Жергиликтүү кеңештерге үгүт кампаниясынын башталганын түн оогондон тарта эле социалдык тармактарда партияларды мактап-жактаган билдирүүлөрдүн көбөйүшүнөн байкоого болот.
Шайлоо өтчү шаарлардын көчөлөрүндө үгүт жарнактары илине баштады.
12-апрелге белгиленген шайлоо өлкөдөгү Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу шаарларында жана 25 айыл өкмөтүндө өтмөкчү.
Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолку үгүт өнөктүгүндө бир катар өзгөчөлүктөр бар экенин эскертти.
Комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мамлекеттик телеканалдар аркылуу партияларды акысыз жарнамалоонун тартиби өзгөрдү:
"Мурда телерадиодо берилген убакыттын үчтөн бири гана дебатка арналса, азыр ошол убакыттын жарымынан көбү талапкерлер катышкан дебаттар болушу керек. Андан сырткары талапкерлер маалымат каражаттары аркылуу, элди чогултуп, жолугушуу өткөрүү аркылуу үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө болот. Ал эми социалдык тармактар аркылуу үгүт иштерин тескегенге жана көзөмөлдөгөнгө биздин техникалык жана башка мүмкүнчүлүк жок".
Бекматов учурда партиялардын бюллетенге жайгашуу тартибин аныктоо боюнча чүчүкулактар өтүп жатканын кошумчалады.
Бул шайлоо эмнеге маанилүү?
Бул шайлоодо негизги көңүл Ош, Токмок, Каракол шаардык кеңешиндеги атаандаштыкка бурулары айтылууда. Анткени, аталган калааларда кайсы саясий күч таасирдүү экени аныкталат жана алдыдагы парламенттик шайлоо үчүн ишеним берет.
Ошондуктан, бул добуш берүү парламенттик шайлоого репетиция же даярдык катары сыпатталып жатат. Дал ушундай өлкө үчүн маанилүү саясий өнөктүктө кандай тобокелдик, кемчилик күтүп турат деген маселе жаралууда.
Үгүт кампаниясы башталардын алдында Ошто жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушкан БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов тобокелдик катары добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстардын колдонулушун атаган.
Буга кошумча адистер криминал жана диний топторду үгүт учурунда пайдаланууну шайлоого таасир эте турган фактор деп аташууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев дал ушул факторлор шайлоонун жыйынтыгына терс таасир тийгизерин парламент жыйынында билдирди:
"Дүйнөлүк классикалык үлгү боюнча шайлоодо үч эле нерсе кармашат. Алар партия лидерлеринин дебаты, шайлоо программасы жана шайлоо долбоору. Кыргызстанда дал ушул үч нерсенин бирөө да жок. Анын ордуна төрт нерсенин күрөшү болуп жатат. Акча, административдик ресурс, молдокелер жана бандиттер. Биз муну менен жакынкы беш-он жылда өнүккөн өлкө кура албайбыз. Шайлоо өткөн сайын, анын баасы кымбаттаганы менен адамкерчилик арзандап бара жатат”.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Ош шаарында административдик ресурсту пайдалануу аракеттери болушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан.
Буга далил катары бийлик колдойт делген "Биримдик" партиясынын штабы жайгашкан имаратка шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилеринин кирип-чыгып жүргөнү тартылган тасма жарыялаган. Бирок "Биримдик" партиясы маалыматты четке каккан.
Мындан сырткары Ош, Токмок, Каракол шаарларына танапташ жайгашкан айылдардын жашоочуларын шаарга алып келип, массалык түрдө каттоодон өткөргөн учурлар аныкталган. Бул көрүнүш абдан кызуу талкууланып, БШК муну мыйзамсыз деп атаган.
Шайлоо - бийлик үчүн сыноо...
Ошол эле кезде эксперттер бул шайлоону адилеттүү, ачык-айкын өткөрүү бийлик үчүн сыноо болорун айтышууда.
Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороевдин баамында, эгер шайлоонун жыйынтыгы ишеним жаратпаса, ар кыл маанайдагы нааразылыкка жол ачышы мүмкүн:
"Бул шайлоолор талаш-тартыш жаратышы толук ыктымал. Биз буга чейин эле бир нече талаштуу маселеге күбө болдук. Мисалы, шайлоочулардын каттоосун өзгөртүү, криминалды колдонуу. Мындай көрүнүш мурда айрыкча Ош, Токмок шаарларында болуп келген. Ошондуктан, бул маселе канчалык таасир этет, аны аралаштырбоого мүмкүнчүлүк жетеби бул бийлик үчүн абдан чоң сыноо".
Дал ушундай шартта партиялар үгүт өнөктүгүндө кандай ыкмага көңүл бурат, эмнеге басым жасайт деген суроо кызыгуу жаратууда.
Учурда партиялардын шаардык кеңештерге тизмелери жана программасы расмий түрдө жарыялана элек. БШК жакынкы күндөрү өз сайтына жайгаштыра турганын убада кылды.
Саясий пиар боюнча адис Азим Азимов шайлоочулардын арасында суроо-талап, күтүүнү төмөнкүчө тизмектеди:
"Кыргыз коомунда өзгөрүүгө, реформага, кандайдыр бир жаңы адамдардын келишине талап бар жана ошону күтүп жатат. Бирок жарышка чыккан партиялар ушул нерселерди бере алабы бул чоң суроо. Анан өзгөрүүнү убада кылган партияга эл ишенеби? Ал да өзүнчө чоң маселе. Менин пикиримде, үгүт иштерине партиялардын убадалары же программасы чоң деле ролго ээ болбойт. Тилекке каршы, саясий партиялар активдүү колдончу ыкма добуш сатып алуу болот. Айрым эксперттер жана партиялар менен иштешип жаткан адамдардын айтымында, учурда бир добушту 5000 сомго чейин баалап, сатып алууга даярданып жаткан саясий күчтөр бар экен".
Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга жалпы 22 партия катышууда. Алардын ичинен төрт партия: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" шайлоо өтчү бардык шаарларда талапкерлерин чыгарган. Бул партиялардын баары учурдагы бийликке жакын саясий күчтөр катары сыпатталып келет. Ал эми буга чейин тажрыйбалуу саналган "Республика", "Ата Мекен", "Ак шумкар", "Замандаш", "Бир Бол" сыяктуу партиялар бирден гана шаарда саясий жарышка чыкты.
Ал эми Кыргыз Либерал-демократиялык партиясы, "Бирик", "Улуу Журт" сыяктуу жаңы партиялар жергиликтүү шайлоодо багын сынап жатышат.
Учурда президенттин саясатын сынга алган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы бул шайлоого катышкан жок. Аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров добуш берүүнүн калыс өтөрүнө көзү жетпесин буга чейин билдирген.
Беш шаардык кеңештен башка өлкө боюнча 12-апрелде 25 айылдык кеңешке шайлоо өтөт. Алар үчүн үгүт өнөктүгү 23-мартта башталат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.