Памирден Алайга келген боордоштор

Абдулнасир Эмин уулунун үй-бүлөсү. Азыркы аялынан (Шаарбүбү) үч баласы, мурдагы аялынан үч баласы бар. Бир уулун үйлөндүрүп, Памирде калтырган.

Абдулнасир Эмин уулу 46 жашта. 

Шаарбүбү Шажан кызы 40 жашта.  Абдулнасирдин жубайы.

Турдубек Шамиридин уулу 19 жашта.

Памирлик кыргыздардын дасторкону нан, кант жана чай менен гана чектелет. Бирок өкмөт макарон жана күрүч менен камсыз кылганын айтышты.

Ооганбек Зайир уулу 47 жаштамын. Жубайы алты баласы менен келген.

Эркек кишилер менен чоң балдар өзүнчө, аялдар, кыздар жана жаш балдар өзүнчө мектепке катташат. Алардын баары орус тамгаларын (кирилица) тааныбагандыктан класстарга бөлүнгөн эмес.

Шамиридин Абдулазиз уулу 40 жашта Чоң-Памирде туулуп, кийин Кичи-Памирге келип отурукташып калышкан. Эки уулдун атасы, бир уулунун жол акысына каражат жетпей Памирде калтырууга аргасыз болгон.

Муса Абдулнасир уулу жети жашта. 1-класста окуйт.

Гүлчийра Абдулнасир кызы беш жашта. 

Абдылкайым Насир уулу 23 жашта. Алты бир тууганы жана ата-энеси менен келген.

Алар үчүн Алайдын Талды-Суу айылынан бир гектардан ашык жер бөлүнүп, апрель айынан тарта үй курула баштайт.

Өткөн жылдын аягында Ооганстандан он үй бүлө өз демилгелери менен көчүп келген.