан.

"Ош" базары. Бишкек

Мындан улам Министрлер кабинетинин 4-сентябрдагы атайын токтому менен “Базарлардын жана кичи базарлардын иштешине талаптар жөнүндө” Жобо бекитилген. Ал боюнча базарлардын иштешине, жайгашкан аймактарын тосууга, көрктөндүрүүгө жана жабдууга карата талаптар бекитилген. Ошондой эле базарлардын дирекцияларынын жана соода субъекттеринин милдеттери жана жоопкерчилиги аныкталган.

Жобонун дагы бир пунктуна ылайык, реестрге кирген базарларда эмгектенген соода субъектилерине да патент берүү токтотулуп, жаңы жылдан тарта бирдиктүү салыктын негизинде 0,1% ставка менен салык төлөй башташат. Маселен, эгерде кайсы бир базар өкмөт бекиткен талаптардын баарын аткарса, салык органы аларды анализдеп, экономика министрлигине берет, андан кийин министрлер кабинети бекитип, аларды базарлардын реестрине киргизет.

Эркин Сазыков учурда базарлардын реестрин түзүү иши жүрүп жатканын билдирди:

“Азыркы учурда базарларды реестрге киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Азыр Министрлер кабинетинен “бул базарлар реестрге кирди” деген документ бизге түшө элек. Экономика министрлиги менен салык кызматынын кызматкерлери азыркы убакта базарлардын дирекциялары менен иштеп атат. Алар ушул реестрге кирип калса, 2024-жылдан баштап ошол ставкалар менен иштейт. Ал эми реестрге кирбей калган базарларда иштегендер кирешеси 8 млн сомго чейин болсо, салык төлөшпөйт, 30 млн сомго чейин 0,5% жана 50 млн сомго чейин болсо, 1% төлөйт. Биз “Дордойду”, “Кара-Сууну” же “Мадинаны” гана калтырабыз деп бөлбөйбүз. Реестрге базарлардын баары кириши мүмкүн. Эгерде базарлар Министрлер кабинети тарабынан бекитилген талаптарга жооп берип, реестрге кирсе, анда алар автоматтык түрдө салыкты 0,1% төлөйт. Бардык базарлар кирүүгө укуктуу болот”.

"Өкмөт көмүскө экономика менен алекстенсе болмок"

Айрым эксперттер азыркы өкмөттүн экономикалык саясаты өтө примитивдүү негизде жүрүп жатканын айтышууда. Алар көбүнчө өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун дарегине сын айтып, прогрессивдүү экономикалык көз карашы, инновациялык өнүгүү программасы жок экенин белгилешет. Бюджеттин көлөмүн көбөйтүү жана социалдык-экономикалык турмушка дем берип туруу үчүн барган сайын көбүрөөк салык чогултууга умтулуп жатат дешет.

Экономика жаатындагы эксперт Абдумалик Кудайбердиев өкмөт көмүскө экономиканы оң жолго салууга көбүрөөк күч-кубатын жумшаса болмок деген пикирде:

“Мамлекеттин бюджетин көбөйтөбүз” деген жок ураанды коюп туруп, булар ушинтип элди кыйнап атышат. Мамлекеттин бюджети салыкты көбөйткөндөн өспөйт. Бүгүнкү күндө бизде 80% экономика көмүскөдө. Ошону көмүскөдөн чыгаруу менен бюджет көбөйөт. Атайылап эле элди кыйнап, өздөрүн иштеген сыяктанып көрсөтүш бул. Эч бир туура эмес саясат. Мына азыркы Салык кодексин киргизгенде депутаттар кетип атканда мажбурлап өткөрүшкөн. Өзү кетип аткан депутаттар мындай чоң, стратегиялык документти кабыл албайт да. Көмүскөдө дегени менен, базарда отурган жана башка байкуштар төлөйт, эң негизги байлар салыкты төлөбөйт".

Салык кызматы азыркы учурга карай Кыргызстанда жеке ишкердиктин 300 миң 753 активдүү субъекти бар деп маалымдайт. Анын баары эле патенттик негизде иштебеши мүмкүн, бирдиктүү салык режимине өтүп жаткандары да көп.

Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, жеке ишкерлердин 65,7% соодада жана айыл-чарба багытында эмгектенишет.